Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Актөбөдөгү атышууларда 17 адам мерт кетти


Чабуул маалында көчөдөгү камера тарткан видеодон сүрөт. Ютуб каналынан алынды.
Чабуул маалында көчөдөгү камера тарткан видеодон сүрөт. Ютуб каналынан алынды.

Актөбөдөгү атышуулардан жалпы каза тапкандардын саны 17 адамга жетти. 6-июнда Казакстан Актөбөдөгү чабуулдан кийин коопсуздук чараларын жогорку деңгээлге чыгарды.

Актөбөдө 5-июнда эки курал саткан дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө жасалган чабуулдан жана андан кийинки күч түзүмдөрү жүргүзгөн операциялар учурунда каза тапкандар саны 17 адамга жетти. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Жаракат алгандардын саны 13 киши экени айтылды.

Ал ортодо 6-июнда Казакстан коопсуздук чараларын жогорку деңгээлге чыгарды. Мындай чара экстремисттик диний агымдын мүчөлөрү деп шектелгендер 5-июнда алты адамды өлтүрүп, эки тапанчаны ок-дарысы менен алып кеткенден кийин көрүлдү. Коопсуздук күчтөрү антитеррордук операция өткөрө баштады. Актөбө, Алматы, Актау, Астана жана башка ири шаарларда курал сатуучу дүкөндөр жабылып, катуу кайтарууга алынды. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал дүкөндөрдүн качан ачылышы белгисиз экенин кабарлады.

Актөбөдө түнү беш жоочу өлтүрүлдү

Дагы эки жоочу Актөбө шаарынын түндүк-батышында кармалды. Бул тууралуу Казакстандын полициясы кабарлады. Министрликтин 6-июндагы маалымдашынча, “Актөбөдө кырдаал туруктуу, ишкана жана коомдук транспорт өз нугунда иштеп жатат”. Бийликтегилер кол салгандар диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү болуш мүмкүндүгүн айтып, чабуулдан кийин антитеррордук операцияны башташкан.

5-июнда Актөбөдө курал сатуучу эки дүкөнгө жана аскердик бөлүккө чабуул бир убакта жасалды. Биринде күзөтчү жана дүкөн кызматкери өлтүрүлүп, полициянын үч кызматкери жарадар болгон. Экинчи чабуулда дүкөндөгү кардарды атып салышкан. Коопсуздук күчтөрү келип кол салгандардын үчөөнү жок кылганын Ички иштер министрлиги кабарлады. Дагы бир топ автобус менен Улуттук гвардиянын дарбазасын сүзүп кирип, ал жердеги атышууда үч аскер, кол салгандардын бири окко учкан.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Алмас Садубаев кол салгандардын төртөө өлтүрүлүп, жетөө кармалганын, бир тобу эркиндикте экенин билдирди.

5-июндагы чукул маалыматтар

Жекшемби күнү Казакстандын Актөбө облусунун админстративдик борбору - Актөбө шаарында белгисиз адамдар курал саткан эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салган. Андан бир канча адам каза тапканын 5-июнда Казакстан ИИМинин атайын өкүлү Алмас Садубаев журналисттерге билдирген.

- Актөбө облусунун полиция бөлүмүнө курал саткан “Паллада” дүкөнүнө кол салуу болгону боюнча маалымат келип түшкөн. Ошондой эле дагы бир курал саткан дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салуу болгону белгилүү болду. Кол салуу учурунда “Паллада” дүкөнүнүн сатуучусу каза таап, дагы бир киши жаракат алды. Ал эми аскер бөлүктөгү окуяда бир офицер жана бир жоокер каза тапты. Мындан тышкары тогуз аскер жаракат алган, - деди Алмас Садубаев. Ошондой эле ал:

- Кол салгандардын бири колго түшүп, үчөө окко учту, бирөө жаракат алды. Бир нече кылмышкер курчоого алынып, кол салууга катышкан бир нече адам из жашырып кетти. Аларды издөө иштери жүрүүдө, - деп кошумчалады.

Видеону жергиликтүү тургундар YouTube каналына жүктөшкөн

Казакстандын Ички иштер министрлиги Актөбөдө антитеррордук операция жарыялады жана элди көчөгө чыкпоого чакырууда.

Казакстандын “Диапазон” гезити күбөлөргө таянып маалымдагандай, атышуу түшкү саат экилерде башталган. Белгисиз топ курал сатчу дүкөндөргө бастырып кирип, тоноп кеткен. 24-30 жаштын тегерегиндеги жигиттер полиция бөлүмүнө, аскер бөлүгүнө чабуул коюп, айрымдарды барымтага алганы да кабарланган.

Видеону жергиликтүү тургундар YouTube каналына жүктөшкөн

​Тартип коргоо органдары Актөбөдө жолдорго бекет коюп, автоунааларды текшерүүдө.

Маалыматтар боюнча Актөбөнүн үч районунда - бешинчи микрорайондо, филармония жана “Паллада” курал сатуучу дүкөнүнүн айланасында атайын операция жүрүүдө. Ички иштер министрлиги “Азаттыктын” казак кызматына атышууну ырастап, бирок кеңири маалымат берүүдөн баш тарткан.

Видеону жергиликтүү тургундар YouTube каналына жүктөшкөн

Актөбөдөгү атышуунун күбөсү, атын атабаган адам көргөнүн мындайча айтып берди:

- Мына ушул тарапка чуркап келип, акыркы машинага жашынып, атып жатты. Андан кийин тиги тарапка житип кетти.

Казакстандыктар Актөбө шаарында 2011-жылы да атышуу болгонун эске салышууда. Анда 10-июнда шаардагы Жуковск жана Акимжанов көчөсүнүн бурчунда белгисиз адамдар "Мазда" автоунаасынын жүргүнчүсү, 22 жаштагы Нурлан Темировго кол салган. Ал октон көз жумган. Кылмыш иши козголуп, Актөбө облусунун сегиз тургуну 4 жылдан 19 жылга чейин кесилген. Алар терроризм жана мыйзамсыз курал, жардыргыч зат алып жүрүү беренелери боюнча айыпталган.

Казакстанда жаз айларында жердин узак мөөнөткө чет өлкөлүктөргө ижарага берилишине каршы нааразылык акциялары орун алган. 21-майга белгиленген жалпы улуттук митинг тартип коргоо органдарынын алдын ала көргөн чараларына байланыштуу болбой калган. Казакстандык укук коргоочулар жана жарандык активисттер 21-майга чейин жана андан кийин адамдарды негизсиз камоо жана кармоолор болгонун, бул адам укуктарын бузуу экенин билдирип келатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG