Линктер

Жогорку Кеңеш комитети мамлекеттик карыздын чегин алып салууну караган мыйзам долбоорду жактырды. Мындай демилге тышкы карыздын көлөмү мыйзамдагы чектен ашып кеткен соң иштелип чыкты.

Мамлекеттик карыздын чегин алып салууну караган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген долбоорду ушул аптада парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитети экинчи окууда жактырды. Ага ылайык, мурдагы мыйзамдагы өлкөнүн ички дүң продукциясына карата 60 пайыздык чек жокко чыгарылат. Мындай чара учурдагы мамлекеттик карыздардын көлөмү бул чектен ашып кеткенине байланыштуу иштелип чыкты.

Ушу тапта мамлекеттик карыздын өлчөмү 3 миллиард 805 миллион долларды (288 млрд 803 млн. сом) түздү же ички дүӊ продукцияга карата 68,2 пайызга жетип, көрсөтүлгөн чектен ашып кеткен.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрага орун басары Улан Примов мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн муктаждыгын төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Буга чейин Жогорку Кеңеш Бюджеттик кодексти кабыл алып, президент кол койду. Ал 2017-жылдын 1-январынан тарта күчкө кирет. Ал Бюджеттик кодексте карыз боюнча анын көлөмү, эл аралык нормаларга ылайык жүргүзүлөт деп даана жазылган. Мындайча айтканда, атайын чек менен белгиленбестен, жыл сайын бюджет кабыл алынып жатканда тышкы карыздын көлөмү бекитилип турмакчы.

Өкмөт жана Жогорку Кеңештин депутаттары мындай практика көпчүлүк өлкөлөрдө колдонуп келгенин негиз катары көрсөтүүдө.

Мындай мыйзам долбоордун талкууга коюлушу коомчулукта ар түрдүү пикирлерге жол ачууда. Айрымдар мамлекет карыз алуудан тартынбай, өлкө экономикасы үчүн жумшашы керек деген пикирди айтышууда.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Бюджет боюнча комитеттин мурдагы төрагасы Курманбек Дыйканбаев мыйзамга өзгөртүүлөрдү колдойт. Анын жүйөсүндө, учурда эл аралык финансы уюмдарынан насыяларды алуу менен ири долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн болууда:

- Мыйзамды өзгөртпөсө, карыздын көлөмү чектен ашты деген жүйө менен Кыргызстанга келчү инвестициялар токтоп калат. Биз насыяларды алуу менен бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатпайбызбы. Мисалы, канчалаган жолдор салынып жатат. Эгер жолдор салынбаса эл нааразы болот. Акыркы жылдары насыялардын эсебинен энергетика тармагы жаңыртылып жатат. Элдин колунда көптөгөн каражат жүрөт. Максаттуу пайдалануу менен насыяларды ала беришибиз керек.

Бирок Дыйканбаев учурда Кыргызстан алган насыялардын көпчүлүгү мамлекеттин кепилдиги алдында алынганын белгилеп, өкмөт бул ишке этияттык менен мамиле кылышы керек деген пикирде.

Ошол эле учурда мамлекеттик карыздын чегин алып салуу сырттан келген каражатты максатсыз пайдалануу менен тышкы карыздын көлөмү кескин көбөйөт деп чочулагандар бар. Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев мындай жол менен алынган каражаттын баркы болбой, күнүмдүк керектөөлөргө коротулушу мүмкүн дейт:

- Бул коркунучтуу нерсе. Жыл сайын өзгөртө берсе андай мыйзамдын эмне кереги бар? Талапка жараша ар бир бийлик өзүнүн керектөөлөрүн канаатттандыруу үчүн корото берет. Ысырапкорчулукка жол ачылат. Мындан сырткары ар бир келген өкмөт кыска кызыкчылыктар үчүн карыз алып, оңой эле ашыкча коротууларды кыла бериши мүмкүн.

Ошондой эле Үмөталиев мамлекет үчүн алынган карыздар бийликке келген топтордун жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланылышы мүмкүн деп чочулап жатат.

Өкмөт берген маалыматы боюнча учурда мамлекеттик карызы 288,8 млрд. сомду (3,8 млрд. доллар) түздү. Анын ичинен тышкы карыз 273 млрд сом, жалпы карыздын 95% түзсө, ички карыз 15,5 млн сом (204,0 млн доллар) болуп, жалпы карыздын 5% түзгөн.

2015-жылга жалпы мамлекеттик карызды төлөө үчүн 14,3 млрд сом каралып төлөнгөн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG