Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Кыргыз спортуна 90 жыл толду


Сочи олимпиадасындагы кыргыз спортчулары. 7-февраль, 2014-жыл

Сочи олимпиадасындагы кыргыз спортчулары. 7-февраль, 2014-жыл

Кыргызстандагы дене тарбия жана спорт тармагы түптөлгөндүгүнө 90 жыл болду. Кара-Кыргыз автономиялык облусунда Дене тарбия жана спорт боюнча облустук кеңеш 1925-жылы 8-апрелде иштей баштаган.

1925-жылы 8-апрелде Кара-Кыргыз автономиялык облусунда Дене тарбия жана спорт боюнча облустук кеңеш иштей баштаган. Анын төрагалыгына облустук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков дайындалган.

1989-жылдан бери Кыргыз спортунун тарыхын изилдеп китеп жазууга камданып жүргөн, Кыргызстандын бокс федерациясынын башкы катчысы, Азиянын бокс федерациясынын 3 жылдыз даражасындагы калысы Бедалы Алымкулов дени сак жашоого үндөгөн алгачкы аракеттер тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдады.

- Совет өкмөтү жаңы түзүлгөндө Коммунистик партиянын алдында элдин ден соолугун чыңдоо жана аскерге бара турган уландарды даярдоо максаты турган. Ошол себептен Борбордук аткаруу комитетинин алдында Дене тарбиянын жогорку кеңеши түзүлүп, 1925-жылы 8-апрелде кеңештин алгачкы жыйыны болгон. Бул иш 1936-жылга чейин коомдук иш катары саналган. Дүйнөдө согуштук аракеттер байкала баштагандыктан совет өкмөтү Дене тарбия кеңешин Республикалык комитет деп кайра түзгөн.

Ошол жылы кыргызстандык эң мыкты 150 спортсмен Москвада Кызыл аянтта советтик дене тарбиячыларынын биринчи парадына катышкан экен.

1941-1945 - Экинчи Дүйнөлүк согуш жылдары республиканын дене тарбия уюмдарынын бүткүл иши коргонуу мүнөзүндөгү милдеттерге багытталган.

1948-жылдан баштап өлкөдө спорттук ийримдер, спорттук аянтчалар арбын курулуп, калк саламаттыгына өзгөчө көңүл бурула баштаган. 1950-жылдардан кийин кыргыз спортчулары союздук спартакиадаларга, 1960-жылдан баштап Олимпиада оюндарына катыша баштаган. 1960-70-жылдары спортсмендердин жаңы тобу алдыга суурулуп чыккан.

Кожомкул атындагы спорт ордосундагы Олимпиадачылардын ардак тактасы. 6-апрель, 2015-ж. Бишкек.

Кожомкул атындагы спорт ордосундагы Олимпиадачылардын ардак тактасы. 6-апрель, 2015-ж. Бишкек.

​Олимпиада оюндарында алгачкы байгени кыргызстандык спортчулар 1980-жылы алышкан. Бул Москва олимпиадасында кыргызстандык 5 спортчу: Александр Мелентьев (тапанчадан ок атуу. 581 упай. жаңы дүйнөлүк рекорд), Каныбек Осмоналиев ( 52 кг. оор атлетика), Татьяна Колпакова (жеңил атлетика, узундукка секирүүдө 706 см. бийиктикти багындырып олимпиаданын жаңы рекордун белгилеген), Александр Блинов (ат спортчусу), Николай Чернецкий (жеңил атлетика, эстафета 400 м х 4) Олимпиада чемпиону болушса, эки спортчу Александр Абушахметов (фехтование) жана Сатымкул Жуманазаров (марафондук чуркоо) коло медалды тагынышкан.

Советтер Союзунун ыдырашына байланыштуу 90-жылдардан тартып Кыргызстан эл аралык спорттук аренага эгемендүү мамлекет катары чыга баштаган. Бул жылдары кыргыз спортунун өкүлдөрү бир катар кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Каржы тартыштыгынан тажрыйбалуу машыктыруучулар чет өлкөлөргө кетип, спортчулар эл аралык мелдештерге көп катыша албай калышкан.

Эркин күрөш боюнча СССРдин жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаев. Бишкек. 6-апрель, 2015-ж.

Эркин күрөш боюнча СССРдин жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаев. Бишкек. 6-апрель, 2015-ж.

​СССРдин жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаев эгемендикке ээ болгон мезгилден баштап каржы тартыштыгынан улам спорттун бир нече гана түрүнө артыкчылык берилип калгандыгын айтты.

- СССР учурунда кыргыз спорту жогорку чекке жеткен. Андан кийин эгемендикке ээ болгондо эң эле жөнөкөй спортчуларга тамак табуу кыйын болуп калды. Каржы тартыштыгынан көп мелдештерге баруу кыйынчылыктарды жаратты. Учурда мамлекетибизде спорттун күрөш, бокс, оор атлетика өңдүү айрым түрлөрүнө артыкчылык берилген. Өтө таланттуу спортчуларыбыз гана эл аралык деңгээлде дүйнө спортчулары менен тең тайлашып, жүрүшөт. Көп болбосо дагы бирден-экиден медаль алууга чамабыз бар.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов 20 жылга жакын убакыт созулган кыргыз спортундагы кризис акырындап жоюлуп бара жатканын айтып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат натыйжалуу сарпталса ийгиликтерге жетишсе болоорун кошумчалады.

- Быйылкы жылдын бюджети үчүн 573 млн. сом каралды. 2008-жылдары бул сумма 180. млн сомдун гана тегерегинде болгон. 4-5 жылда дене тарбия жана спортко бөлүнгөн акча көбөйдү. Бул каражат жетиштүү деп айтуудан алысмын. А бирок, оптималдуу пайдалансак коюлган тапшырмаларды аткарабыз. Буюрса жетишкендиктерибиз бар. Учурда элибиздин 10 пайызга жакыны спорт менен машыгат. Бул көрсөткүчтү жакынкы арада 12 пайызга жеткирүүгө аракет кылуудабыз. Иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн быйыл комитеттин алдында облустук өкүлчүлүктү түзөлү деп жатабыз. Буга чейин 20 жылга жакын убакыттан бери бул тармакта иштер токтоп калган.

Эгемендик мезгилинде дүйнөлүк аренада эң жогорку жетишкендиктерге ээ болгон кыргыз спортчулары саналуу болсо да аларды эске сала кетүү маанилүү. Кесипкөй боксчулар арасында Орзубек Назаров дүйнөнүн жети жолку чемпиону болду. Грек-рим күрөшчүлөрү Раатбек Санатбаев менен Данияр Көбөнов, эркин күрөш балбандары Кенжебек Өмүралиев, Алексей Крупняков жана Базар Базаргуруев да дүйнө чемпионатынын коло медалдарын тагынышты. 2008-жылы Бээжин олимпиадасында грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло байгени алды.

2014-жылы сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөн биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун чагылдырган такта. Кожомкул атындагы спорт ордосу. Бишкек. 6-апрель, 2015-ж.

2014-жылы сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөн биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун чагылдырган такта. Кожомкул атындагы спорт ордосу. Бишкек. 6-апрель, 2015-ж.

Эгемен мамлекет катары Кыргызстан континенталдык, ошондой эле дүйнөлүк деңгээлдеги бир катар эл аралык мелдештерди өткөрдү. Ага кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионаты, «кураштырма пирамида» боюнча Дүйнө чемпионаты (2012), эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты (2007), жаштар арасында оор атлетика боюнча Азия чемпионаты жана башка эл аралык мелдештер кирет. 2014-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлдү.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG