Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

Борончу: Жашообуздун өзү саясат


Борончу Кудайбергеновдун концертинин афишасынан
Борончу Кудайбергеновдун концертинин афишасынан

“Азаттыктын” студиясында куудул Борончу Кудайбергенов “120 кой”, “ГАИчилер”, “Сатиралык саясий жаңылыктар” монологдорун жана саясатчылардын куудулдарга болгон мамилелери тууралуу айтып берди.

​"Азаттык": Эл оозунда былтыркы концерттик программалар, мисалы, Тынар Курбаналиев, Абдылда Иманкулов менен аткарылган сатиралар байма-бай айтылып жүрөт. Соңку программаңыздар да “Биз баарыбыз жиндибиз” деген провокациялык аталышта өттү. Бул сөз кимдерге багышталган?

​Борончу Кудайбергенов: Кудай сактасын. Эч кимге түздөн түз тиешелүү эмес. Туура эмес иш кылганда адам өкүнүп “Ушундай кылган менде мээ жок экен! Жинди экенмин” деп айтып калат го. Анан кээде туура эмес кылып жаткан адамдын ишин баамдабай кошо чурулдай беребиз. Ошол тууралуу тамаша иретинде айтылган сөз. Адамдын өзүн сындоо, какшыктоо иретинде айтылган.

​"Азаттык": Жаңы жылдык концертти адатта эл смартфонго тарта коюп, соцтармакка тез эле тарап кетчү эле. Быйыл жаңы концертиңерди интернеттен таба албадым. Мага кызык болуп жатат. Бул жолу эмнелер камтылды?

Борончу Кудайбергенов: Бул концертте 80% үй-бүлөлүк, тагыраак айтканда, жубайлар тууралуу тамашалар көбүрөөк айтылды. Ал эми программанын “Биз баарыбыз жиндибиз” деген аталышы Абдылда агайга тиешелүү. Ал киши муну менен шайлоо учурундагы элдин жүрүм- турумун айткысы келди окшойт. Бизде мындай эмеспи, элибиз туура эмес тандап алып “Ой биз жинди экенбиз, келесоолук кылыппыз” деп айтып, кийинки шайлоодо кайра эле туура эмес тандоо жасайбыз да.

​"Азаттык": Былтыркы программаңардагы"120 кой", МАИчилер тууралуу сатираларга саясатчылар кандай реакция кылат? Концерттерде даана эле биздин саясатчылардын жүрүм-туруму, кылган иши, калың элге болгон мамилелери чагылдырылган эмеспи? Жамандык-жакшылыкта жолугуп калсаңыз эмне дешет?

Борончу Кудайбергенов: Жалпы кемчиликти туура түшүнгөндөр рахмат айтышат. Силер туура айтып жатасыңар дегендери да бар. Кээ бири “Ии, койлор менен чогуу чай ичкени келдиңби?” деп тамашалайт.

Борончу: Саясатка аралаша беребиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00
Түз линк

​"Азаттык": Жакалаган учурлар болду беле?

Борончу Кудайбергенов: Уруша кеткендер болот. “Биз эмне силерге мал көрүнүп жатабызбы. Бизди эмнеге койго теңеп жатасыңар” дешет Анан “Ой, биз силерди эмес, койлор анан эчки тууралуу айтканбыз. Силер жөнүндө ким айтты?” десем, анткорлонбой жөн жүр деп зекигендер бар. Сөз ээсин табат, чычалап аткан болсоңор демек сизге да тиешеси бар окшойт деп калам.

Анан мен “Азаттыкка” келе жатканда сиздерге окшоп бир аз жаңылык жаза келдим эле. Ошону окуй кетейин, Биринчи жаңылык: Жакында Ош-Бишкек жолу 80 чакырымга кыскарат. Эмнеге десеңиз?

​"Азаттык": Эмнеге?

Борончу Кудайбергенов: Себеби, Токтогулда суу калбай калып, айланып отурбай түз эле өтө беребиз. Экинчи жаңылык: жакында бир депутатыбыз “түрмөдө абал начар” деп айтып чыкты. Анан башкалары “сен кайдан билесиң?” десе, өзү отуруп чыккан экен. Кийинкиси: Парламент алдында жаңы компьютердик курс ачылды. Себеп дегенде жаңы чакырылышка чогулган депутаттардын арасында компьютерди алгач ирет көрүп жаткандар бар экен. Аларга “ооба” жана “жок” деген баскычты үйрөтүп койбосо “ообаны” баса берип, Кыргызстандын жер-суусу толугу менен сатылып кетпейби. Акыркы жаңылык: Чолпон-Ата менен Бостери ортосунда жашынакай теректер бар болчу. Айтылуу Сүймөнкул менен Таттыбүбү аралап тасмага түшкөн. Ошол теректер кыйыла баштады. Бул МАИ кызматкерлери арасында нааразычылык туудурду. Себеби, МАИ кызматкерлери ошол теректерге жашынып, машине тосуп жан бакчу экен.

​"Азаттык": Сатиралык жаңылыктарыңыз жакшы экен. Буга чейин саясатка аралаштыңыз эле, дагы бир жолу ага кайтуу планда барбы?

Борончу Кудайбергенов: Биздин жашообуздун өзү саясат. Бийлик менен элдин ортосундагы чындыкты, эл жеткире албай жаткан көйгөйдү бийликке жеткирген көпүрөбүз деп ойлойм. Тамаша абдан курч, бирок ошол эле мезгилде жымсал курал. Себеби, олуттуу маселелерди тамаша менен айтканда бийликтегилер өзү да макул болуп күнөөнү моюнуна алышы жеңил болот. Демек, биз учурда да саясатка аралашып жашап жатабыз. Пайдасы - элдин көңүлү көтөрүлөт.

​"Азаттык": Маегиңизге рахмат! Чыгармачылык каалайм.

Борончу Кудайбергенов, Тынар Курбаналиев, Абды Кадырматов "Азаттыктын" студиясында. (04.12.2012-жыл)

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG