Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:28

Түндүк Корея: айоосуз сокку урууга даярбыз


Түндүк Кореядагы "Кэсон" аймагы
Түндүк Кореядагы "Кэсон" аймагы

Түндүк Кореянын АКШ менен Түштүк Кореяны коркутуусу уланууда. Пхеньяндын Вашингтонго багытталган акыркы эскертүүсүндө армияга “айоосуз сокку урууга” уруксат берилгени, балким өзөктүк курал да колдонулушу мүмкүндүгү айтылат.

Түштүк Корея менен АКШга багытталган акыркы эскертүүсүн Пхеньян 4-апрелдин таңында жасады.

Мамлекеттик сыналгынын диктору Корей Элдик армиясынын Башкы штабынын билдирүүсүн окуду:

- Биз Ак үй менен Пентагонго расмий кабарлайбыз: АКШнын Түндүк Кореяга карата душманчыл саясатынын күчөшү жана анын өзөктүк курал менен акылга сыйбаган коркутуусу Түндүк Кореянын аскер кызматчыларынын жана элинин күчтүү эрки, чакан, жеңил жана түрлүү өзөктүк сокку аркылуу ташталканы чыгарылат. Буга байланыштуу Түндүк Кореянын ыңкылапчыл аскер күчтөрүнүн айоосуз операциясы биротоло каралып, бекитилди.

Түштүк Корея
Түштүк Корея
Пхеньян мындай билдирүүнү Пентагон аймактык коргонуу жөндөмүн чыңдоо үчүн ракетадан коргонуу системасын Тынч океандагы Гуам аралдарына жайгаштырарын айткандан кийин жасады.

АКШ коргоо министри Чак Хагел Вашингтондогу басма сөз жыйында Түндүк Кореянын коркутууларына олуттуу маани берерин белгиледи:

- Аларда азыр өзөктүк потенциал бар. Алар азыр ракета атууга жөндөмдүү. Алар өзүнүн согуштук маанайдагы жана кооптуу риторикасын күчөтүштү. Алардын акыркы бир нече аптадагы кээ бир кадамдары АКШнын, албетте биздин Түштүк Кореядан тартып, Жапонияга чейинки өнөктөштөрүбүздүн кызыкчылыктарына даана жана реалдуу коркунуч туудурат.

Аналитиктердин пикиринде, Түндүк Кореянын АКШнын материктик бөлүгүнө сокку ургудай күч-кубаты жок. Бирок Түштүк Корея менен Жапониядагы аскерий базаларына ракеталарын багыттай алат.

Түштүк Корея
Түштүк Корея
Түштүк Кореянын коргоо министринин бейшембидеги сөздөрүнө караганда, Түндүк Корея өз ракеталарын чыгыштагы жээкке жакындаткан. Бирок Ким Кванг Чжин да ал ракеталар АКШга жете алат деген ырастоолорду төгүндөдү.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү Вай Ян Субдун айтымында, алардын куралдуу күчтөрү да кандай коркунуч болбосун жооп берүүгө даяр турат:

- Биздин курал-жарагыбыз даяр. Ал эми Түндүк Кореянын бейшембидеги билдирүүсү тууралуу айтсам, биздин күжүрмөн даярдыгыбыз абдан жогору. Биз кандай кризис болбосун башкара алабыз.

Корей жарым аралындагы кырдаалга коңшу Жапония да мамилесин билдирүүдө.

Жапон өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ёсихидэ Суга Пхеньяндын жалындуу риторикасы Токиону коркута албасын айтат:

- Биздин өкмөт Түндүк Кореянын чагымчыл билдирүүлөрүнүн ар биринин артынан эле дүрбөлөңгө түшүүнү зарыл деп эсептебейт. БУУнун Копсуздук кеңешинин резолюцияларын кабыл алуу үчүн биз азыр тийиштүү өлкөлөр менен иштешип жатабыз. Биз ошондой Түндүк Кореяны бул чагымчыл билдирүүлөр элдин кызыкчылыгындагы иш эместигин түшүнүүгө чакырабыз.

Түндүк Корея
Түндүк Корея
Бул аралыкта Түндүк Кореянын бийликтери Түштүк Кореянын адистерине чек арадагы биргелешкен өнөр жай зонасына кирүүгө экинчи күн катары менен тыюу салышты.

Кэсон аймагында эки корей өлкөсү биргелешип иштеткен заводдор жайгашкан. Ал изоляцияда жашаган Түндүк Кореяга чет элдик валюта алып келген булактардын бири. Бирок ага карабай Пхеньян эгер Түштүк Корея алар айткандай “тирешүүнү” уланта берсе, бул аймакты жаап саларын эскерткен.

Корей жарым аралындагы азыркы чыңалуу Түндүк Корея февралда үчүнчү өзөктүк сыноо өткөрүп, мунун артынан Улуттар уюму ага каршы эл аралык санкцияларды күчөткөндөн кийин башат алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG