Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:30

Паспорт демилгеси шайлоого даярдыкпы?


2017-жылы президенттик шайлоону биометрикалык паспорттун негизинде гана өткөрүү демилгеси көтөрүлүүдө.

2017-жылы президенттик шайлоону биометрикалык паспорттун негизинде гана өткөрүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда 2017-жылы боло турган президенттик шайлоону жаңы биометрикалык паспорттор менен өткөргөнү жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык маалыматты камтыган ID-карта жана жалпы жарандык паспортту 2016-жылдын июнь-июль айларында чыгарууну пландап жатат. Аталган кызматтын төрагасы Тайырбек Сарпашев өткөн аптада берген маалымат жыйында мындай паспорттор таңууланбай тургандыгын, жарандарга жаңы документ каалоосуна жараша, тийиштүү арыздын негизинде биометрикалык каттоодон өткөн соң берилерин билдирди.

Ошол эле учурда Сарпашев 2017-жылы президенттик шайлоону биометрикалык паспорттун негизинде гана өткөрүү демилгеси көтөрүлүп жатканын, ага жараша оптимисттик план боюнча шайлоого чейинки 14 ай ичинде кыргызстандыктарды жапырт жаңы документ менен камсыздоо аракети көрүлөрүн айтты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов ушул тапта элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча ири акциялар даярдалып жатканын билдирди.

- Жарандарга “бүт коргоо белгилери жогорку деңгээлдеги жаңы үлгүдөгү паспортторду чыгарабыз” деп айтканы жатабыз. Ошонун негизинде президенттик шайлоону мындан да таза өткөрүүгө жардам болот дейбиз. Ошентип элдин арасында жарандык позициясын ойготуп, паспортторун алмаштырууга чакырып, аракет кылабыз да. Азыр эң негизги максат - президенттик шайлоого чейин бардык жарандарды биометрикалык паспорттор менен камсыз кылуу. Жарандар жаңысын алгысы келбесе, мурунку паспорт менен жүрө беришет. Бирок анын коргоо белгилери жана башка минус жактары бар. Мисалы жашаган дарегиңди алмаштырсаң, азыр ID картаны кошо алмаштыруу керек. Ал эми жаңы биометрикалык паспортто мындай болбойт. Бардык маалымат андагы чипте сакталат.

Парламенттик шайлоонун алдында жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз деген пикири үчүн мөөнөтүнөн мурда иштен алынган Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Мамлекеттик каттоо кызматынын 14 ай ичинде элге жаңы паспорт бере коебуз деген демилгесинен күмөн санайт.

Ал парламенттик шайлоого карата жүргүзүлгөн биометрикалык маалымат чогултуу аракети канча адамдарды шайлоо укугунан ажыратканын эскертип, жарандарды жаңы документ менен камсыздоо жараянын шайлоо менен гана байланыштыруунун артында саясий кызыкчылыктар турганын белгилейт.

Клара Сооронкулова

Клара Сооронкулова

- Булардын саясаты шайлоо бүткөн соң мага белгилүү болду. Анткени булар өздөрүнө керектүү шайлай турган адамдарды кыйнап, мисалы мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдерди, дарыгерлерди пайдаланышты. Аларга ушул жарандар гана шайлоочу катары керек болду. Ал эми калган бийликке сын көз карашта болгондордун кереги деле жок болду. Биометрикалык каттоодон өтпөсө, өтпөй эле койсун, булар өлүп кетсин деген мааниде кылышты. 14 ай ичинде ошончо кишиге кантип алмаштырат билбейм. Кайсы бир максатка жетүү үчүн адамдардын укугу чектелбеши керек. Өткөндө деле биометрикалык каттоого, шайлоону өткөрүүгө канча ресурс кетти. Чынында бул биометрикалык паспорт деген абдан кымбат нерсе. Бул төрт-беш жылда ишке аша турган жумуш. Азыр ага каяктагы ресурс азыр мамлекет кризиске тушугуп жатса.

Каржы маселесине келгенде Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы паспорт киргизүү үчүн зарыл акчанын бир бөлүгүн бюджеттен, калганын донолордон алганы жатат. Ошол эле учурда жалпы жараянды ишке ашырууга керек акчанын так суммасы айтыла элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова негизинен биометрикалык паспортту колдой тургандыгын, бирок аны киргизүүдө өкмөттүн кадамдары туура эмес жол менен баратат деген ойдо.

Чолпон Жакупова

Чолпон Жакупова

- Негизи бул нерсе мамлекетке абдан керек. Дүйнө жүзү ушул система менен иштейт. Биз ага каршы эмеспиз, биз аны киргизүү процедурасына каршы чыкканбыз. Мисалы, ошол башында эле биометрикалык маалыматты каттоого алуу менен катар эле дароо эле паспортторду бергенде маселе болмок эмес. Анда өкмөт жетишпей калды. Эгер бул система толук кандуу ишке киргенде аны шайлоодон тышкары пайдалануунун эң жакшы максаттары бар. Бул жарандарды аныктоонун эң так параметри, бул электрондук өкмөткө өтүүнүн эффективдүү ыкмаларынын бири. Ал элди толгон токой документ чогултуудан арылтмак, тейлөөнү жакшыртмак. Бир топ эле жеңилдик болмок. Бирок аны киргизүүгө өкмөт азыр канчалык жетишет мен билбейм. Анткени азыр аны ишке ашырууга бюджетте акча жок. Анан баары гранттын эсебинен жасалат. Алар канча акча берери белгисиз. Ал жетеби же жокпу? Азыр менин түшүнүгүмдө керектүү акча жок.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов президенттик шайлоонун жаңы үлгүдөгү документ менен өтүшү жаңы паспорт алган жарандардын санына карата да аныкталышы мүмкүн экендигин кошумчалайт. Эгер берилген убакыт ичинде жарандар жетиштүү деңгээлде документ менен камсыздалбай калса, атайы чечимдер кабыл алынышы деле ыктымал.

- Варианттар бар. Мисалы бул жолку шайлоодо деле 1994-жылкы паспорту барлар бул шайлоого катышууга укук алышты го. Балким ошол сыяктуу кандайдыр бир шарттарга бараттырбыз. Эгер кандайдыр бир тоскоолдуктар болуп, жаңы паспорт алгысы келбегендер болушу мүмкүн. Ошол убакытка чукулдаганда дагы бир чечимдер кабыл алынып калышы мүмкүн. Бирок биз азыр жаңы биометрикалык паспорттор бардык жарандарда болсун деп максат коюп жатабыз.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде өткөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде өткөн.

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы документти даярдоого кете турган акча каражаты туурасында ачык айтпаганы менен, анын орточо баасы 400 сомдун тегерегинде болорун билдирүүдө. Паспорт менен катар андагы ар бир жаранга бирден берилчү ПИН-номурду дагы айырбаштоо жагы каралууда. Анткени парламенттик шайлоонун алдында экиден ПИН-код алып жүргөн алты миңдей жаран аныкталганын Тайырбек Сарпашев билдирди.

Мындан тышкары ПИН- номурларды берүү милдетин Мамлекеттик каттоо кызматы Соцфонддон өзүнө өткөрүп алганы жатат. Анткени буга чейин мындай артыкбаш номурлар берилген учурларда бул эки кызмат бири-бирин айыптап, жоопкерчиликти мойнуна алуудан баш тарткан учурлар болгон. Белгилүү болгондой азыркы ID-картадагы ПИН-номурду алмаштырып, жаңысын алуу үчүн жарандар акыр-аягы паспортун алмаштырууга барары турган иш.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG