Линктер

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн светтик мүнөзүн бузууга жол берилбей турганын жана дин ишмерлеринин саясатка кийлигишүүсүнө каршылыгын билдирди.

Коомчулукта талкуу жараткан жума намаз үчүн эс алуу убактысын узартуу демилге боюнча президент пикирин айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев 10-июнда депутат Жанар Акаев, муфтий Максатбек ажы Токтомушев, муфтияттын аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, блогер Алия Суранова жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алып, аталган мыйзам долбоор тууралуу өз пикирин билдирди.

Жолугушууда өлкө башчысы Кыргызстанда дин тутууга чектөө жана жарандардын жума намазга барышына тоскоолдук жок экенин белгилеп, бирок аша чабууга болбой турганын эскертти.

Өткөн жумада Оштогу жыйынга келген чүмкөнгөндөрдүн сүрөтү талкуу жараткан.

Өткөн жумада Оштогу жыйынга келген чүмкөнгөндөрдүн сүрөтү талкуу жараткан.

Жолугушууда эмнелер айтылганы тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

- Президент бардык иште аша чапкандык жарабай турганын айтып, диний догмаларды сокурлук менен ээрчүүнүн арты айрым араб өлкөлөрүн эмне кесепеттерге алып келгенин жана мындай чакырыктар түптүз ИГИЛге жол ачарын баса белгиледи. Мамлекеттин светтик мүнөзүнүн конституциялык принцибин бузуу жол берилгис экенин айтты. Кыргызстанда ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берүүгө болбойт. Акыркы демилгеге байланыштуу талкуулар маалында сезимди козгогон диний чакырыктар айрыкча ыйык Орозо айында жол берилгистигин белгиледи.

Президенттин маалымат кызматы тараткан сүрөттө жолугушууда коомчулукта кызуу талкууланган өткөн жумада Ош шаарындагы чүмкөнгөн кыздардын жыйынынан сүрөттөрдү көрүүгө болот. Буга караганда сөз жалпы диний кырдаал жөнүндө болгондой.

Президент менен жолугушууга келгендер. 10-июнь

Президент менен жолугушууга келгендер. 10-июнь

Жолугушууга катышкан эксперт Нурлан Исмаилов коомчулуктагы талкуу жараткан маселени муфтият баш болгон тиешелүү органдар өз убагында чече албаганы үчүн президент өз пикирин айтууга аргасыз болду дейт:

- Президент акырында кийгилишти. Ага чейин эле муфтият өз позициясын аныкташы керек болчу. Себеби, ашыкча сөздөрдү айткан адамга карата же ушундай сөзү айткандарга муфтият өз ичинде тартип орнотуш керек эле. Тартипке чакырыш керек болчу. Диний негизде мындай окуянын кайталанбашы үчүн моралдык, этикалык эрежелерди орнотушу керек болчу. Бирок андай кыла алган жок.

Буга байланыштуу Исмаилов муфтият жана башка органдардын өз ишин мыйзамдын жана коомдун баалуулуктарынын негизинде алпарып, мындан ары кайталанбашы үчүн бардыгы сабак алышы керектигин кошумчалады.

Ал эми белгилүү теолог Кадыр Маликов мыйзам долбоордун айланасындагы талаштын жаралашы өлкөдө диний жаатта курч маселелер бар экенин көрсөткөнүн билдирүүдө. Анын айтымында, коопсуздук маселелери курчуп, дүйнөдөгү диний кырдаал олку-солку болуп турган чакта маселени улам-улам ырбатпастан, биргеликте чечүү зарылдыгын айтууда:

- Бүгүн президент баш болуп, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракет жетишсиздей сезилип жатат. Себеби, акыркы күндөрдөгү окуялар көрсөткөндөй өлкөдө диний кырдаалды козутууга даяр күчтөр бар экен. Алар социалдык тармактарда отуруп алып, бири-бирине кайраштырып жатышат. Ошондуктан, бул маселени улам-улам көтөрбөстөн, аны сабырдуулук менен чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Азыркыдай Орозо айынын тушунда агрессивдүү болуп, абалды курчутуу мусулмандарга такыр жарашпаган нерсе.

Жума намаз үчүн эс алууну узартууну караган мыйзам долбоордун айланасындагы талкуулар ушул апта башында демилгени Жогорку Кеңештеги социалдык комитетте каралганда башталган. Анда мыйзам долбоорду көпчүлүк комитеттин мүчөлөрү колдошкон эмес.

Буга нааразы болгон экс-муфтий Чубак ажы Жалилов мыйзам долбоорду колдобогон депутаттарды орой түрдө “динге каршы чыкты” деп айыптаган. Мындан кийин анын билдирүүсүн "экстремисттик чакырык" деп баалап, диний кастыкты козуткан деген берене менен иш козголушун талап кылып чыккандар болгон. Мындан соң Улуттук коопсуздук комитети Чубак ажыга расмий түрдө эскертүү берген.

Аталган мыйзам долбоордун демилгеси Тазабек Икрамов бул демилгени артка кайтарбай турганын, бирок коомдогу пикирлерди эске алуу менен толуктап чыгууга даяр экенин билдирүүдө:

- Бул мыйзам долбоор артка кайтарылбайт. Себеби, мыйзам долбоор керек деп ойлойм. Бирок комитетте кайра карап чыгууга даярбыз.

Икрамов бул мыйзам долбоорду парламенттин жалпы жыйынына кийинки аптада алып чыгууну пландоодо.

Бирок коомдогу акыркы талкуулар жана президенттин пикиринен соң бул демилгесин парламент колдошу кыйын деген пикирлер айтылууда. Акыркы кырдаалды эске алганда мыйзам долбоор парламент тарабынан колдоо табышы кыйын экени байкалды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG