Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Актөбөдө каза болгондор жерге берилди


Анрей Максименко өз туулган күнүндө жерге берилди.
Анрей Максименко өз туулган күнүндө жерге берилди.

Актөбөдө 5-июнда куралдуу кол салуу учурунда каза тапкан үч киши жерге берилди. Алардын баары карапайым жарандар болчу. Ал эми куралчан топтун мүчөлөрүнүн сөөгү туугандарына бериле элек.

Актөбөдө 5-июнда курал дүкөнүнө кол салуу учурунда каза болгон Андрей Максименко, Николай Онищенко жана Михаил Матросовдун сөөгү 8-июнда жерге берилди. Кол салган топ андан кийин автобусту күч менен тартып алып, Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө кол салган.

Андрей Максименко

Ок тийип, мерт кеткен 44 жаштагы Андрей Максименко 8-июнь күнү өзүнүн туулган күнүндө жерге берилди.​

- Андрей мүнөзү жакшы, элпек, түз жүргөн бала эле. Караган сайын жагымдуу туюлчу. Колунан баары келчү. Электр жабдыктары бузулса эле ага жардам сурап кайрыла берер элек. Эч кимге жок дечү эмес, баарына колунан келген жардамын көрсөтчү, - дейт маркумдун кошуналары Елена менен Виктор Уделя.

Курал саткан дүкөндөн Андрейдин сөөгүн алып чыгууда
Курал саткан дүкөндөн Андрейдин сөөгүн алып чыгууда

Андрей Максименконун сөөгү өлүкканадан “Паллада” дүкөнүнө алып келинди. Маркумду акыркы сапарга узатууга анын жакындары, достору жана жүздөгөн шаар тургундары келишти. Ал учурда куралчан сакчылар баарына сырттан көз салып турушту.

Акыркы сегиз жыл бою Андрей Максименко Актөбөнүн борборунда жайгашкан 12 кабаттуу имараттын 1-кабатындагы “Паллада” дүкөнүндө эмгектенип келген.

Николай Онищенко

Ошол эле үйдүн үчүнчү кабатында курман болгон пенсионер Николай Онищенко жашачу.​

- 5-июнь күнү Коля үйүнө өзүнүн автоунаасы менен келип, аны балкондун алдына токтотуп койгон. Ошол учурда “Палладаны” тоногон террористтер чуркап чыгып, автоунаасын тартып алуу максатында жүрөк тушка бир нече жолу бычак сайышты. Мунун баары Колянын балкондо турган жубайы Галина Степановнанын көз алдында болуп атты. Ал эмне болуп жатканын түшүнүп, өзүнө келгенде гана тез жардам чакырды. Тез жардам кечигип жатканына байланыштуу Николай Онищенко ооруканага өзүнүн Chevrolet Niva үлгүсүндөгү автоунаасы менен жеткирилген, - дейт маркумдун досу Виктор Фишер.

Маркумдун эжеси Вера Мищенконун айтымында, Николай Онищенко ооруканада туулган күнүнө үч саат жетпей көз жумган. 6-июнда ал 69 жашка чыкмак.

- Былтыр Коля жүрөгүнөн инфаркт алып, аз жерден аман калган. Бирок бешенесине ушундай тагдыр жазылган экен, аны жүрөккө сайып өлтүрүштү. Ал ооруканага чейин эле үч литр кан жоготуптур. Кең пейил эле. Кеңеш, жардам сурап кайрылып турчубуз. Эми эмне кылабыз?, - деп ыйлайт Вера Мищенко.

Пенсия курагына чыгып калган электромонтер Николай Онищенконун артында жубайы, уулу жана небереси калды.

Михаил Матросов

Ошол эле күнү 35теги Михаил Матросов да жерге берилди. Ал агасы Виктор менен ошол учурда курал саткан “Паллада” дүкөнүнүн ичинде болчу. Михаил бөйрөк тушка бычак жеп, андан соң төшүнө ок тийген. Ал ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн.

32 жаштагы Меирхан Тажибаев аттуу кароол кызматкери 5-июнь күнү сигнал берилер замат “Паллада” дүкөнүнө жетип келген. Ал 7-июнь күнү жерге берилди. Анын атасы Есенбай Тажибаев 5-июнь күнү Меирхан үчүн дем алыш болгонун айтат. Бирок кесиптешинин ордуна жумушка чыгып, кайра кайтпай калган.

Кармалгандар тууралуу билдирүү

"Куралдуу топтун мүчөлөрүнүн сөөктөрү туугандарына алигиче бериле элек” деп билдирди Актөбө облусунун акимиат аппаратынын жетекчисинин орун басары Ернур Бурхан. Анын берген маалыматына ылайык, Актөбөдөн 110 чакырым алыс жайгашкан Кобда айылында шектүү делген жети адамдын бири таңкы саат алтыда кармалган. Анын тек-жайы тактала элек, аты-жөнү тергөө кызыкчылыгы үчүн ачык айтылбайт. Актөбөнүн айрым тургундары шектүү делген жарандарга окшоштор жөнүндө билдирүүлөрдү полицияга жиберүүдө.

Актөбөдөгү кол салуу болгон 6655 аскердик бөлүгүндөгү аза күтүү.
Актөбөдөгү кол салуу болгон 6655 аскердик бөлүгүндөгү аза күтүү.

- Эртең менен жумушка баратып, Санкибай-батыр көчөсүндөгү “Акбөбөк” окуу борборунун жанынан бир эркек кишини көрдүм. Ал көк көйнөк, көк жынсы шым кийип өтүп бараткан экен. Колуна оор баштык кармап алган. Эки жакка алаңдап карап баратканын байкадым. Мен аны жакшылап караганымда, ал мага Дмитрий Танатаровдой көрүндү. Кечээ күнү эле маалымат каражаттарынан, социалдык тармактардан ориентировка берип жатышкан. Мен дароо артка кайтып, полицияга чалдым. Полиция кызматкерлери тез арада эле келип, менден түшүнүк кат жаздырып алышты. Алар мага дагы үч киши чалып, дал ушул жерден Дмитрий Танатаровду көргөнүн билдиришкенин айтты. Андан соң полиция кызматкерлери шектүүнүн изин кууп кетишти, - деди шаар тургуну Юлия Минина.

Учурда Актөбөдө террористтик коркунучтун “кызыл” даражасы күчүндө. Расмий маалыматка ылайык азыркы учурда куралдуу кол салууга шектүү делген дагы алты адам эркиндикте жүрөт жана алардын жанында курал-жарак бар.

XS
SM
MD
LG