Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Казакстан аза күтүүдө


9-июнь - Казакстанда Актөбө окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланды.

Президент Нурсултан Назарбаев Актөбөдөгү кандуу чабуулдар боюнча элге кайрылып, курал көтөргөн экстремисттер өлүм жазасына тартылышы керектигин айтты.

5-июнда Казакстандын Актөбө облусундагы атышууда бейкүнөө каза тапкандарды бүгүн бүткүл өлкө боюнча аза күтүп эскеришүүдө. 5-6-июндагы атышуулардан үч күч кызматкери жана төрт жөн-жай тургун курман болгон. 8-июнда президент Назарбаев өз элине кайрылып, бөөдө каза тапкан жети адамдын жакындарына көңүл айтты.

- Мен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө тууган-уругуна чын жүрөгүмдөн көңүл айтам. Каза тапкан күч кызматкерлер Мекен алдындагы антына адал болуп, эл коопсуздугу үчүн өчпөс эрдик көрсөтүштү. Алардын эрдиктери мамлекет тарабынан татыктуу бааланат. Андан сырткары төрт азамат кайтыш болду. Алар Актөбөнүн тургундары. Ошондуктан мен 9-июнду жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм.

Назарбаев элге кайрылуусунда шаарга чак түштө чабуул жасаган жоочуларды айыптап, элге ок аткандарга эң жогорку жаза – өлүм жазасын чегерүү керек деп айтты.

- Биздин укук коргоо кызматкерлерибиз чоң коркунучтун мизин кайтарды. Террористтердин көпчүлүгүнүн көздөрү тазаланды. Бир катары колго түштү. Калгандарын коопсуздүк күчтөрү кармап жазасын берет. Алар мыйзамдын эң катаал өкүмү менен жазага тартылат. Колуна курал алып киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылышы керек. Эл тынчтыгын сактабасак эгемендигибизге доо кетет.

Эскерте кетсек, Казакстанда 2003-жылдан тарта өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизилген.

Аза күтүүгө байланыштуу туулар түшүрүлгөн
Аза күтүүгө байланыштуу туулар түшүрүлгөн

Ушул тапта чак түштө чуу салгандардын жетөө кармалып, дагы ондон ашык шектүү адамга издөө жарыяланды. Актөбөдөгү окуядан кырктай киши жаракат алган.

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Галым Бокаш бийлик "диний радикал топтор уюштурган" деген куралдуу чабуулдар көп суроолорго жем таштаганын айтат.

– Бийлик айтып аткан диний радикалдар эмне үчүн өлкөдөгү жер реформасы боюнча нааразылык митингдеринен кийин баш көтөрдү? Албетте, алардын өлкөдө бар экенин, алар азыр дымып жатканын эч ким жокко чыгарбайт. Бирок алар эмнеге ушундай аракеттерге барды? Неге алар аскердик имараттарга кол салганга батынды? Алар эмнеге ишенди? Бул эмнеден кабар берет? Бул топ кандай уюм, максаты эмне деген суроолорго жооп болмоюнча калк арасында күдүк ойлор көп.

Актөбөдөгү окуяда каза тапкан аскер кызматкерлери
Актөбөдөгү окуяда каза тапкан аскер кызматкерлери

Куралдуу топтун мүчөлөрү шаардагы курал саткан эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын имаратына кол салышкан. Актөбөдө күч кызматтары менен куралдуу топтордун атышууларында чабуул койгондордун 13ү жок кылынды. Кайдан чыкканы так белгисиз отуздай киши Казакстанды коопсуздук чараларын эң жогорку деңгээлге көтөрүүгө аргасыз кылып, өлкөдөгү бардык курал сатуучу дүкөндөр белгисиз мөөнөткө чейин жабылды.

Актөбө Казакстандын Орусия менен чек арасынан 100 чакырымдай алыс жайгашкан. Бул өнөр жайлуу шаарда 400 миңге жакын калк жашайт. Казакстан бийликтери 5-июнь күнкү кол салууда өмүрү кыйылгандардын үй-бүлөлөрүнө бир миллион теңгеден компенсация төлөөнү убада кылышууда.

2011-жылы Актөбөдө Казакстандагы алгачкы жанкечтинин жардыруусу катталган болчу. Азыркы кол салуулар менен атышуулар Казакстанда жакында жер мыйзамы боюнча нааразылык акциялар өткөндөн кийинки учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG