Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

Турсунбек Акун: 30 жыл мурдагы КДК элдин терең ишенимине кирген


КДКчылардын ураандарынын бири. 1991-жыл.
КДКчылардын ураандарынын бири. 1991-жыл.

СССРдин «Кайра куруу» доорунун соңку жылдары уюшулган "Кыргызстан" демократиялык кыймылынын (КДК) түзүлгөнүнө 30 жыл болгонуна байланыштуу азыркы тапта КДКны кайра жандантууга аракет кылып жүргөн саясатчы, мурдагы Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун кайрылуу таратты.

Кайрылууда 1990-жылы 25-26-майда Кыргызстандагы алкачкы демократиялык уюмдар биримдиги болуп эсептелген КДКнын түзүлүш таржымакалы жана быйыл коронавируска байланыштуу анын 30 жылдыгын расмий белгилөө мүмкүн болбой калгандыгы айтылат.

Акыйкатчы Турсунбек Акун «Азаттыктын» студиясында. 7-октябрь, 2010-жыл.
Акыйкатчы Турсунбек Акун «Азаттыктын» студиясында. 7-октябрь, 2010-жыл.

Турсунбек Акун: «Ошол кездеги күчтүү Компартияга атаандаш күч катары 1990-жылы эң алгач «Кыргызстан» Демократиялык Кыймылы (КДК) түзүлдү. КДК түзүлөрү менен демократиянын зарылдыгы, адам укуктарынун корголушу, сөз эркиндигинин камсыздалышы тууралуу ачык сөздөр болуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынып, бир партияга баш ийип көнүп калган элдин арасы уйгу-туйгу боло баштады. Компартиянын зордук-зомбулугунан тажаган, саясий укуктары тебеленген элдердин бардыгы агылып, КДКга келе баштады. Ошол кезде КДК карапайым эл ишенген чоң күчкө айланып элдин оюн, көйгөйүн бийликке айткан, эч кимден коркпогон жападан жалгыз саясий институтка айлана алды», -- деп билдирди.

Ошону менен катар Турсунбек Акун КДК өз убагында өлкөгө белгилүү коомдук жана саясий ишмерлерди, укук коргоочуларды, журналисттерди, ишкерлерди, башкаларга окшобогон сейрек таланттуу жарандарды бере алганын белгилеп, алардын ичинде элге аттын кашкасындай таанымал Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, Калыр Матказиев, Өмүрбек Абдрахманов, Өмүрбек Текебаев, Жумагазы Усупов, Ракыя Жусупова, Чапырашты Базарбаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Табылды Эгембердиев, Мелис Эшимканов, Салмоорбек Дыйканов, Бакыт Орунбеков жана башка инсандар экенин кошумчалады.

КДК блогу 1990-жылы 25-26-майда Бишкекте өткөрүлгөн Уюштуруу жыйынында негизделген. Ал Балтика боюндагы элдик майдандар сыяктуу эле антикоммунисттик демократиячыл реформаларды тынч жол менен жүзөгө ашырууга чакырган.

1991-жылы 31-августта Кыргызстан мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялап, ошол жылы сентябрда Кыргызстандын аймагында КПССке тыюу салынган. Андан соң КДКнын ичинен саясий партиялар жиктелип чыга баштаган («Асаба», «Эркин Кыргызстан» Демократиялык партиясы, «Ата Мекен» партиясы, ж.б).

1993-жылы кыймыл өз ишин аяктап, эч партияга кире элек мүчөлөрү жаңы уюшулган КДК партиясына баш кошкон.

Ал эми 2016-жылы июнда мурдагы КДКнын айрым өкүлдөрү жана жаңы улантуучулары «КДК» аталышы менен коомдук-саясий кыймылды кайрадан негиздеп, төрагалыгына Турсунбек Акунду шайлашкан.

Турсунбек Акундун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө жер-жерлерде кыймылдын 3000ге жакын мүчөсү бар. Башка көз каранды эмес булактар аркылуу бул маалымат тастыктала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG