Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Дүйнөлүк маалымат желеси кеңейген сайын миллиондогон кыргызстандыктарды да кучагына тартууда. Айрыкча соңку төрт жылда убактысын интернетке короткондор арбыганын статистика көрсөтөт.

Коомдук жай же аялдамада болобу, же үйдөбү, айтор уюлдук телефонго үңүлүп отургандарды көрөсүз. Айрыкча жаштар арасында Твиттер, Фейсбук өңдүү популярдуу социалдык түйүндөрдү колдонгондор Ош, Бишкек жана башка шаарларда арбыды.

25 жаштагы Азиз Табалдиев бир да күнүн интернетсиз элестете албайт. Азыр Азиздин курбалдаштары мурдагыдай интернет клуб издебей, мобилдик телефону менен эле аалам менен байланышып, виртуалдык жашоо бир топ жеңил болуп калганын айтат.

- Эң башкысы убакыт кетпейт да. Мен жумушума байланыштуу кайсы бир материалдарды издөөгө ыңгайлуу. Тамактанып жатсаң да, сабакта отурсаң да жаныңда. Айтор көнүп калгам. Мурун компьютерден эле кирүүгө мүмкүн болчу. Азыр ойлосом ошондо кыйналчу экенбиз.

Азизге окшоп көбүнчө Айфон, смартфон же болбосо жөн гана компьютер аркылуу интернетти колдонгон кыргызстандыктардын саны учурда 4 миллиондон ашат. Керек болсо, айыл жергесинде да мурдагыдай зарыгып кат күтүү деген жок. Кыргызстанда телефон интернетти колдонуу боюнча элеттиктер дагы шаардыктардан кем калышпайт.

Улуттук статистика комитетинин өкүлү Турсункан Абдылдаева мындай маалыматтар менен бөлүштү:

- Биз 2002-жылдан баштап эсеп жүргүзө баштаганбыз. Ошол жылдан бери интернет колдонгондордун саны 53 эсе өскөн. Көпчүлүгү жөн-жай тургундар, ал эми мекемелер болгону 143 миңге көбөйдү. Алсак, 2009-жылы миллионго жакын кыргызстандык интернет колдонгонду билсе, туура бир жылдан соң алардын саны 500 миңге көбөйгөн.

Учурда интернеттин элдин калың катмарына жетип жатканы өлкөдөгү уюлдук операторлордун бири-бирине атаандаштыкта тармакты өнүктүрүп жатканын адистер белгилешет.

Уюлдук компаниялардын биринде оператор болуп иштеген Карина Михайлова атайын иликтөөдө мобилдик интернет колдонгон кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү социалдык сайттарда гана отурбастан, маалымат агентиктеринин сайттарын дагы кеңири колдонуп калышканы аныкталганын айтат:

- Чынында интернетти баарлашуу максатында колдонушат. Көп эле сайттар бар эмеспи. Мындан сырткары жаңылыктарды аңдып окугандар өлкөдөгү 3-4 сайттан дайыма маалымат алары белгилүү болду. Калгандары фильм же ар кандай видеолорду көрүшөт.

Учурда Кыргызстанда калктын 70 пайызында интернетти пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Дүйнө бир орунда турбай, технологияны өнүккөн шартта өткөн жылдарга салыштырмалуу бир кыйла жылыштар бардыгын IT боюнча адис Мирбек Окенов да белгилейт. Ошону менен катар адис интернетти ээн-эркин колдонуунун терс жактарын дагы белгилейт.

- Албетте ар бир адамдын өз тандоосу болот. Бирок интернет деле аспап болуп жатпайбы. Маселен, кадимки биз колдонгон бычакты күнүмдүк турмушта нан кесүү үчүн колдонобуз, бирок кээде терс көрүнүштөр үчүн деле колдонулуп жатат. Ошондуктан бул жерде интернетти да, маалыматты да туура колдонуу керек. Өзгөчө жаштар арасында агитация же тарбиялоо боюнча мамлекеттик саясат болуусу керек.

Дүйнө жүзүндө экстремизм, террорчулук күч алып жаткан маалда радикалдык маанайдагы тасмалардын интернет аркылуу жайылып жатышын эске алганда коопсуздук маселеси да ойго түртөт.

Маалымат технологияларын колдонуу боюнча Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен бирдей ыргакта келатканы белгилүү. Өлкөдө интернет пайдалангандар 23,4 пайызды түзөт. Орусияда калктын 61%, Казакстанда 54%, Арменияда 46% интернетти колдонсо, Тажикстан менен Өзбекстанда бул көрсөткүч так белгилүү эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG