Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:47

Өкмөттүк ыкшоо жана элпек сайттар


Кыргыз өкмөтүнүн сайтынын көрүнүшү
Кыргыз өкмөтүнүн сайтынын көрүнүшү

Кыргызстанда эл менен тыгыз байланышта болууга тийиш деп саналган министрликтердин сайттары жарым-жартылай гана иштеп, коомчулуктун сынына кабылып келүүдө.

Технология өнүккөнү менен бул айрыкча Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтеринде көптөн бери чечилбей келаткан маселе. Кыргыз тилиндеги маалыматтардын жетишсиздиги да өзүнчө көйгөй.

Кыргыз тили көйгөйү

Өкмөттүк мекемелердин сайттарынын дарегине ачуу сын-пикирлер кыргызстандык социалдык тармак колдонуучулары арасында тез-тез кездешет.

Билим берүү жана илим министрлигинин edu.gov.kg сайтынын көрүнүшү жупуну. Жазылган маалыматтардын баары дээрлик орусча. Кыргызча бети 2016-жылдын 8-июнунан бери жаңылана элек. Мунун себебин мекеменин басма сөз катчысы Назира Мамбетмусаева адистердин жоктугу менен түшүндүрөт:

- Сайтты мен өзүм жалгыз иштетем. Журналисттерге интервьюларды уюштурам. Жумушум аябай көп, - деп бүтүндөй бир мекеменин сайтына жооптуу экенин билдирген Мамбетмусаева министрликтин интернет желесине күнүгө канча адам кирерин билбестигин, бул жагын ойлоп көрө электигин да айтты.

Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан көрүнүш.
Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан көрүнүш.

Ал эми сайттагы он-лайн байланышуу форматы мыкты иштелген. Жарандар каалаган суроосу менен кайрыла алышат. Бирок бир күндө же бир жумада канча кат түшөрү тууралуу маалыматты адистер өздөрү да билишпейт. Сайттын кыргызча бетин эки айда жандандыруу аракети жүрүп жатыптыр:

- Сайттын эрежеси боюнча алгач орусча текст киргизиш керек. Антпесе, кыргызчаны кабыл албайт. Орусча маалыматтар болбосо, кыргызчасын койгонго мүмкүн эмес. Муну мен жасаган эмесмин да. Бардык эле сайттарды көрүп жүрсөңүз керек, эрежеси ошондой. Алгач орусчасы, анан кыргызча, англисчеси турат, - дейт Назира Мамбетмусаева.

Адис жетишпеген маселе Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде да бар (mlsp.gov.kg). Бул мекеменин орусча желесинде маалыматтар жетиштүү. Кыргызча жаңылыктар бөлүмү быйыл июлдан бери, тийиштүү документтер бөлүмү 2015-жылдын 30-октябрынан тарта катып турат. Мекеменин басма сөз кызматы ушул тапта сайтты жаңылоо жараяны жүрүп жатканын, жакын арада ыңгайлуу желе ишке кирерин айтты.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайты
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайты

Эң көп сын тагылган сайттардын дагы бири Саламаттыкты сактоо министрлигиники. Кээде ондогон күндөр бою эски кабарлардын турушу же бир учурда катар-катар маалыматтар чыгып, окурмандын башын айланткан жагынан med.kg дареги алдыга камчы салдырбайт.

Кабарлардын басымдуу бөлүгү министрликтин кызматкерлеринин сапарлары, жаңы ачылган эмканалар жөнүндө. Медициналык-укуктук кеп-кеңештер “документтер” деген тиркемеге кошуп салынгандыктан, керектүү жол-жобону издеп калсаңыз бир топ убара тартасыз. Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында кыргызча бет такыр жок. Адистери күн сайын канча адам желеге баш багары тууралуу статистика чыгарышпай турганын билдиришти.

Иши көзгө көрүнгөндөр

Өкмөттүк сайттар арасында эң ыкчам жана ыңгайлуусу – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайты (mes.gov.kg). Анда бул жааттагы бардык кабарлар, эрежелер жазылып, окурмандарга ыңгайлуу.

Ички иштер министрлигинин сайтынын (mvd.kg) кез-кези менен ачылбай кала турган адатын айтпаганда, маалыматтар убагында эки тилде чыгат. “Коомдук кабылдама” деген бөлүмү бар, бирок он-лайн байланышы ыңгайлуу эмес. Андыктан, жарандар арыз-муңун милицияга сайт аркылуу дароо жеткире албайт. Мекеменин интернет боюнча адиси Абдул Оморов буларга токтолду:

- Биз дайым анализ жүргүзүп турабыз. Жумуш күндөрү миңдин тегерегинде окурман сайтыбызга баш багат. Резонанстуу окуялар чыкканда үч миңге чейин жетет.

Мурда көп сынга кабылган Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сайты (minculture.gov.kg) акыркы күндөрү жанданган. Бирок жалаң маданиятка басым жасап, маалымат жана туризм көз жаздымда калган. Англисче бети жок болгондуктан, чет элдик туристтер да бул сайттан эч кандай жардам күтпөсө болот. Туризмди даңазалаган маалыматтарды издеп калсаңыз, куру эле убара тартасыз.

Тышкы иштер министрлигинин сайтында (mfa.gov.kg) маалыматтардын көптүгүнөн улам издеген нерсеңизди табууда бир аз кыйналасыз. Антсе да, керектүү кабарлар, эреже-жоболор, байланышуу жолдору эки тилде жазылган. Мекеменин өкүлү Айымкан Кулукеева сайттын колдонуучуларынын көбү чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар экенин билдирди:

- Биздин сайтка күн сайын жарандардан ондон ашуун каттар, арыздар келет. Биз аларды мыйзамдын негизинде тийиштүү органдарга, департаменттерге жеткиребиз. Каттарга келген жоопторду сайттын пайдалануучуларына жөнөтөбүз.

Транспорт жана жол министрлигинин сайтындагы көрүнүш, 27-сентябрь, 2016-жыл
Транспорт жана жол министрлигинин сайтындагы көрүнүш, 27-сентябрь, 2016-жыл

Экономика, Юстиция жана Финансы министрликтеринин сайтында өз багытында маалыматтар дайыма жаңыланып турат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин интернет боюнча кызматкерлери да изденип жатканын байкайсыз.

Транспорт жана жол министрлигинин сайтын ачуу кыйын. Көп учурда компьютер экранында “сайт ачылбайт” деген жазууну көрөсүз.

Коомчулукта мурда өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин сайттары да колдонуучуларга ыңгайсыз экени сындалып келген, азыр алар оңдолуп, мурдагыга салыштырмалуу дурус.

XS
SM
MD
LG