Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Түндүк Корея АКШны “бутага алды"


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ун аскер бөлүктөрүнүн биринде. 24-март, 2013-жыл.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ун аскер бөлүктөрүнүн биринде. 24-март, 2013-жыл.

Түндүк Корея артиллериясы жана ракеталары азыр Түштүк Кореяны, АКШнын Тынч океандагы жана негизги аймагындагы базаларын бутага алып турат деп ырастоодо. Мындай жарыя шейшембиде АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен аскерий машыгуу өткөрүп жаткан кезде жасалды. Мурдараак Кошмо Штаттар өзүн Пхеньяндын ракеталарынан коргоого кудуреттүү экенин айткан.

Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин (KCNA) бүгүнкү түшүндүрмөсүнө караганда, мындай кадам АКШдан келген коркунучка жооп иретинде жасалды. Өкмөттүн билдирүүсү мамлекеттик теледен окулду:

- Ушул учурдан тартып, Корей элдик армиясынын жогорку командачылыгы артиллериялык бөлүктөрдүн баарын, анын ичинде узак аралыкка атуучу артиллериялык бөлүктөрдү, стратегиялык ракета бөлүктөрүн күжүрмөн даярдыктын А деңгээлине чыгарды. Алардын баары Түштүк Кореяга жана душмандын Гуам, Гавай аралдарында жайгашкан кол салуу базаларындагы бардык объектилерге каршы багытталат.

Бул жарыядан соң Пхеньяндын башкы өнөктөрүнүн бири – Кытай тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Бул соңку коркутуу алдында АКШ жана Түштүк Корея Түндүк Корея чакан масштабдагы чабуулга барган учурда да, аскерий чараны биргелешип көрүүнү мерчемдеген макулдашууга кол коюшкан.

Пхеньяндын кезектеги коркутуусу ошондой эле Түштүк Кореянын “Чхонан” аскерий кемеси Сары деңизде чөктүрүлгөндүгүнүн үч жылдыгына тушташ айтылды.

Расмий Сеул кеме Түндүк Корея аткан торпедонун натыйжасында чөктү деген бүтүмгө келген.

Бирок Пхеньян бул ырастоону төгүндөп жүрөт. Пхеньяндын азыркы коркутуусуна чейин Сеул да өз тарабынан эскертүү жасаган. Түштүк Корея коргоо министрлигин өкүлү Ви Ёнг Суб:

- Эгер Түндүк Корея мурдагыдай чагымга кайра барса, биздин аскерлер өлкөбүздү коргоп жатып Чхонан кемесинде каза тапкан 46 баатырыбыздын арбагын сыйлап, миң эсе, балким он миң эсе көп өч алат.

Ал эми Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе айым шейшембиде аскерий кеме чөккөнүнүн үч жылдыгына арналган эскерүү жөрөлгөсүндө сүйлөп, Пхеньянды саясатын өзгөртүүгө үндөдү:

Президент Пак Кын Хе үч жыл мурда каза тапкан корей моряктарын эскерүү жыйыны учурунда. 26-март, 2013-жыл.
Президент Пак Кын Хе үч жыл мурда каза тапкан корей моряктарын эскерүү жыйыны учурунда. 26-март, 2013-жыл.
- Түндүк Корея өзөктүк куралынан, ракеталарынан баш тартып, чагымчылдыкты жана коркутууларын токтотуп, эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтүү мүчөсүнө айлануусу абзел. Түндүк Корея жансактап кете аларынын жалгыз жолу ушул.

Пхеньян былтыр декабрда Орбитага спутнигин учурган. Бирок көптөр муну менен ал узак аралыкка учуучу ракеталарын сынады деген тыянакка келишкен.

Өткөн айда болсо Пхеньян үчүнчү өзөктүк сыноого бараганда, БУУнун Коопсуздук кеңеши жооп чара катары санкцияларды күчөттү.

Буга ачууланган Түндүк Корея алтымыш жыл мурда корей согушунун аякташына алып келген элдешүү келишиминен чыкканын жарыялаган.

Америкалык Foreign Policу журналы Түндүк Кореянын соңку кадамдары менен жарыяларын комментарийлеп, Пхеньян азыр көптөр ойлогондон кыйла кооптуу экенин, бирок бул өлкөнүн азыркы лидери, бийликти атасынан мурастап калган Ким Чен Ун “акылсыз” дегенди туюндурбасын белгиледи.

Басылманын пикиринде, Түндүк Кореянын чагымдары Түштүк Кореянын февралда кызматына киришкен жаңы президентин сыноо максатын көздөйт. Анткен менен ошол эле учурда Корей жарым аралында чоңураак жаңжал чыгып кетүү тобокелчилиги мурдагыдан жогору.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG