Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

1980-жылдардын аягы - 1990-жылдардын башында СССРдин кулашын жана Кыргызстанда эгемендик жарыяланышын шарттаган, даярдаган далай тарыхый окуялар орун алган. "Азаттыкта" көп жылдар кабарчы, серепчи жана жетекчи болуп иштеген тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин менен бирге ошол кезеңди эскерип, доор тогошкон учурдун жүгү тууралуу аңгемелештик.


Венера Сагындык кызы: Сиз дагы, мен дагы советтик мектепте, советтик университетте билим алдык. Советтик системада калыптандык дегендей. Анан эле 1980-жылдардын аягында сиз, Жумагазы Усупов, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналиев жана башкалар "демократия", "эркиндик" деген жаңы сөздөрдү айтып, тегерегиңердеги кишилерди жаңы идеяларга сугара баштадыңар. Ошондой ойго, ошондой идеяга сиз кантип келдиңиз?

Тынчтыкбек Чоротегин: Бул суроонун эми бир нече тармактары бар. Ар бир тармагына мен өз алдымча келдим го дейм да. Бирок алар баары бириккенден кийин жалпы жан дүйнөмдү, саясий көз карашымды дагы таптакыр башкача нукка бурган башкача сереге чыктымбы деп ойлойм.

Биринчиден, тарых маселеси боюнча, мен адегенде студенттик кезде, кийин жаш мугалим болуп жүргөндө да биз ошол кездеги диссидентибиз, жазуучу, публицист Түгөлбай Сыдыкбековдун Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине жазган нааразылык катын бири-бирибизге жашыруун берип, көчүрүп окуган элек.

Ал кат жалаң тарых боюнча эле. Түгөлбай Сыдыкбеков анда 1984-жылы советтик бийликтин катаал цензурасынан өтүп жарыяланган расмий Кыргызстандын тарыхы боюнча китепте Эне-Сай кыргыздарынын тарыхы таптакыр четке кагылганына каршы чыккан эле. Ал кат ошол кездеги жаш тарыхчыларды, жетилип келаткан жаш публицисттерди ойготкон кат болгон.

Экинчи жагынан, Чыңгыз Айтматовдун дагы “маңкурттар” тууралуу бир ураан чакырган, каймана тил менен элди ойготкон чыгармасы – ушул дагы коомду жанданткан көрүнүш болгон.

Андан тышкары, белгилүү казак калемгери Олжас Сулейменовдун “АзиЯ” («Аз жана Я») деген чыгармасы да жашыруун окулган китеп болуп калды. Себеби ал жарыялангандан кийин сатыктан алынып салынган.

Анан дагы бир нерсе – Совет доорунда кыргыз элинин бардык көтөрүлүш, улуттук-боштондук кыймылдары реакциячыл деп кара тизмеге жазылып турган учурда айрым бир окумуштуулар чыккан. Мисалы, теги казак болгону менен сөөгү кыргыз болуп калган Анварбек Хасанов агай.

Ал: “жок, бул көтөрүлүштөр элдин таламын талашкан, кызыкчылыгын коргогон, кыргыздын келечеги үчүн болгон, ошондуктан алар прогрессивдүү деп каралышы керек” деген ойду жазып чыккан. Мына ушулардын баары кандайдыр деңгээлде бизди жакшы мүнөздөгү улутчулдукка тарбиялаган.

Венера Сагындык кызы: Сиздер ошондо улутчулдук аң-сезимин жандантуу идеясынын тегерегинде бириккен турбайсыздарбы. Ошондо кандай чогула баштадыңар? Тымызын жыйындар бар беле, кантип уюштуңар, кантип чогулдуңар?

Тынчтыкбек Чоротегин: Мен эми адис катары ошондой улутчул болуп акырындап калыптанганым менен, бирок саясаттан алыс элем, чынын айтыш керек.

Азыр эстесем, 1988-жылы Кыргызстанда бир чоң бурулуш окуялар болгон экен. Жаштарда бир дилгирлик, «биз дагы элбиз» деген бир аракеттер боло баштаган экен.

Мен Ташкенде аспирантурада окуумду бүтүрүп кайтып келдим. Ошол учурда интеллигенция, жумушчу жаштар арасында да, көркөм өнөр өкүлдөрү арасында да уюшалы деген бир кыймылдар пайда болгон.

Балким, алар тээ Балтика боюндагы, Маскөө, Ленинграддагы окуяларга шыктангандыр.

1989-жылы биз алгач Жаш тарыхчылар жамааты деген бейөкмөт уюмду ачалы деп аракет кылып жүрсөк, ага туташ үйү жок жаштар социалдык көйгөйлөрү чечилбеген жаштардын бир уюмун түзөлү деп аракет кылып жаткан экен.

Венера Сагындык кызы: Ооба, ошол жылдары студенттер арасында “өзүбүз кыргыз болуп туруп, Кыргызстанда тепсендиде, кысым алдында калган турбайбызбы” деген сезим күчөп, жалпы эле жаштар Фрунзедеги жетекчилерге гана эмес, Москвадагы чоңдорго да сес көрсөтө баштабадыбы. Эсимде, ошондой күндөрдүн биринде университеттеги коридордон кетип баратсам, сиз окумуштуулар кеңешиндеби, бир жыйында жалындуу сөздөрдү айтып, берки ондогон жылдардан бери иштеген окутуучу, профессорлор башын чайкап, сизди бир асмандан түшкөн кишидей эле кабылдап жатышыптыр. Ошондой деңгээлге, окумуштуулардын жүрөгүнүн үшүн алган жашоого кантип келдиңиз дейм да?

Тынчтыкбек Чоротегин: Эми “кантип силер ушул улуу муундагы кишилердин жүрөгүнүн үшүн алган деңгээлге келдиңер?» деген суроого мен бир эле жообумду айтат окшойм.

Жаштык жигер ал кезде мухит баягы кызыл ашыгыңдын ылдый жагында гана тургандай болуп, эч нерседен коркпой, өмүрдүн баасын аларга караганда биз башкача көрдүк, ушул нерсе да чоң фактор болду окшойт.

Анан ошол кезде биз “кайра куруу доорунун мууну”, коркпогон муун болдук.

Анан биздин көргөнүбүз, алган маалыматыбыз бизден улуулардыкынан башкача болду. Ошондуктан бизге, жаштарга, эски стереотиптерден бошонууга жеңил болду.

Венера Сагындык кызы: Уюшуп отуруп анан бир күнү Кыргызстандын тарыхындагы эң алгачкы ачкачылык акциясын баштадыңыздар. Ошол кезде кылычы бекем, аңдып-соттомой системасы күчтүү КГБдан корккон жоксуңарбы?

Тынчтыкбек Чоротегин: Ооба, 1990-жылдын октябр айында мени «Кыргызстан» Демократиялык Кыймылы (КДК) Киевге жиберип, ал жакта жарыяланган саясий ачкачылык чарасын көрүп, ал жерде оппозициялык жыйында чыгып сүйлөп кайра кайтып келдим.

Анан көп узабай Кыргызстанда да коммунисттик партиянын монополисттик жалгыз партиялык бийлигине каршы ачкачылык баштадык.

Ошондо “мына, эртең таңкы 7де баланча жерден жолугуп баштайбыз” деп тарап кеткенден кийин мен бир туугандарым, бүлөм үчүн өтө түпөйүл сезимде болдум. Түнү бою ошолорду ойлоп аттым.

Бирок экинчи жагынан берки намыс да келди. Жарыялап койгон соң, мен барбай койсом уят болом деген ой күчтүүлүк кылды.

Эртеси «келебиз» деп келбей койгондор да болду чынында.

Алгач жети киши чыктык. Акыры жүз элүүгө жакын киши ачкачылык жарыялашты, арасында далай студенттерим болду. Жети күн азыркы Ак үйдүн астында күнү-түнү ачкачылык кармадык.


Маекти алып барган – Венера Сагындык кызы, “Азаттык” үналгысынын деректири.

P.S.
Тарых илимдеринин доктору, илимпоз жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин ушул апта башында "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесиндеги көп жылдык ишин токтотту. Биз ага мындан аркы илимий, чыгармачыл жана коомдук иштерине албан ийгилик, аманчылык каалайбыз!

Ошол 1990-жылкы саясий ачкачылык иш-чара кандай максатты көздөп, Кыргызстандын тарыхына кандай өзгөрүү алып келгени, “Азаттыктын” эгемен Кыргызстандагы эң алгачкы кабарчылары кантип иштегени тууралуу Тынчтыкбек Чоротегин менен маекти толугу менен бул жактан угуңуздар.








пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG