Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

“Кыргызмунайгаз” мамлекеттик ишканасынан “Кыргызпетролеум” компаниясын бөлүп чыгуу демилгеси эмгек жамаатынын нааразылыгын жаратты.

Алар бул сунушту өкмөткө киргизген Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Айбек Осмоналиев менен экономика министри Темир Сариев Максим Бакиевдин мурдагы чет элдик өнөктөштөрү Адоп Саркасян менен Адил Бадринин кызыкчылыгына иштеп жатат деп айыпташууда. Мына ушуга байланыштуу ишкананын кесиптик кошуундар уюму эмгек жамааты каршылык көргөзүү акциясына чыгаарын эскертти. Ысымдары аталган өкмөт мүчөлөрү коюлган дооматты четке кагууда.

Мурдагылардын өнөктөштөрү кайрадан катарда

25-ноябрда өкмөттүн кеңешмесинде “Кыргызмунайгаз” мамлекеттик ишканасынын түзүмүн кайрадан карап чыгуу маселеси көтөрүлгөн. Анда “Кыргызмунайгаздан” “Кыргызпетролеум” компаниясын ажыратып, өзүнчө акционердик коом түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок муну “Кыргызмунайгаздын” эмгек жамааты мурдагы бийлик режимдеринин тушундагы күңүрт схемаларды калыбына келтирүү аракети катары кабыл алууда. Анткени “Кыргызпетролеум” компаниясынын жарымына ээлик кылып келген “Кыргызмунайгаз” 2012-жылы анын калган бөлүгүн канадалык “Петрофак” корпорациясынан сатып алган. Анын наркы 4 миллион 700 миң долларга бааланган.

Мурун компания 11 жылдын ичинде 7,5 миллион доллар киреше тапкан. Биздин колго өткөндөн кийин бир жылдын ичинде 6 миллион 200 миң доллар киреше бердик.
Акциялардын арзан бааланышы кезинде компаниянын мурдагы менеджерлери Адоп Саркасян менен Адил Бадринин “Кыргызпетролеумду” өздөрүнө алуу боюнча ишке ашпай калган амалы катары мүнөздөлгөн. Эми аны мамлекеттик ишканадан кайра ажыратуу демилгеси эмгек жамаатынын тынчсыздануусун жаратты.

Кочкор-Атадагы “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин төрагасы Муктар Артыкбаев аталган чет элдик ишкерлерди мурдагы президенттердин үй-бүлө мүчөлөрү калкалап келсе, эми ал милдетти азыркы өкмөттүн айрым мүчөлөрү өзүнө алды деп айыптады:

- Адоп Саркасяндарда “Кыргызмунайгаздын” акчасы жок, 50 пайыз акцияны ала албайт деген анализ болгон. Инвестициялык макулдашуу боюнча “Петрофак” акциясын сата турган болсо, биринчи кыргыз тарапка сунушташ керек. Ошондуктан аз убакыт экенине карабастан “Кыргызмунайгаз” болгон каражатын жумшап, элдин ырыскысын элге кайрып берип, элүү пайыз акцияны сатып алган эле. Бирок эми алар өздөрүнүн мына ошол амалы ишке ашпай калып, бир жылдан бери соттор аркылуу эптеп ар кандай жол менен акцияны кайра кайрып алууга аракет кылып жүрүшкөн. Анан буга Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Осмоналиев менен экономика министри Сариев кирише баштады. Адоп Саркасян менен Адил Бадрини Акаев менен Бакиевдин тушунда анын уулдары аркылуу иш кылып келишкен. Эми минтип айрым бир өкмөт мүчөлөрүн колго алууга жетишти.

Чыгымдар көп дешет

Экономика министри Темир Сариев Жалал-Абад облусундагы иш сапарында “Кыргызмунайгазда” жана ал сатып алган “Кыргызпетролеумда” коррупция бар деп айыптаган. Мына ошондуктан министр мамлекеттик ишкананын иши канааттандырарлык эмес деп сынга алган болчу. Бирок быйыл 7-сентябрда мунайчылардын күнүндө “Кыргызмунайгаз” ишканасынын таза кирешеси 2009-жылкыга караганда 25 эсе өсүп, өткөн эки жылда мамлекетке бир жарым миллиард сомго чукул салык төлөнгөнү жарыяланган.

“Кыргызмунайгаздын” кесиптик кошуундар уюмунун төрагасы Акынбек Раимкулов учурда белгилүү бир максатка жетүү үчүн айрым өкмөт мүчөлөрү “Кыргызпетролеумдун” менеджерлерин каралап жатканына токтолду:

- Мурун бул компания он бир жылдын ичинде 7,5 миллион доллар киреше тапкан. Биздин колго өткөндөн кийин 2013-жылды алсак, бир жылдын ичинде 6 миллион 200 миң доллар киреше бердик. Чет өлкөлүктөр иштеткенде кандай киреше, биз өзүбүз иштеткенде кандай киреше түшкөнүн ушундан билсек болот. Анан эми азыркы менеджмент жакшы иштебей жатат деген негизде карандай каралоо туура эмес. Министр Сариев биздин азыркы иштин жыйынтыгын жөн эле сындагандан мурун көрсөткүчтөр менен таанышып чыкса жакшы болмок. Бирок бул жерде мына ошол чет элдик ишкерлердин кызыкчылыгы тургандыктан министр мырза биздин ишти айткысы келбейт.

Адоп Саркасян өкмөт башчысына жазган катында жергиликтүү башкаруучулар жакшы иштей албай жатканы айтылып, “Кыргызпетролеум” компаниясын мурда сатылган баасында алар кайрадан сатып ала турган болсо өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө кепилдик берген. Өкмөт аппаратында 87-75 деген кириш номуру менен катталган ал катта компанияны башкаруу укугун аларга берүү боюнча келишимдин шарттары сунушталган.

Бирок Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы менен экономика министри Саркасяндын мына ушул кайрылуу каты өкмөткө жолдонгонун четке кагып туруп алышты. Ошол эле кезде мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Айбек Осмоналиев “Кыргызпетролеум” ишканасынын айланасындагы маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Темир Сариев

Темир Сариев

Экономика министри Темир Сариев тиешелүү документтер турганына карабастан коюлган дооматты четке кагып, аталган демилге “Кыргызмунайгаздагы” ачык-айкындыкты камсыздоо үчүн гана көтөрүлүп жатканына токтолду:

- “Кыргызмунайгаз” толук мамлекеттик ишкана. Аны кайра түзүү боюнча маселе жок. Убагында ал “Кыргызпетролеум” ишканасын сатып алган. Алар эми эки башка компания болуп жатпайбы. Мына ошондуктан ачык-айкындык киргизиш үчүн ал компанияны акционердик коом катары түзүү жагы азыр өкмөттө каралууда. Анан калса “Кыргызпетролеумдун” үстүнөн дагы ар кандай даттануулар болуп жатпайбы. Бирок ал кайра чет элдик ишкерлерге сатылбайт. Анын бардыгы бирөөлөр ойлоп тапкан саясат болуп жатат. Мындай доомат арык аттап суу кечпейт.

“Кыргызпетролеумду” “Кыргызмунайгаздан” ажыратуунун себеби андан өндүрүлгөн мунайды Кара-Балтадагы заводго алып барып иштетүү демилгесинен келип чыккан деген да маалымат бар. Анткени учурда Кара-Балтадагы мунай заводду чийки зат менен камсыздоо көйгөйү чечилбей жатканы белгилеген болчу.

1996-жылы “Кыргызмунайгаз” мамлекеттик ишканасы менен канадалык “Петрофак” корпорациясы “Кыргызпетролеум” компаниясын түзүшкөн. Мына ошондон 2010-жылга чейин компанияны канадалык “Петрофак” корпорациясына таандык “Петро-Кыргызстан” сунуштаган менеджмент башкарып келген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG