Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

КДК бийлик менен оппозицияны мунасага чакырууда


КДК жыйыны, 1991-жыл.
КДК жыйыны, 1991-жыл.

Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) бийлик менен оппозицияны кайым айтышууну токтотуп, бир пикирге келүүгө чакырды. КДК мүчөлөрү 22-сентябрда жыйынга чогулуп, жогоркудай чечимге келген. Бул тууралуу аталган кыймылдын төрагасы Турсунбек Акун "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Азыркы бийлик менен оппозициянын, Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда болуп жаткан окуялардын арты жакшылыкка алып келбейт. Андан көрө сөзгө келип, ынтымак менен маселелерди сүйлөшүп чечип алышса болмок. Эң биринчилерден болуп биздин кыймыл аларга данакер болууну чечтик. Кыргызстанда алгачкы болуп түзүлгөн демократиялык уюм катары тараптарды биримдикке үндөп жатабыз.

Кыргызстан демократиялык кыймылы 26 жыл мурун өлкө эгемендик алганда жаралып, чоң саясий өзгөрүү, жаңылануулардын башында турган. Үч жылдан кийин партия түзүлүп, кыймыл жоюлган. Быйыл июнда кайрадан кыймыл катары ишин улантарын жарыялап, укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун КДК төрагасы болуп шайланган. (NT)

XS
SM
MD
LG