Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Кыргыз медицинасын сынаган “Кара июлга” үч жыл


“Каргашалуу июль” айында Кыргызстанда уюштурулган стационарлардын бири. 16-июль, 2020-жыл.
“Каргашалуу июль” айында Кыргызстанда уюштурулган стационарлардын бири. 16-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирус илдетинин эң көп жоготуулары катталган “Кара июль”, же “Каргашалуу июль” окуясына туура үч жыл болду.

2020-жылы так ошол айда өлкө дүйнөнүн үшүн алган пандемияга туруштук бере албай өлүм-житим болуп көрбөгөндөй көбөйгөн. Иш жүзүндө бул кыргыз медицинасынын чабалдыгын көрсөтүп, дарыгерлердин оор жагдайын ачыкка чыгарган.

Кыргыз бийлиги андан бери саламаттык сактоо системасы кыйла жакшырганын билдирип келет. Ошол эле убакта адистер арасында “Кыргызстан бул окуядан жетиштүү сабак алып, керектүү жыйынтык чыгара алган жок” деген да пикирлер арбын.

"Баары шалаакылыктан болду"

2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган COVID-19 вирусу тездик менен дүйнө өлкөлөрүнө тарай баштайт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2020-жылдын 30-январында глобалдык алкакта өзгөчө кырдаал киргизип, 11-мартта пандемия катары жарыялаган.

Кыргызстанда аталган инфекцияны жуктурган алгачкы үч учур мындан бир аптадан кийин – 18-мартта аныкталып, пандемияга байланыштуу өзгөчө абал режими өлкөдө 22-мартта киргизилген.

Ошентип, жаңы учурлар күн сайын 20-30дан, 50-60тан катталып турат. Вирусту жуктургандардын жалпы саны марттын аягында 100дөн, апрелдин аягында 700дөн, майдын аягында 1700дөн аша баштаган.

Июнда күн сайын катталган учурлардын көрсөткүчү 200-300 болуп турса, июлдун башында 500-600дөн ашкан.

Бишкектеги стационар. 6-июнь, 2020-жыл.
Бишкектеги стационар. 6-июнь, 2020-жыл.

Ошол учурда Кыргызстан коронавирус менен пневмония илдетин өз-өзүнчө эсептеп турганын эскертип коёлу. Өпкөсүнөн кагынгандардын саны коронавирус жукту деп эсептелгендерден бир нече эсе көп болуп турат. Бул адаттан тыш көрүнүшкө COVID-19 вирусу себеп болду деген жүйө менен 17-июлдан тартып экөөнүн көрсөткүчү чогуу карала баштаган.

Андан кийин вирус жуккан жаңы учурлар суткасына 1,5-2,5 миңден каттала баштаган. Башкача айтканда, 2020-жылдын июль айынын башында коронавирус жуктургандар Кыргызстанда 9-10 миңдин тегерегинде болсо, айдын соңунда 35-36 миңге жетет.

Күн сайын кабылгандар, жалпы сан көбөйгөнү куду ушул күндөрү вирустан улам каза болгондор да арбыган. Июнга чейин курмандыктар күн сайын бирден-экиден катталып жатса, июлдун башында вирустун айынан он-он бештен киши көз жуумп турат. Бирок ошол эле маалда пневмониядан каза болгондордун саны бул күндөрү 20-30дан каттала баштаган. Эки сан бириктирилгенден кийин киши өмүрү кыйылган учурлар 70-80ден ашкан. Июлдун жыйынтыгында коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1,5 миңге чукулдайт.

Иш жүзүндө мунун баары ооруканаларда орундар, дарыгерлер, "Тез жардам" автоунаалары жетишпей, дары-дармек тартыш болгондон улам катталды. Бийлик күндүз жана түнкү стационарларды ишке киргизип, кошумча жайларды уюштурганы жана дарыгерлер мобилизацияланып, ыктыярчылар жардам бергени кырдаалды бир аз жумшарткан. Бирок жалпы абал оор болгон.

Таластагы стационар. 9-июль, 2020-жыл.
Таластагы стационар. 9-июль, 2020-жыл.

Биз ошол күндөрдөн кабар алуу үчүн пандемия маалында жакындарын жоготкондордун пикирин сурап көрдүк. Алар 2020-жылы “Чындык үчүн” деген топ түзүп, адамдардын өлүмүнүн жана жалпы эле трагедиянын себептерин изилдөөнү максат кылган.

Ошол эле топтун WhatsApp тайпасында биздин суроого берилген жоопторду анонимдүү сунуштайлы.

“Менимче мунун баары биздин бийлик жана дарыгерлер коронавирус куш тумоосу же кадимки пневмония катары бизди айланып өтүп кетет деп ойлоп алгандан улам болду. Адамдар чекеден кырыла баштаганда эсибизге келдик. Дарылоо протоколу ачыкка чыгарылбай, өз алдынча иштеп жаткан дарыгерлер айыптуу болуп калган. Башаламан дарылоо ошол кырдаалга алып келген”.

“Менимче катардагы дарыгерлер айыптуу эмес. Ошол учурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, кийинки премьер Кубатбек Боронов баштаган штаб айыптуу. Анткени алар жетиштүү чараларды көрө алган эмес. Ошондуктан саламаттык сактоо системасы даяр болбой калган. Соңунда ушунча кишинин өлүмүнө жана биздин баарыбызды коркунучка кептегенине эч ким жооп бербей калды”.

“Менин атамдын өтүп кеткенине быйыл 2-июлда үч жыл болду. Байкушум жашоону жакшы көрчү, өзүн аябай жакшы карачу. Пандемия башталганда биз көлдө болчубуз, атамдар Бишкекте. Температурасы көтөрүлгөндө "Тез жардам" чакырышса, “ой сиздики кадимки эле тумоо, үйдөн дарыланыңыз” деп кетип калышкан. Ошентип, дем алуусу буула баштайт. Ооруканага алып барса, орун жок. Анан “Гансиден” орун чыгып, ошол жакка алып кетишет. Жаткандан кийин “жакшымын” деп телефон чалган, апам болсо дарыгерлер айткан толтура дарыларды алып барган. Атам кыйналып жатса реанимацияда “орун жок” дешет. Ошо менен кайра башка машине таап, алып кетмек болобуз. Дем алдыруучу аппараттан үзүп, машинеден кайра туташтырабыз дептир. Атам, машинеге жетип эле үзүлүп кетиптир. Ошол маалда жок дегенде колдо алып жүрчү аппаратка туташтыруу керек болчу экен”.

“Биздин саламаттык сактоонун башында тургандар өздөрүнүн чөнтөгүн гана ойлошкон. Эң жөнөкөй беткаптар, препараттар башка өлкөлөрдө акысыз берилип турган маалда, биздикилер олчойгон акчага сатып турушту. Биздин жакындарыбызды жоготконубуз, биздин көз жашыбыз, биздин оорубуз өмүр бою калды”.

“Менин оюмча “Кара июль” шалаакылыктын, ачкөздүктүн, кенебестиктин, акчага кызыккандыктын азабынан болду. Гуманитардык жардамга келген акчаны эмне кылышты? Ковид менен ооруган адамдарды дарылоого жеткирген жок. Мунун баарына ошол мезгилдеги бийлик башындагылар күнөөлүү. Эгер алар туура иш алып барганда, көп адамдар аман калмак. Керек күнү гепарин сыяктуу дарылар бир заматта жок болуп кеткен. Жалаң спекулянттардан сатып алып жаттык. Менин бир тууган иним 10-июлда ооруканада өтүп кетти. “Үйгө чыгаргыла” деп, дарыгерлерден суранып жатып үзүлдү. Ошол күндөн ушул күнгө чейин өзүмдү коёрго жер таппай келем”.

Бишкектеги стационар. 16-июль, 2020-жыл.
Бишкектеги стационар. 16-июль, 2020-жыл.

Албетте, коронавирус пандемиясы Кыргызстанда андан кийин бир аз басаңдап, ортодо эки-үч ирет чоң толкун каптады. Бирок баары бир эң чоң жоготуулар 2020-жылдын июль айында катталды. Ошондон улам да ал ай “Кара июль”, же “Каргашалуу июль” деген ат менен тарыхта калды. Бул бир жагынан курмандыктар көп катталган мезгилдин аталышы болсо, экинчи жагынан кыргыз медицинасынын чыныгы абалын көрсөткөн эң ири окуя болуп калды.

Системаны шал кылган ай

Ооба, пандемия алгач башталган маалда, кийин так ошол “Каргашалуу июль” айында тиешелүү дары-дармектерди, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраторлорун жана башка нерселерди дарыканалардан табуу мүмкүн болбой калган. Алынып келинген нерселердин баасы өтө кымбат болуп, бирок ал да жетишсиз болуп турган. Айрыкча, гепарин, клексан жана цефепим деген дарылар көздөн учкан.

Медицина тармагы боюнча көз карандысыз эксперт Бермет Барыктабасова ошол учурду мындайча эстеди:

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

“Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында көйгөйлөр пандемияга чейин эле өтө көп болчу. Аны айтып түгөтө албай эле жүрчүбүз. Орой айтканда, “биз кедей болчубуз, кийин бизди тоноп кетишкендей” болду. Пандемия болгону системанын чоң-чоң маселелерди таптакыр көтөрө албай турганын көрсөтүп койду. Дарылардын запасы жок, базалык дарыладын баасы асмандап, керек болсо 100 эсе кымбаттап кетти. Бир колдоно турган буюмдар, анын ичинде адистик халат, чепчиктер калбай калды. Беткаптар тартыш болуп, өзүн-өзү коргоочу каражаттардын, комбинезондордун наркы асмандап, кадимки эле бахилдер 100-200 сомго чыгып кетти. Баары башаламан болду. Ал министрликтен эмес, өкмөт, бийлик башындагылар тараптан болуп жатты. Медиктерге кыйын болду, баш-аягы жок буйруктар берилип жатты. Эмне үчүн “Каргашалуу июль” катталды. Анткени, биз башынан симптому жок адамдарды ооруканаларга толтуруп, абалы өтө оорлорго келгенде орун калбай калды. Биринчи топтогуларды башка өлкөлөр үйүндө кармап, дарылап жаткан. Абалы оорлорго бир маалда жардам керек болгондо, аларга дем алдыруучу аппараттар, орун, дары, тез жардам, айтор эч нерсе берилбей калды. Ошондон улам өлүм көп болду. Ошол мезгилде эч ким эч кимге байланыша албай, эч ким эч кимди укпай калган заман болуп калды. Иш жүзүндө система шал болуп калды. Ошентсе да биздин дарыгерлер кырдаалдан татыктуу эле чыкты деп эсептесе болот. Балким бийлик, өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги уят болушу мүмкүн, бирок дарыгерлер өз милдетин аткарды”.

Кыргыз өкмөтү ортодо коронавирус статистикасына байланыштуу анча-мынча алымча-кошумча кылды. Тагыраагы каза болгондордун ичинде ондогон адамдар аталган инфекциядан эмес, башка жагдайдан өлгөн деген тыянак чыгарып, курмандыктардын санын кыскарткан.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери расмий түрдө COVID-19дун 206 890 учуру аныкталып, бул илдеттен 2991 адам өлүмү катталган деп эсептелди.

Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева пандемияда, анын ичинде "Каргашалуу июлда" жалпы система сыналганын мойнуна алды:

Нургүл Ибраева
Нургүл Ибраева

“Ооба, Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы мына ушундай кырдаалдарга даяр эмес экендиги пандемияда, анын ичинде так ошол “Каргашалуу июль” айында белгилүү болду. Айта кетчү жагдай, мында жалпы эле дүйнөдөгү саламаттык сактоо системасы ушундай чоң чакырыктарга даяр эмес экени билинген. Эгер кайра өзүбүздүн жагдайга келсек, саламаттык сактоо системасынын бюджетинин тартыш болгондугу, ооруканалардын эскилиги жетип калганы жана кеп болуп жаткан тиешелүү тармактарыбыз инфекция боюнча талаптарга жооп бере албай калгандыгы ушундай кырдаалга алып келген. Анүстүнө бул инфекция өзү жаңы болчу да. Аны кандай дарылоо керек, эмне дары зарыл, кандай вакцина керек, ошонун баары чоң маселе болгон. Ковид башталган кезде нокдаун болуп калып, дары-дармекти алып келе албай калдык, медициналык керектүү жабдуулар өлкөгө киргизилбей калып жаткандыктан, дарыгерлер колубуздан келген гана жардамды берип отуруп калганбыз. Албетте, бул саламаттык сактоо системасына, биздин министрликке абдан чоң сабак болду. Аны биз моюнубузга алышыбыз керек”.

Баса, пандемия башталгандан бери мамлекеттик жана менчик саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген 8 миңдей кызматкер коронавирус жуктуруп алганы ырасталган. Анын ичинде өкмөттүк ооруканада иштеген жана вирусту жугузуп алганы тастыкталган 3520 кызматкерге 629 миллион 579 миң сом кенемте төлөнүп берилген. Баш-аягы 107 дарыгер ушул илдеттен улам көз жумган.

"Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлдү"

Коронавирус пандемиясынын, анын ичинде "Каргашалуу июлдун" сабагы демекчи, кыргыз бийлиги аны "дарыгерлерге жетиштүү шарт түзүү" деп түшүндүрүп жатат. Бул үчүн биринчи кезекте алардын маянасын көтөрүү башкы мүдөө катары каралган.

Президенттин администрациясынын башчысы жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда, Медицина кызматкерлеринин күнүн белгилөө учурунда бул жөнүндө мындай деди:

Акылбек Жапаров медиктер менен. 29-июнь, 2023-жыл.
Акылбек Жапаров медиктер менен. 29-июнь, 2023-жыл.

“Баарыбыз билебиз, физикалык жактан да, эмоционалдык жактан да абдан оор болду. Пандемиянын күчөгөн мезгилинде ар бир адам, кичинесинен чоңуна чейин колунда бары менен бөлүшүп жатты. Алдуусу алсызын сүйөп, жашы карысын таяп, камкордук көрүп жатты. Билимдүүсү илимин берип, ак сакалы батасын берип отурду. Бирок негизги жүк саламаттык сактоо системасына түштү. Элдин өмүрүн ажалга аралжы болуп сактап калган эмгегиңиздер үчүн сиздерге дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Баарыбыз ушул кризистен олуттуу сабак алдык. Адамдын ден соолугуна байланышкан мындай өзгөчө кырдаалдарда даярдыкты жана жооп кайтарууну күчөтүү зарыл экендигин билдик. Садыр Нургожоевичтин мага берген биринчи тапшырмасы ушул болду – билим берүү, саламаттык сактоо жана калктын аярлуу катмарына көңүл буруу. Кыргыз жаранын кыргыз жеринде кор кылбоо. Анткени пандемия убагында сиздерге көбүрөөк күч келгенин көрдүк. Бул тапшырманы биз колубуздан келишинче аткарып жатабыз”.

Акылбек Жапаров билдирүүсүндө тармакты каржылоо жылдан жылга өсүп жатканын өз сөзүнө мисал катары келтирди. Бирок ал пандемия башталган 2020-жылкы каржылоону кеп кылган жок. Анын айтымында, саламаттык сактоо системасына 2021-жылы жалпы 26,3 млрд. сом бөлүнсө, 2022-жылы 32,33 млрд. сом жумшалган. Ал эми 2023-жылы болсо бул тармакка 38,5 млрд. сом каралыптыр.

Медицина кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө келген дарыгерлер. 29-июнь, 2022-жыл.
Медицина кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө келген дарыгерлер. 29-июнь, 2022-жыл.

"2021-жылдын апрелинен тартып саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин маянасы 50%, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана жалпы практикадагы дарыгерлер үчүн маяналар 100% көбөйтүлдү. Бир жылдан кийин 2022-жылдын 1-апрелинен тартып алардын айлыгы орточо дагы 50% кошулду. Ошондо дарыгердин орточо айлыгы 2021-жылы 8598 сом болсо 2022-жылы 12 898 сомго көтөрүлгөн, дагы жогорулагандан кийин бүгүнкү күнү орточо айлык 19 346 сом болуп калды.
Эки жыл алдын орточо 8598 сом алган үй-бүлөлүк дарыгер былтыр 17197 сом алып жатты, ал эми быйыл 25 795 миң сом алып калды. Ортоңку персоналдын айлыгы 7826 сомдон алгач 11739 сомго көтөрүлүп, 2023-жылы 17 миң 609 сом колго ала баштады. Мен муну бухгалтериядан алып карап, банктар менен салыштырып көрдүм. Мунун баарын тактап айтып жатканым, биз жомок айтып жаткан жерибиз жок. Медициналык кызматкерлер ай сайын ушунча акы алып, өз үй-бүлөсүнө алып бара баштады. Биз бул сумма да аздык кыларын билебиз. Эгерде экономиканы, бюджетти көтөрүп алсак, маянаны дагы да көбөйтөбүз. Президентибиз Садыр Нургожоевич алдыңкы жылдары сиздердин айлыкты 35-50 миң сомго чейин көтөрсөк деген оюн, бизге тапшырма катары бергенин айтып коёюн", – деди ал дарыгерлердин жыйынында.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 2022-жылдын 1-ноябрында алынган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирус же COVID-19 боюнча өзгөчө кырдаал режими аяктаганын 2023-жылдын 5-майында билдирген.

Акыны жеген инфляция жана жетишпеген штат

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагынын орточо айлыгы пандемия башталган маалда – 2020-жылдын мартында 10 796 сом болгон. 2023-жылдын мартында бул сумма 20 694 сомго жетти.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы. "Азаттыктын" коллажы.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы. "Азаттыктын" коллажы.

Министрлер кабинетинин төрагасы да мисал келтиргендей, номиналдык көрсөткүч өсүп жатат. Бирок адистер бул да аздык кылып жатканын белгилешет.

Көз карандысыз эксперт Айбар Султангазиевдин ойлорун ортого салалы:

Айбар Султангазиев
Айбар Султангазиев

"Маселе жок, жакшы иш жасалды – дарыгерлердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү. Бирок аны инфляция жеп койду. Айталы, маяналар 5 миңден 10 миң сомго, же 10 миң сомдон 20 миң сомго көбөйдү. Эки үч жылдан бери инфляцияны көрүп жатабыз, азык-түлүк эки-үч эсе кымбаттады. Электр энергиясы, же башка да тарифтер көтөрүлдү, айтор бардык нерсенин баасы өстү. Азыр алган акча кайра эле мурдагы 5 миң сомдой эле болуп калды. Шарт ушундай болуп атса, анан эмне болот? Айла жок мурдагыдай эле бейтаптардын дарыгерлерге чөнтөктөн төлөмөйү улана берет. Биздин премьер трибунадан "мындан алып жатасыңар, тигинден алып жатасыңар" деп эскертүү берди. "Эненин жатынын операция кылып баланы чыгарууга 10 миң сом бериптир" деген мисалды келтирди. Бирок ошону карап көрөлүчү. Анда операциядан кийин тиккенге эле кете турган материал 2 миң сом турат, аны жөнөкөй жип менен байлабайт да. Аны мамлекет алат, бирок аз алат. Көпчүлүк адамдар ага өзү төлөшкө туура келет. Мындан сырткары колкап, тапичке жана башка нерселерден бери бейтаптарга алып келгиле дейт. Анткени, ооруканаларда акча жок. Ооруканага бөлүнгөн каражаттын 85% маянага гана кетет. Калган 15% дары-дармек, майда-чүйдө керектүү нерселерди алууга жумшалат. Анан алар эмне кылышат? Болбой эле тиккенге, анестезияга жана башка нерселерге кете турган материалды оорулуунун акчасына алышат. Бул жерде дарыгерлерди таптакыр күнөөлөй албайбыз".

Эмгек акынын аздыгына дарыгерлер башка мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эле көп жылдардан бери даттанып келет. Ошону үчүн саламаттык сактоо системасында дайыма кадр жетишпейт. Жогорку окуу жайларды жаңыдан бүткөн медиктер арасында мамлекеттик ооруканаларда эмгектенүүгө анча ашыкпаса, иштеп жаткан дарыгерлер жеке бейтапканаларга же чет жакта иштегенге кызыгышат.

Он жылча убакыт мамлекеттик ооруканаларда иштеген дарыгер Эрмек Исмаилов тапкан акчасы үй-бүлөсүн бакканга жетпегенден улам, былтыр декабрда иштен кеткенин белгилейт. Көтөрүлгөн айлыктар да аны кармап кала албаптыр.

Эрмек Исмаилов
Эрмек Исмаилов

"Мисалы бир ставкада иштеген дарыгерге мурдараак 15 миң сом төлөнсө, азыр 20-25 миң сомдой болуп калды. Мен 0,5 ставкада иштегеним үчүн 7-10 миң сомдун тегерегинде айлык алчумун. Тогуз жылдан бери түнү-күнү кезметте турганым үчүн бир ставкада толук иштегенге чыдай албай калдым. Ден соолугумду жеп бүттүм. Анткени, кызматкерлерге жүк көп, акысына жараша эмес. Же мен ошол айлыкка чыдап иштеп, стажымды узартып, ден соолугумду дагы да талкалашым керек эле, же чечим кабыл алып иштен кетишим керек эле. Көпчүлүк дарыгерлер айла жоктон эле иштейт. Айрымдар ишин сүйгөнү үчүн, кээлери өздөрүн башка жактан көрө албаганы үчүн кетишпейт. Бул жерден чыгып кетсем, каякка барам, деп коркушат да. Мен коркуп отурсам отура берчүдөймүн, андан көрө башка тармак болсо деле иштейин, үй-бүлөмдүн муктаждыктарын жабайын деп кетип калдым. Айлык мындан да жогорулатылбаса менимче саламаттык сактоо системасында коррупция аралашып жүрө берет. "Дарыгерлер акча алат" деп айтышат, ал жашыруун деле эмес. Айла жок болуп атпайбы. Кайра эле келип, карапайым элге кыйын болот".

Соңку маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 13 миң 775 жогорку билимдүү дарыгер, 33 миң 510 орто билимдүү медициналык персоналдар (мээрбандар жана башка адистер) бар. Демек, жалпы жонунан аталган тармакта 47 миңден ашуун киши иштейт экен.

Бирок өлкөдө калктын санынын өсүп жатканын эске алганда Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына кеминде 60-70 миңдей адис болушу зарыл экен. Анын ичинде дарыгерлер да, мээрбандар да керек. Муну өкмөт, министрлик деле түшүнүп турат. Бирок реалдуулук жана каржы аны орундатууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нургүл Ибраевага кайрадан сөз берели:

"Негизи кызматкерлердин кеп болуп жаткан санын мурдагыдан көбөйгөндөгүсү деп айтсак болот. Себеби, айлык көбөйүп, жаңы шарттар түзүлгөн соң сыртта иштеп жаткандар кайтып келишкен, жеке менчикте иштеп жаткандар кайтты дегендей. Албетте, бул дагы жетишсиз. Эгер дарыгерлерди эле алсак 13-14 миң кызматкер бизге аздык кылат. Биринчи кезекте кошумча үй-бүлөлүк дарыгерлер керек. Азыр алардын саны 1,5 миңдей болсо дагы 2 миңдей үй-бүлөлүк дарыгердин штаты ачылып, ишке алынышы керек. Анан кайсы бир багыттагы адистер (узкий специалист), айталы эндокринолог, педиатр, кардиолог, функционалист жана башка адистер да кошумча болсо жакшы болмок. Буларды кошкондо дагы 7-8 миң дарыгер керек. Жалпы жонунан калктын саны менен эсептегенде жогорку билимдүү эле адистерди алсак, Кыргызстанда 20 миң дарыгерге муктаждык бар. Муну үчүн биз айлык акыны 70-80 миң сомго чейин көтөрүп, анан кызматкерлерди сынак аркылуу алууга өтсөк кызматкерлерибиздин санын көбөйтүп алабыз. Айтор, мунун баары келечектин иши жана биз ошого жеткенге аракет кылабыз".

Шарт жана реформа

Албетте, саламаттык сактоо системасын оңдоо дегенде бир эле дарыгерлердин эмгек акысын көтөрүү эмес, жалпы шартты жакшыртуу эмеспи. Өкмөт үч жыл аралыгында медицина тармагын реформалоого, оңдоого жана кам көрүүгө катуу көңүл бөлүнгөнүн билдирип жатат. Буга аталган системага бөлүнгөн каражаттардын арбышы, жаңы ооруканалардын курулушу, тиешелүү аппараттардын сатып алынышы, эмгек акылардын көбөйтүлүшү сыяктуу нерселер мисал келтирилүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева мындай деди:

"Биздин эл аралык уюмдар, өнөктөштөр аркылуу ооруканаларга көп-көп медициналык жабдуулар менен камсыздандырылды. Бишкек шаарында эле эмес, облустардагы ооруканаларга санариптик рентген аппараттары жеткирилип жатат. Мурдагы жылды айтпаганда эле былтыр 54 санариптик рентген алынды. Анын ичинде стационардык жабдуулары эле эмес, мобилдик аппараттары да келди. Реанимация болуп калабы, же чукул дарылоочу палата болуп калабы көчүп барып, тартканга керек. Бул бейтаптарга, дарыгерлерге да ыңгайлуу. Андан сырткары жылдын башында беш облустагы мамлекеттик ооруканаларга компьютердик томография коюлду. Буга чейин мамлекеттик мекемелерде жоктугунан ал кызматты жалаң "Кортекс", же "Юрфа" сыяктуу жеке менчик ооруканалар көрсөтчү. 2020-жылы пандемия күчөгөн маалда компьютердик томография жок болгондуктан, анын да азабын тартканбыз. Себеби, анын акысы кымбаттап кеткен. Ал пневмониядан сырткары да башка ооруларга диагностика жасайт. Мындан башка керебеттер, УЗИ, жасалма дем алдыруучу аппараттар жана башка нерселердин баарын алып жатабыз. Ар бир ооруканада борборлоштурулган кислороддук станцияларды куруп жатабыз, азыр 80% мекемеде курулуп бүтүп калды. 2020-жылы тез жардам автоунаасы жетишпегенин билебиз, ошону үчүн биз соңку 2022-2023-жылы эле биз 100дөн ашык транспорт алдык. Ал жөн эле тез жардам автоунаасы эмес, реанимобиль. Маселен, Баткен облусу тез жардам автоунаалары менен толук кандуу камсыз болду. Дагы 300 транспорт келсе, калган облустарга калктын санына жараша бөлүнүп берилет. Транспорттун жалпы саны 1,5 миңге чукулдайт. Кадрдык базаны чыңдап жатабыз. Онлайн окутууларды баштадык, аймактагы дарыгерлер аймакта туруп эле аралыктан каалаган багытта окуп алат. Мындан сырткары мурда эки жылдык ординатурада окуп жатып иштеген кызматкерлерге маяна төлөнбөсө, азыр алардын экинчи жылында кадимкидей айлык алып иштөөгө шарт түзүлдү. Мындан сырткары интернатураны кайрадан киргизип жатабыз. Мында да студенттер иштеп жатып, айлык алууга мүмкүнчүлүгү болот. Мунун баары кадрларды тартуу максатын көздөйт".

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку билдирүүсүндө келерки эки-үч жылдын ичинде бир да авариялык мектеп, ооруканага жана эмкана калбай турганын, алардын баары жаңыланып, же оңдолуп-түздөлө турганын айтты. Ал медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн жаңы медициналык борборлор, ооруканалар жана клиникалар куруларын да тактады.

Медициналык жабдуулар модернизацияланып, жаңы диагностикалык аппараттар сатып алынат. Жапаров анын ичинде шишиктерди жана башка нерселерди кесүүчү жана дарылоочу "Кибербычак" (англ. CyberKnife) радиохирургиялык системасын, хирургиялык операцияларды жүргүзүүчү "da Vinci" (англ. da Vinci Surgical System) роботтук-жардамчы системасын жана башка лабораториялык жабдууларды сатып алуу да планда бар экенин кошумчалады.

Өкмөттүн жетекчисинин айтымында, мындан сырткары медициналык кызматкерлерди окутууга жана квалификацияга талаптар күчөтүлөт, дары-дармектер менен камсыздоодо баа саясаты жөнгө салынат, электрондук медицина өнүктүрүлүп, медицинадагы коррупцияга каршы күрөшүү катаалдаштырылат. Ошондой эле жеке клиникаларга талаптар күчөтүлөрү айтылды.

"Биз мына пандемияны, кийин эки ирет чек арада ири кайгылуу окуяларды баштан кечирдик. Мына ошондо биз кайсы жакта кандай дары бар экенин билген эмеспиз. Дарыларды изин аныктоо системасын аягына чыгарып алсак, кайсы дары кайсы жактан кирди, кимде сакталып турат аныктай алабыз. Бизде азыр 2500дөн ашык дарыканабыз бар, андагы препараттардын бир бөлүгүн толук тактап бүттүк. Мындан ары дагы калган дарыларды, бинт, йодго чейин, ар бир аптекада эмне бар экенин так көрөбүз. Айтор, дары-дармектер менен камсыздоодо жаңы кадамдарды баштадык. Бул боюнча үмүттөрүбүз чоң. Баары президентибиздин көзөмөлүндө турат. Монополисттердин баары жоюлушу керек. Элге сатып ала турган дарылардын баасы боюнча мүмкүнчүлүктөрүн биз кеңейтип беришибиз керек. Бул жерде өкмөт карап тура бербейт. Буга чейин айтып келгенибиздей, "Кыргызфармация" ишканасына 1 млрд. сом бөлүп бердик. Азыр онкология жана башка бир катар багыттар боюнча дарыларды сатып алууга мүмкүнчүлүктөрдү алды. Азырынча 436 млн. сомдук келишим түздү. Жакынкы эки-үч жылда "Кыргызфармация" толугу менен иштеп, дары-дармектерди заводдордон түз алып келип берип турат. Мындан ары ар бир башкы дарыгер бирден фармкологиялык компания ачып алып, өзү каалаган бааны коё албайт. Биз дарыларды чек арадан киргенден сатуучуга жеткенге чейинки жолун көрө турган системаны киргизе турган болсок, кампаларда эмнелер бар, заводдон чыккан баасы канча, сатыкка чыгып жатканы канча болду, баары көзөмөлдөй алабыз", – деди Акылбек Жапаров 29-июнда.

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, кеп болуп жаткан иш-пландардын алкагында 2023-жылы 20 жаңы жана заманбап оорукананы куруу пландалып жатат. Иш жүзүндө алардын бюджети чечилип калды.

Учурда Кыргызстанда жети Улуттук жана республикалык борбор, 59 Жалпы дарыгердик-практикалык борбор, 14 Үй-бүлөлүк медициналык борбор жана жети облустук борбор бар. Мындан сырткары айыл-кыштактарда иш алып барган 1067 Акушердик-фельдшердик пункту (ФАП), 151 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 147 Медициналык тез жардам станциялары биринчи аталган мекемелерге баш ийет. Мунун ичинен ФАПтар жана станциялар бир аз көбөйгөнү белгилүү.

Ошол эле мезгилде адистер жаңы имараттарды куруу, жаңы аппараттарды сатып алуу жана башка ушул сыяктуу иштерден сырткары, системанын өзүн да реформалоо чараларын күчөтүү керектигин айтып келишет. Бул боюнча медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасованын ою мындай:

"Биринчи маселе – айлык. Алар эмгек акыны "50-100% көбөйтүп жатабыз" деп жатат. Анысы болсо 5 миң сомдон 10 миң сомго көбөйтүлдү деген сөз. Ушуга азыр киши өз жанын багып, жашай алабы? Экинчи маселе – дарыгерлердин саны. Азыр калктын саны тынбай өсүп жатат, эл 7 миллиондон ашты, бирок дарыгерлер ошол эле боюнча турат. Айталы, айылдагы бир дарыгер 2 миң адамды тейлеши керек болсо, азыр жалгыз 20 миң адамды карап жатат. Акушер беш кош бойлуу аялды караш керек болсо, азыр ал 200 боюнда бар келинди тейлеп жатат. Балдар хирургу 100 баланы караш керек болсо, алар азыр миң баланы дарылап жатат. Бул деген болуп көрбөгөндөй чоң жүк. Ушундай шартта ким карай алат, ким иштей алат? Мында кызматкер уктабай, тамак ичпей, эс албай иштеши керекпи? Айлыкты көтөрдү, бирок мына ушул жагдайларды эске алуу менен көбөйтүү зарыл. Реформа-реформа дегенибиз менен, алгач базалык стандартты толук киргизүү керек. Базалык дарыларды, жабдуу, окутуу жана башка нерселердин базалык стандартын камсыз кылышсын. Дагы кандай реформа десек, бир нече нерсени айткым келет. Биринчиден, алгачкы кызматты көрсөтүп жаткан биринчи топту – бейтапканаларды күчтөндүрүү керек. Мүмкүн болушунча окутууну, маянаны, базалык камсыздоону чыңдаш керек. Алар оорулуулардын 80% камтып жатат, бирок алар 10% гана ишти аткарып жаткандай көңүл бурулат. Калган көңүлдү стационардык деңгээлге жумшай беришет. Жок, калктын баарын куду ошол бейтапканалар тейлеп жатат. Андан кийин гана изилдөө, операция, хирургия жана башка нерселер аткарылат. Экинчиден, каржылоону жетиштүү жүргүзүү керек. Медицина системасына жумшалып жаткан азыркы каржылоо чыныгы муктаждыктын болгону 30% гана канааттандырат. Сенин ишиңдин 30% гана төлөп берип жатса эмне кылыш керек? Калганын элдин, бейтаптардын чөнтөгүнөн алат. Башка кайдан алышат? Финансы министрлиги ансыз да Саламаттык сактоо министрлигине каржынын көбүн жыл соңунда берет. Алар декабрда кантип иштетип үлгүрөт? Айтор, каржылоону, сатып алууларды, бюджетти толук реформалаш керек".

Албетте, саламаттык сактоо системасын реформалоо тууралуу буга чейин да түрдүү платформаларда ар кандай ойлор айтылып келген. Барыктабасованын пикирин улай эксперт Айбар Султангазиевдин да модернизациялоо жана реформалоо боюнча "Азаттыкка" комментарийин сунуштайлы:

"Фактыларды карайлы, лаборатория жасалдыбы, жок. Аппаратуралар келдиби, жалаң донорлордун эсебинен анча-мынча келип жатат. Бирок бул деңиздеги эле тамчы. Анча-мынча жаңылоо, жабдууларды алуу жана маяналарды көтөрүүдөн башка системалуу өзгөрүштөр жок. Мен бул идеямды ар бир эле министрге айтып келем. Мен аларга "силер акчаны ары-бери чачпай, жети облуска жети ири борбор кургула" деп сунуштагам. Ошол жерге лабораторияларды куруп, диагностикаларды жаңыртып, баш калаадагы ооруканалардай шарт түзүп, айтор беш-алты жыл ошол эле жерлерге көңүл бурууну демилге кылгам. Эмне үчүн? Анткени ал борборлор муктаждыктарды жеринде чечкенге мүмкүнчүлүгү болсо, оорулуулардын баары Бишкекке агылбай, аймакта калмак. Дарыгерлерди, студенттерди АКШга, Германия, Түштүк Кореяга окутуп келип, "беш жыл иштеп бересиң" деген шарт менен так ошол аймакта кармаш керек болчу. Бирок биздин "медициналык элитада" – жалаң Бишкекте иштеген айтылуу дарыгерлерде ага кызыкчылык жок. Себеби, бейтаптар борборго агылып турса алардын чөнтөгүнө жакшы. Мен айтып жаткан нерсе эң эле жөнөкөй, эң эле оңой аткарыла турган иш. Чоң реформаларды жасамак тургай, мына ушуга да барбай жатышат".

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылы өлкөдөгү ооруканалардагы керебеттердин саны 41 миң болчу. Эл көбөйгөнү менен ал тескерисинче кыскарып отурган. Маселен, пандемия башталган 2020-жылы бул сан 26 миңге түшүп калган. 2023-жылдын биринчи кварталында болсо бейтаптар жатчу керебеттердин саны 25 миңден араң ашты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG