Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:28

Куудулдар: саясий сатирага чычалагандар да бар


Куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев.
Куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев.

Акыркы жылдарда Кыргызстанда саясий сатира жанры кайрадан жандана баштады.

Куудулдардын саясий элитаны каймана сынга каптаган "120 кой" тууралуу тамашасы коомчулукта кызуу талкууга алынып, угармандар арасында чыгарма авторлорунун коопсуздугуна тынчсыздангандар да бар. Бирок куудулдар саясатчылар тамашаны жакшы кабыл алганын айтышат.

Сөз болуп жаткан сатира авторлорунун бири Борончу Кудайбергенов бул чыгармада каймана чагылдырылган саясатчылар жолугуп калган кезде анча-мынча нааразылыктар айтылып жатканын ырастады:

- Эки депутат мага кийин тойдон жолугуп алып “силер бизди малга теңейсиңер, сен чабылып кетесиң, антип кетесиң, минтип кетесиң” - деген сөздөрдү айтты. Дагы башка бирөөсү “силерди каматып ийиш оңой эле, азыр жалаа жаап каматып ийиш оңой эле иш,”- деди. Башка чоң саясатчылардан коркутуу деле болбоду.

Мындан сырткары Борончу Кудайбергенов ушул номерден кийин аны жакшылык ээлери чоңдор келе турган тойлорго абайлап чакырып калганын айтып жылмайды:

- Мен саясий интермедияны сахнада гана ойнойм. Тойлорго барганда ал жерге келген конокторду шылдыңдамак белем. Кандай тойго барсам анын маанисине жараша турган тамашаларымды камдап барам да. Башкалардын түшүнүгүндө мен барсам эле саясатчыларды жамандайт имишмин. Менден коркпой эле койгула.

Кеп болуп жаткан “120 кой жана теке” сатирасынан кийин калк ичинде анын авторлорунун бири Тынар Курбаналиевди «сабап кетиптир, камап салыптыр» деген божомолдор айтылып жүрөт. Курбаналиев өзү күйөрмандарынын жогорудагы шектенүүлөрүн четке кагып, аны саясатчылар жакшы кабыл алды деген ойдо:

- Бул тууралуу эч кандай деле реакция болгон эмес. Эч кимден деле кысым болгон жок. Ким өзүн кандай элестетет, кимге теңейт билбейм. Сатирада журналист менен чабандын ортосунда гана болгон маек. Бул жерде, менимче, андан башка маселе жок. Эми аны түшүнбөй калган кээ бир адамдар жашыруун номер менен чалып, өйдө-төмөн сөз айтышты. Бирок мен аларга жолугалы десем өздөрү болбой коюшту. Чынында мени эч ким коркуткан да, сабаган да жок. Тескерисинче, кээ бир саясатчылар жолуга калганда далымдан таптап, жакшы тамаша болгонун айтып жүрүшөт.

Абдылда Иманкулов да саясий сатирага ык койгон куудулдардын бири. Ал акыркы жылдарда көбүнчө саясий темага басым жасап келет. Маектешибиздин пикиринде, бул теманы козгогондон бери ага карата эч кандай ачык кысым болбогону менен көмүскө тосоолдуктар байкалат:

- Кантип калп айтмак элем. Мени сатирам үчүн антти, минтти дегенден алысмын. Тамашага түшүнүгү жеткендери бар, жетпегендери бар. Капа болуп жүргөндөрү болушу мүмкүн. Алар бул тууралуу айтышкан эмес. Эми мындай концерттин өтүшүнө же башка бир иш-чараларга тоскоолдук кылышы мүмкүн. Эми ал майда-чүйдө да.

Иманкулов өзүнүн кийинки саясий сатиралары эмки парламенттик шайлоодон соң бере турган концертинде чыгарын, учурда ага даярданып жүргөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков саясый сатира бардык демократиялык өлкөлөрдө мыкты өздөштүрүлгөнүн кеп кылып, өзү демократ катары куудулдардын мыскылын көтөрө алган саясатчыга кирерин кыстарды:

- Германияга, Англияга, Жапонияга окшогон мамлекетерде саясий сатира саясатчыларды сындоонун көрүнүктүү бир ыкмасы болуп эсептелет. Бул элге жагымдуу, кызык тема катары белгилүү. Мен мындай тамашага чыдап кабыл алам. Чындыгында бул жакшы көрүнүш. Бирок колдон келишинче маданияттуу, адамды ашыкча шылдың кылбаган тамашалар болушу шарт. Өнүгүп келаткан демократиялык өлкө катары саясатчылар, бийлик башындагылар саясий сатирага чыдап мамиле кылганды үйрөнгөнүбүз оң.

Анткен менен адистер учурда кыргыз сахнасында саясий сатира жана аны кабыл алуу маданияты талаптагыдай өсүп жетиле электигин айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG