Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

1916: Бишкек да, Маскөө да уткан иш-чара


Кыргыз президенти А.Атамбаев, Орусия президенти В.Путин, Армения президенти С.Саргсян жана Молдова өкмөт башчысы П.Филип "Ата-Бейиттеги" жаңы эстеликке гүл коюуда. 17.9.2016.
Кыргыз президенти А.Атамбаев, Орусия президенти В.Путин, Армения президенти С.Саргсян жана Молдова өкмөт башчысы П.Филип "Ата-Бейиттеги" жаңы эстеликке гүл коюуда. 17.9.2016.

Борбордук Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн жүз жылдык мааракеси Кыргызстанда гана расмий белгиленүүдө. Орусиянын президенти В.Путиндин “Ата-Бейиттеги” эстеликке гүл коюп, таазим кылышы бул эскерүү жөрөлгөлөрү үчүн өзгөчө мааниге ээ.

1916-жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Түндүк Кыргызстандагы Улуу Үркүндүн жүз жылдык мааракесин расмий белгилөө аркылуу Кыргызстандын мамлекеттик бийлиги өзүнүн саясий эркин көрсөттү.

Ал эми КМШ мамлекеттеринин башчыларынын мааракелик саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусун кабыл алып, аяк оонанын (сентябрдын) 17синде Бишкек шаарынан түштүк-чыгыштагы “Ата-Бейит” эстутум жайына келди жана бул көрүстөндө ушул эле айдын башында расмий ачылган эстеликке гүл койду.

"Ата-Бейиттеги" 1916-жылкы көтөрүлүш басылганда набыт болгондорго арналган жаңы эстеликке гүл коюу аземинде Кыргыз президенти А.Атамбаев менен Орусия президенти В.Путинге бул эскерүү жөрөлгөсүнө шерик болуп Армения президенти С.Саргсян жана Молдова өкмөт башчысы П.Филип кошулду.

Гүл коюу аземи маалында Путин мырза башын ылдый түшүрүп, эскерүү ишаарасын жасагандыгы көпчүлүк кыргызстандыктардын купулуна толду.

Кыргызстанда 1916-жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жүз жылдыгы жана бул көтөрүлүш кандуу басылганда мерт тапкан 100 миңден ашуун кыргыздын, бир нече он миңдеген жети-суулук казактардын, көптөгөн дунгандардын, уйгурлардын ж.б. жергиликтүү тургундардын элесин эскерүүгө багытталган бул сыяктуу иш-чаралар тууралуу расмий Бишкек президенттик жардыкты жарыялаганда, айрым серепчилер “эми Кыргызстан менен Орусиянын өз ара мамилелери салкындайт ко” деп боолголошкон.

Арийне, Кыргызстандын бул кадамдарын Орусиянын азыркы бийлиги түшүнүү менен кабыл алды. Кыргызстандын мамлекеттик архив агенттигине Орусиянын архив бийлиги ачык колдоо көрсөтүп, падышалык архивдик даректердин көчүрмөлөрүн 2016-жылдын башынан тартып тоскоолсуз өткөрүп берип жатты.

Орусиянын өзүндө болсо атайын интернет барагында падышалык архивдик документтер ачык жарыялана баштады. Андан тышкары, илимий жыйындар да өткөрүлдү.

Мунун себеби эмнеде?

Башкы себеби – пост-советтик Орусия Федерациясынын мурдагы падышалык Орусиянын түздөн-түз мураскору болбогондугу. Демек, өтмүштөгү саясий режимдин жоопкерчилиги азыркы расмий Кремлге жүктөлбөшү керек.

Муну бүгүнкү Кремль да түшүнөт. Путиндин “Ата-Бейитке” келип гүл коюшу – расмий Бишкектин гана эмес, расмий Кремлдин да дипломатиялык утушу.

Ансыз да Борбордук Азиянын өлкөлөрүн өзүнө жакын тутууга алпурушкан Маскөө үчүн Бишкектин мындан жүз жыл илгерки окуяларды тынч маанайда эскериши жана азыркы Орусияга каршы эч кандай талаптарды койбогондугу эки өлкөнүн бийликтеринин ортосундагы тымызын дипломатиялык кеңешүүнүн мөмөсү болду.

Коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан 1916-жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук күрөштүн мааракесин расмий белгилөөдөн оолак болгону менен, алардын тарыхчылары жүз жыл илгерки окуялар тууралуу Кыргызстанда жана Орусияда интернетте кеңири жана ачык жарыяланган даректүү материалдарды кылдат изилдешүүдө.

Эгерде расмий Бишкек бул эскерүү чараларын уюштурбаганда эмне болмок? Анда атуулдук коому кыйла чыңдалган Кыргызстанда калайык өзү байма-бай демилге көтөрүп, 1991-жылы жана 2006-жылы уюштурган сыяктуу коомдук эскерүү чараларын бийликке кылчактап карабастан өткөрө беришмек.

Кыргызстанда "азыркы Орусия падышалык Орусиянын жүз жыл илгерки кыргын үчүн кыргыздардан кечирим сурашы жана контрибуция төлөшү керек" деп талап кылган топтор да жок эмес.

Демек, 1916-жылкы окуяларды расмий эскерүү аркылуу Кыргызстандын бийлиги өлкөдөгү атуулдук ынтымакты кыйла чыңдоого жетишти. Орус президенти В.Путиндин "Ата-Бейиттеги" бул эскерүү жөрөлгөсүнө катышуусу болсо Бажы биримдигине киргенден кийин улам жаңы көйгөйгө кептелген кыргызстандыктардын айрым топторунун анти-орусиячыл терс маанайын өзгөртүүгө огожо болгонсуду.

XS
SM
MD
LG