Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:59

Актөбө “терроруна” катышы барлар изделүүдө


Актөбө, Казакстан
Актөбө, Казакстан

Казакстандын Актөбө шаарында бийликтер диний радикалдардын кол салуусу катары мүнөздөп жаткан окуяларга катышы бар деп шектелген ондон ашуун адамга издөө салынды.

Бул шаарда террор коркунучунун эң жогорку - кызыл деңгээли сакталууда, ал өлкөнүн калган аймагында кырк күндүк мөөнөт менен террор коркунучунун төмөнкү – сары баскычы киргизилген.

Казакстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, 7-июнь күнү Актөбөнүн аймагында эч кандай атышуу болгон жок. 5-июнь күнкү кол салуулардан кийин бүткүл Актөбө облусунун аймагында өчүрүлгөн интернет байланышы кечээтен тарта калыбына келди.

Бирок маанилүү жана стратегиялык деп саналган жайлар күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жатат.

Ал эми апта башындагы куралдуу кол салуу жана андан кийинки атайын операция учурунда мерт болгон адамдардын саны, 7-июндагы расмий маалыматка караганда, 21 адамга жетти.

Алардын 13ү кол салгандардын өздөрү, дагы 40тай киши жаракат алды. Бийликтер мындан сырткары куралдуу кол салууга катышы бар деп шектелген ондон ашуун адамга издөө жарыялады:

- Тышкы фактору, тышкы юридикалык аракеттерге караганда, бул куралды ээлеп алуу. Эң биринчи кезекте алар куралды дүкөндөрдөн алууну көздөшкөн. Андан кийин барып, дагы олуттуураак курал алуу үчүн Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө барышты. Биз дароо эле булар салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары деп айттык. Албетте, бул кылмыштын алдында алар чогулуп, талкуулашып, пландашкан. Ал жерде болгондордун бир бөлүгү кайра мындан баш тартышкан. Биз азыр алар кантип чогулганын, кантип макулдашканын, кантип барышканын билебиз, - дейт казак ички иштер министри Калмуханбет Касымов.

Бийликтер Актөбөдөгү кол салуу жана атышуулар учурунда мерт болгон күч кызмат өкүлдөрүнүн, жайкын тургундардын, издөө салынгандардын ысымдарын ачыкка чыгарды.

Бирок өлтүрүлдү делген куралчандардын өздүгү жана тек-жайы азырынча айтылган жок.

Актөбө окуяларын азырынча президент Нурсултан Назарбаев да комментарийлей элек.

Президенттин “Нур-Отан” партиясынын төрага орун басары Мухтар Кул-Мухаммеддин айтымында, бийликтеги партия азыр бир катар жооп чараларды караштырып жатат, анын ичинде курал саткан дүкөндөрдү жабуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгат.

Бул аралыкта кечээ Алматынын курал саткан дүкөндөрү жабылып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү:

- Азыр баары көзөмөл астында. Бирок эң башкысы бир нерсени эстен чыгарбоо керек. Актөбөдө кол салууну жасагандар биздин арабызда коркунуч жана ишенимсиздикти жаратуу максатын көздөшкөн. Биз болсо мындай болбой турганын көргөзүшүбүз керек,- деди Алматыдан курал саткан дүкөндөрдүн биринин директору Владислав Беме “Азаттыктын” кабарчысына.

Актөбө Казакстандын Орусия чек арасынан 100 чакырымдай алыс жайгашкан.

Бул өнөр жайлуу шаарда 400 миңге жакын калк жашайт. Бийликтер 5-июнь күнкү кол салууда өмүрү кыйылгандардын үй-бүлөлөрүнө бир миллион теңгеден компенсация төлөөнү убада кылышууда.

2011-жылы Актөбөдө Казакстандагы алгачкы жанкечтинин жардыруусу катталган болчу.

Азыркы кол салуулар менен атышуулар Казакстанда жакында жер мыйзамы боюнча нааразылык акциялар өткөндөн кийинки учурга туш келди.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG