Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Президенттин айылы


Президенттик көчөдөгү терезенин көрүнүшү
Президенттик көчөдөгү терезенин көрүнүшү

Франция жаңы президентин тандап жаткан ушул тапта cапар буюруп, бул өлкөнүн мурдагы президентинин айылына барып калдым.

Айылдын көркөмдүгүнөн, зымылдаган жолдорунан көз тайгылат. Тээ алыскы Корея, Түштүк Африкадан бери туристтерди өзүнө тарткан орто кылымдардан калган заңкайган чебин, андан да мурда салынган роман стилиндеги чиркөөсүн айтпай эле коеюн, эс ала турган кең-кесири бак-шагы, балдар ойной турган аянтчалар, рестораны, жергиликтүү азык-түлүктөргө артыкчылык берген дүкөнү, туризм кеңсеси, почтасы, айтор күнүмдүк жашоосуна зарыл бардык нерсе бардай. Мен көрбөгөнү дагы канча, ким билет.

Парижден 250 чакырымдай түштүктөгү Сан-Сатурна айылын кыдырып жүрүп, өткөн жайда бир эжеме учурашканы апамдын айылына барганымды эстедим. Нарындын салкын жайы болчу. Айылга машина менен баратканбыз, көчөнүн кесилишинде үч аксакал турган экен, “Улуу кишилер менен түшө калып учурашуу керекпи?” десем, эжем “Ой койчу, ушуларды арак аңдып турушат!” деди. “Мал карашпайбы?” десем, малды койчу жалдап, жайлоого айдап жиберишкенин айтты.

Өмүр бою мектепте мугалим болуп иштеп, азыр ардактуу эс алууда жүргөн эжем күйгөнүнөн бир аз көбүртүп-жабыртып жатса керек деп койдум ичимен. Кантип эле бардык аксакалдар арак аңдып, көчөдө жүрүп калсын. Өзүнүн абышкасы үйүндө эле отурат го, мисалы.

“Мечитке барышпайбы?” десем, “Барат, анан кайра ичип кетишет” деди. Анан ар жакта чала бүткөн имаратка кол жаңсап, “Тиги мечитти берки коңшу арабдардан акча алып салып жаткан, анан жеп койгон экен, арабдар башка акча бербей коюшуптур, тигине бүтпөй турат”, - деди.

“Анда бала бакчага берип койбойбу?” десем “Сурап барышса макул болбой коюптур” деди.

Албетте, Кыргызстандын эң бир алыскы жана эң бир жарды кыштагын дүйнөдөгү эң бир бай өлкөлөрдүн бириндеги кулпурган айыл менен салыштыруу этикага да жатпаса керек.

Болгону биздин айылда мал-жандуу элдин жеке маданиятынын кадыры кетип, жаңы замандын жыргалынан кудай айтпаганына ичтен сызасың. Эл жакшылары дегендер бильярд бөлмөсүн, мечит, бабаларына заңкайган эстелик курушуптур (албетте, атчан баатырдын эстелиги). Ал эми мамлекеттин мектеп менен балдар бакчасын каржылагандан башкага алы келбей, каржалып турганын көрүп ичиң ачышат. Ким күнөөлүү десең, албетте, Атамбаев күнөөлүү дейбиз, бирок дээрлик эч ким салык төлөбөсө, мамлекет эмнесине айылды гүлдөтөт?

Мамлекеттин колунда каражат болгондо кинотеатрда күнүгө көркөм тасмаларды көрсөтүп, маданият үйүндө жеткинчектер үчүн ийримдер ачылып, мугалимдер балдарды Бишкекке чейин көргөзмө-сынактарга алып барып турушмак. Уландар өз салтын билген чыйрак жаштардан болуп өсмөк. Балдары урматтаган аксакалдар ден соолугун чыңдап, жаштарга жөлөк болгонду ойломок.

Францияда болсо, бир сом кирешеңдин да 50-60 тыйынын мамлекетке бересиң, бербесең балээсине каласың. Ошого жараша бардык дарылануу бекер, коомдук транспорт зыпылдайт, кары-картаң, балалуулар көчөдө калбайт, ар бир шаарда жумушсуздарды иш менен камсыз кылуучу курстар иштейт.

Айтор Франциянын мурдагы президенти Валери Жискар Д'Эстендин айылын бир сыйра кыдырып чыккыча ушул өңдүү күлүк ойлорго жетелендим.

Айта берсе арман көп, андан көрө ошол сапардан сүрөттүү баянды окуп коюңуз.

Сан-Сатурна айылынын көрүнүшү
Сан-Сатурна айылынын көрүнүшү

Валери Жискар Д'Эстен Францияны 1970-жылдары эки мөөнөт башкарган. Анын айылы Франциянын борбордук аймагындагы Клермонд-Ферранд шаарынан 20 мүнөттүк жерде жайгашкан.

Бир көргөндө шаар эле го деп ойлойсуң - көчөдө тоок, уй же башка жандык көрүнбөйт, бирок чурулдаган балдардын да карааны жок. Ал эми 90 жаштагы Валери Жискар Д’Эстен азыр Франциянын түштүгүндө жашайт экен.

Патриция
Патриция

Патриция англис тилинен мугалим болуп иштеп, мектеби алыс болгондуктан, айылдагы бистрону сатып алышыптыр.

Бистро (орусча “быстро” деген сөздөн чыккан) айылдын маданий очогу да катары кызмат кылат, эртели-кеч айыл тургундары ушул жакты сагалашат – бири гезит алганы келсе, бири барда пиво, кофе ичип, соңку жаңылыктарды угуп кетишет. Бир ыптасындагы бөлмөдө англис тил клубу иштейт. Аны Патриция уюштурган.

Сан-Сатурн айлындагы дөбөдөгү көчө
Сан-Сатурн айлындагы дөбөдөгү көчө

Бул көчөдө экс-президент Д'Эстендин үй-бүлөсүнө тиешелүү менчик үйлөр жайгашкан. Солдогу үйдө Патрициянын кайненеси карылык күндөрүн өткөргөн экен.

Бүгүн кайнежеси мында туристер токтоочу мейманкананы иштетет. Айылдын негизги киреше булагы туризм болуп калган.

Европада ар бир эле айылда чиркөө турат, бирок ар бир эле айылдан мынча мартабалуу чиркөөнү таба албайсыз.

Чиркөөнүн көрүнүшү
Чиркөөнүн көрүнүшү

​12-кылымда салынган бул имараттын эшиги, албетте, бүгүн бардык киргендер үчүн ачык, анткени Францияда чиркөөлөр жана башка диний мекемелер 18-кылымда эле айтылуу ыңкылаптардан кийин коомдук жайларга айландырылган. Тилекке каршы, айылдын так ортосунан өткөн жолду дагы кеңейтип, машина кыймылы көп болуп кеткендиктен, Сан-Сатурна “Эң кооз айыл” деген наамынан айрылып калыптыр.

Мурдагы көрүстөнгө кире бериштеги дарбаза
Мурдагы көрүстөнгө кире бериштеги дарбаза

Чиркөөнүн маңдайындагы бул бак мурда айылдын көрүстөнү болгон. Анын дарбазасынын үстүндөгү жазуу дээрлик өчүп калган. Билгендер анда “Биз силердей болчубуз, бир күнү силер да биздин кейпибизди киесиңер, ушуну эсиңерден чыгарбагыла” деп жазылгандыгын айтышат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG