Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

"Халал" дегендин баары эле адал болбойт


"Дордой" базарындагы акча алмаштыруучу жерде илинген көрнөк.
"Дордой" базарындагы акча алмаштыруучу жерде илинген көрнөк.

Аалам – бизди курчап турган кең дүйнө, Асман, Жер, Күн, Түн, Ай, жылдыздар. Жерден башка дагы Күндү айланган сегиз планета бар. Миллиарддаган жылдызды кучагына батырган Саманчынын жолудай галактикалар. Ошондуктан аалам чексиз деп айтылат.

“Манас” эпосунда “Жеткен жан келер жөргөлөп, Жердин үстү дөңгөлөк” деген саптар бар. Аалам деген “Манаста” жумурай журт, бүт дүйнө, бардык эл деген маанини да туюнтат.

“Аалы, кээде наалы” деп да коюшат. “Наалы” сөзүнүн “нааразы болуу” деген маанисинен башка бир мааниси өтүктүн такасын жешилип кетүүдөн сактоо үчүн кадалган айчык темир. Аны ушинтип “аалы же наалы” деп аташкан.

“Аалым” деген сөз бар. Билимдүү, илимдүү, окумуштуу адамдарды аалым деп атаган.

“Абайы менен жабуулап” дейт. Абайы деген кыл кошулуп жүндөн токулган калың кездеме же кооз ат жабуу.

“Абалтан” дегендин мааниси “байыртан”, “илгертен”, “мурдатан” , “эзелтен” деген сөз.

“Адам Ата”, “Аба Эне” же “Обо Эне” деп да атайт. Библия менен Куранда адамзаттын түпкү атасы же жарык дүйнөгө биринчи жаралган кишилер – Адам Ата , Аба Эне болгон. Ал экөө Бейиштин багынан шайтандын тилин алганы үчүн Жараткандын каарына калып, бейиштен кубаланып жерде жашап калгандыгы айтылат.

“Адамноо” деп коет. Же жапайы адам. Киши кийикти кыргыз ушинтип “адамноо” деп атаган.

“Ажо” деп жүрөбүз. Тарыхка таянсак, Энесай кыргыздарын 840-жылдары “Ажо” башкарып тургандыгы, 847-жылдары ажо дүйнөдөн кайткандыгы, ошондон тартып кыргыздар бөлүнүп-жарылып, бирин-бири укпай, бытырап кеткендиги тууралуу баяндалат. Мындан улам кыргызда “Ай деген ажо жок, кой деген кожо жок” деп айтылып калган.

“Адал”. Таза, ак иш, адилет жумушту, жеп-ичкенге тыюу салынбаган тамак-ашты кыргыздар “адал” деп койгон. Бул арабдын “халал” деген сөзүнүн биздин кыргыз тилине кирип, тил мыйзамына ылайык кыргызчаланып “адал” болуп айтылып калгандагысы.

Бүгүнкү Асман-Жердин асты менен үстү кирдеп турган заманда, аба менен чөп, жер менен суу булганып турган заманда жакшылык үчүн же башка бир муктаждык үчүн сойгон малдын кекиртегине бычак такап туруп “Омийин!” деп койсо эле сойгон мал “адал” болуп калбайт. Ошондой эле “Халал” деген дүкөндөрдөгү атайын ветеринардык текшерүүдөн өттү деген документи болбогон дүкөндөрдөгү азыктардын баары эле “адал” экендигин бир Кудайдан бөлөк эч ким билбейт. “Омийин!” деп берилген молдокелердин кагазы менен эле баары “адал” болуп калбайт. Муну да эсиңиздерге сала кетели.

XS
SM
MD
LG