Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:28

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 1-июнуна чейин мамлекеттин маалымат саясатынын концепциясын даярдоо милдетин алдыга койду.

Концепциянын долбоорун даярдоочу эксперттик жумушчу топ түзүлүп, анын курамына маалымат тармагында иштеген адистер киргизилди. Маалыматтык саясат концепциясын түзүүнүн негизги максаты эмне жана ал кандай багыттагы иш-аракеттерди өзүнө камтышы керек? Кыргыз коомчулугунун бүйүрүн кызытып турган ушул маселе “Азаттыктын” “Арай көз чарай” таңкы талкуусунун кезектеги темасы болду.

Талкууга Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, философия илимдеринин доктору Теңдик Аскаров, Улуттук “Кабар” агенттигинин башкы директору, концепцияны даярдоочу эксперттик топтун мүчөсү Кубан Табалдиев жана Коомдук телерадиоберүүлөр корпорациясынын башкы директору, эксперттик топтун мүчөсү Илим Карыпбеков катышты.

“Азаттык”: Теңдик агай, Кыргызстан эгемендик алгандан бери маалымат коопсуздугу, маалымат саясаты зарыл деп айтылып эле келатат. Бирок президент Атамбаев маалыматтык саясаттын концепциясы даярдалсын дегенден бери анын мазмуну кандай болушу керек деген суроолор көбөйдү. Ошон үчүн адегенде мамлекеттик маалыматтык саясат деген эмне, аны жүргүзүүнүн максаты кандай деген суроого кыскача түшүндүрмө берсеңиз?

Теңдик Аскаров: Бул абдан кеңири түшүнүк. Аны иш жүзүнө ашыруу ар кандай кырдаалга жана жалпы мамлекеттик саясатка негизделип жүргүзүлүшү керек. Бирок анын негизги максаты - мамлекетти бекемдөө деген бирдиктүү бир багытта болушу зарыл.

“Азаттык”: Кубан мырза, Орусиянын 1997-жылы түптөлгөн мамлекеттик маалыматтык саясат концепциясы демократиялык маалыматтык коомду түзүү жана дүйнөлүк маалыматтык биримдикке кошулуу максаты менен түзүлгөн экен. Кыргызстандын концепциясынын негизги максаты эмне?

Кубан Табалдиев: Ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын коргой турган иштерди жүргүзүшү керек, болбосо мамлекеттүүлүккө шек келиши мүмкүн. Мамлекеттик коопсуздук деген түшүнүккө кирген көптөгөн көрүнүштөрдүн ичинен эң негизгиси маалымат коопсуздугу. Акыркы 25 жыл ичинде Кыргызстандын тарыхында чоң эки ийгиликтүү кадам жасалган. Алар демократия жана сөз эркиндиги. Демократия менен сөз эркиндигинин негизинде башка мамлекеттерге, анын ичинде Борбор Азиядагы өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда учурдагы талаптан аша чапкандык бар. Ошондуктан, маалыматтын агымы мамлекеттин коопсуздугуна туура эмес өңүттө бара жаткандыгы байкалып жатат. Алдыга коюлуп жаткан концепциянын негизги максаты - маалыматтык агымды Кыргызстандын кызыкчылыгына иштей турган багытка буруу.

“Азаттык”: Илим мырза, коңшу Казакстан 2003-жылдан бери маалымат саясатына жооптуу тармакты так аныктай албай, улам реформалап келе жатат. Кыргызстанда бул саясатты ишке ашыруу Маданият жана маалымат министрлигине жүктөлгөн боюнча калабы же башка мекеме болушу зарылбы?

Илим Карыпбеков: Маалымат саясаты десек, сөз эркиндигин гана түшүнө беребиз. Сөз эркиндиги анын бир гана компоненти. Ал эми ЖМКлар мамлекеттин негизги баалуулуктарын жайылткан, аларды жаңы өсүп келе жаткан муунга тааныткан, өлкөдө жасалып жаткан ири долбоорлорду ишке ашырууга үндөгөн курал болушу керек. ЖМКлар мамлекеттеги баалуулуктарды так билбегендиктен багыт чаржайыт болуп, ИМге, экстремисттик топторго утулуп, маалымат коопсуздугун камсыз кыла албай жатабыз. Анткени, азыр мурдагы кансыз согуштун ордуна маалымат согушу жүрүп, бир маалымат акты кара, караны актап салышы мүмкүн. Биздин маалыматтык багытыбыз так аныкталбагандыктан, баскыч-баскыч менен өнүгө албай жатабыз. Аны санариптик телевидениеге өтө албай жатканыбыз ачык далил.

Угармандын пикири: Сөз эркиндиги жөнүндө маселе биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлердин маалымат менен иштөөсүнө өтө катуу көз каранды. Анткени, алар мамлекеттин коопсуздугуна терс таасирин тийгизе турган маалыматтардын баары ошол жетекчи аткаминерлердин колунда. Ошон үчүн биринчи кезекте алардын жоопкерчилигин караш керек. Экинчиден, кыргыз гезиттери ашынган коррупционерлерди актаган маалыматтарды жайылтып, алардын жалданма жазгычтарына айланып кетти.

“Азаттык”: Теңдик агай, СССР мезгилинде ММК коомдун аң-сезимин керек саясатка бурмалоочу негизги курал болгон. Азыр Кыргызстанда миңдеген эркин ММК бар, алар дагы ошондой милдетти аткарышы мүмкүнбү?

Теңдик Аскаров: Ооба, алар курал болуп кетиши толук мүмкүн. Ошол саясатка тезинен көңүл буруу зарылдыгы келип чыкты.

“Азаттык”: Кубан мырза, кандай мамлекет болбосун маалыматтык саясат эки багытта, тактап айтканда, технологиялык жана мазмундук багытта жүргүзүлөт эмеспи. Кыргызстанда азыр спутниктик байланыш менен иштеген өтө көп телевидение, Интернет сайттары бар. Салыштырып караганда, алардын технологиялык абалы мазмундук абалдан жогорудай көрүнөт. Мындай көрүнүш Кыргызстанда маалымат саясаты аныкталгандан кийин аны максатка ылайык ырааттуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет деген ишеним барбы?

Кубан Табалдиев: Албетте, ар бир мамлекет акыркы технологияны колдонгонго аракет кылат. Алардын ичинде батыш мамлекеттери алдыга чыгып кетип, азыр Илим айткандай санариптик системага өтүүдө чоң маселелер чыгып жатат. Бирок, технологиялык абалды жакшыртып, мазмундук жактан артта кала турган болсок, анда мамлекеттик кызыкчылыкты коргой албай калган деңгээлде калабыз. Ошондуктан бизде журналисттик коомчулук эстен чыгарган бир нерсени кайра калыбына келтирүү зарыл болуп турат. Ал мамлекеттик кызыкчылык. Анткени, Кыргызстандагы ММКлардын 90% көз карандысыз каражаттар. Алар таратып жаткан маалыматтар жана алардын мазмуну өтө чаржайыт экендиги баарыбызга белгилүү. Алардын көбү Кыргызстандын өзүнө зыян алып келе тургандай маалыматтар. Ошонун баарын бир нукка сала турган болсок журналист болобу, ММКнын кожоюну болобу өзү жашаган мамлекетинин бекемдигин, өнүгүшүн камсыз кыла тургандай ишке киришет элек.

“Азаттык”: Илим мырза, Юрий Нисневич деген окумуштуу “мамлекеттик маалыматтык саясат - бул маалымат айдыңында улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн максаттардын жыйындысы” деп атаса, Мартин деген иликтөөчү “бул коомдун маалыматка болгон талабын идентификациялоо” деп белгилеген. Кыргыз коомунун маалымат мейкиндигиндеги улуттук кызыкчылыгы кандай жана концепцияда коомдун башкы талабы эмне деп белгилениши керек деген ойдосуз?

Илим Карыпбеков: Улуттук кызыкчылык - биринчи кезекте улуттук баалуулуктарды аныктоо жана аны жалпы коомго таңуулоо. Анткени, биз азыр тарыхта болобу, маданиятта болобу улуттук баалуулук эмне экендигин жана эмнеге умтулуу керек экендигибизди билбейбиз. Азыр кайсы ММКнын журналистинен же жетекчисинен силердин саясатыңар кандай деп сурай турган болсок, алар кожоюн эмне кааласа, кандай кызыкчылыкты көздөсө ошого жараша кызмат кылабыз деп ачык эле жооп беришет. Мисалы, тигини согуш керек же муну колдош керек деп айтышат. Эмне үчүн дегенде алардын кожоюндары ошондой көрсөтмө берип коюшкан. Ал эми элди эмнеге үндөшүбүз керек деп сурай турган болсок, эч кандай принципти туу тутушпаганы аныкталат. Биз маалыматтык саясатты аныктаганда ММКнын ар бир кызматкери биздин алдыбызда турган негизги жалпы милдетибиз ушул, мына ушул багытты ишке ашырышыбыз керек деген ишенимде болушу керек.

“Азаттык”: Кубан мырза, жакында эле Маданият жана маалымат министрлиги талкууга чыгарып, кайра алып салган Орусиянын ОРТ жана РТР телеканалдарына өзгөчө макам берүү тууралуу макулдашуусунун долбоору талаш жаратпадыбы. Кыргыз коомунун маалыматка болгон талабын аткарууда мына ушундай көрүнүштөрдүн таасири кандай болот баа бересиз?

Кубан Табалдиев: Кыргызстандын маалымат мейкиндиги белгиленген чектеги маалымат мейкиндиги эмес. Кыргызстанга мурдатан келип, өз маалыматын таратып, коомчулукка таасир берип жаткан өлкөлөр бар. Алардын ичинде СССРден мурас катары калдык болуп калган Орусиянын ММКлары бар. Ушу жагынан алганда аларга өзгөчө макам берип, расмий колдоо көрсөтүү Кыргызстандын маалымат коопсуздугун, албетте, чыңдабайт. Ошон үчүн коомчулуктун бул маселеге карата терс мамилеси Кыргызстандын өзүнүн мамлекеттик маалыматтык саясатынын концепциясын иштеп чыгууга түрткү болду. Ал концепцияны да Кыргызстандын өзүндө гана ишке ашырыла турган саясат катары карабашыбыз керек. Ал Кыргызстандын дүйнөлүк маалымат мейкиндигине чыга турган жана өз тепкичин ээлей турган багытын көрсөтө турган көз карашты калыптандыра турган, ага ММКларды жана жалпы коомчулукту тарбиялай турган документ болуш керек.

“Азаттык”: Илим мырза, жакында Журналисттер союзун жандантуу аракети журналисттер арасында катуу талаш жаратты. Журналист Нарын Айып өкмөттүн маалымат саясатына жооптуу маданият министринин орун басарынын союздун ишине байланышкан ошол жыйындарга катышканынан улам мындай демилге бийликтен чыгып жатат, себеби бийлик маалымат саясатын түзүү аракети менен бирге маалымат каражаттарын тизгиндеген жатат деп жазды. Буга негиз барбы?

Илим Карыпбеков: Эч кандай негиз жок, бул бир жактуу гана каралоо. Бул маселени көз карандысыз көптөгөн журналисттер көтөрүп чыгышты. Бул маселе жаңы эле чыккан жок, ал 15 жылдан бери талкууланып келе жатат. Журналисттердин өз ара биримдиги, укуктук-мыйзамдык негиздери жок, социалдык камкордукка алынбагандыктан жана иштерин ар дайым чаржайыт жүргүзүп келгендиктен ушул демилге көтөрүлүп жатат. Демилгенин негизги максаты - союздун биримдигине, өнүгүүгө багытталган.

Угармандын пикири: Мен Илим Карыпбековдун пикирине кошула бербейм. Ал киши КТРКнын бийлигине келгенден бери ар дайым сүйүү, арман ырларын берүү менен таң атырганга өтүштү. Ал эми мамлекеттеги көйгөйлөрдү ыр же башка чыгарма менен айткандарды эч качан көрсөтүшпөйт. Мисалы, Таласта, Жерүйдө жана башка жерлерде болуп жаткан коркунучтуу көрүнүштөрдү айтсак угушпайт, анткени чындыкты каалашпайт.

“Азаттык”: Кубан мырза, маалымат саясатын ишке ашыруунун башкы талабы коомду маалымат менен камсыз кылуу жана маалымат коопсуздугун бекемдөө эмеспи. Концепция кабыл алынгандан кийин ММКлардан тышкары мамлекеттеги бардык мекеме, уюмдардын жоопкерчилигин мыйзам менен бекемдөө зарылбы?

Кубан Табалдиев: Албетте, мамлекеттик органдар маалымат агымын түзүүдө бир багытты көздөбөгөндүгү айкын болуп турат. Эми ушул концепция иштелип чыкса, идеологиялык бир нукка салынат деген үмүттөмүн.

“Азаттык”: Эми бул концепцияны ишке ашыруу мөөнөтү канча жылга белгиленгени жатат? Ал мыйзам болбогондон кийин ишке ашыруунун ийкемдүү кандай механизмдери болушу керек? Же бардык милдеттер пресс-кызматтарга эле жүктөлүп калабы?

Илим Карыпбеков: Жок, пресс-кызматтарга гана жүктөлбөйт. Ал өзүнөн өзү өнүгүүнү шарттаган чакырыктар менен ишке ашуусу керек.

Кубан Табалдиев: Бул концепциянын долбоору иштелип чыгып, өзөгү түзүлгөндөн кийин башка механизмдер бара-бара калыптанат болушу керек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG