Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Ала-Буканын райондук гезитине 64 жаштагы пенсионер Абас Кабаев кабарчылык кызматка кирди.

Буга чейин электр тармактары ишканасында айдоочу болуп жүргөн Кабаев жаш кезинде жазуучу болууга талпынып, бирок максатына жетпей калган. Бирок чымыны тынч жаткырбай жазып, эки китебин окурмандарга тартуулады.

"Акын-жазуучулардын китептерин окуп, аларга суктана берчүмүн. Ошолордой болсом деп ниет кыла берет элем. Жерде жыртылып жаткан кагазды алып да, андагы жазылгандарды окуй бермей адатым бар эле… Тилекке каршы, мен эл тааныган жазуучу же акын боло албадым. Ошентсе да токтобой жазып, китептеримди чыгарып жатам", - дейт Абас агай.

Кабаев көп жылдар бою райондук электр тармактары ишканасында айдоочу болуп иштеген. Абас Кабай Чынаксытегин деген ат менен поэзия жана прозада тең чыгарма жаратат.

1998-жылы "Белестен берген белегим" аттуу чакан ырлар жыйнагын чыгарса, 2008-жылы Жалал-Абад облусунун азыркы губернатору Азиз Турсунбаевдин колдоосу менен ырларын жана тарыхый повестин камтыган "Бийлик кумары" аттуу китеби жарык көргөн.

Абас агай соңку жылдардагы өлкөдөгү окуялардан улам элди биримдикке, ынтымакка үгүттөгөн ырларды көбүрөөк жаза баштаптыр. Алардын бири өтмө мааниде жазылган "Кошуналар" деген чыгармасы:

Кошуналар, кудай кошкон,
Конок келсе, бирге тоскон.
Кокус тоогум кирип калса,
Короз болуп койкоңдогон.

Адам ичин эч ким билбес,
Ар бириңде ар кыл мүнөз,
Бойго жетти балдарыбыз,
Болбойлучу кара мүртөз.

Кошуналар, семиз-арык,
Кой сойгондо казан асып.
Ынтымакка кол койгонбуз,
Ысык-суукка бирге барып.

Көр тирилик күчтү алар,
Көралбастык бизден калар.
Кулдугум бар өзүңөргө,
Кудай кошкон кошуналар.

Каарманыбыз турмуштук ырлар менен катар, сатира жанрында да калем терметет:

"Жашообуздун ар бир көз ирмеминен сатира жаратса болот. Турмушубуз күлкүгө бай. Болгону аны көрө билүү керек. Жакында базарга барып, Дөкөн деген инимдин букасына таң калып, ыр чыгардым эле":

Эки көзү канталап,
Эңкеси жерде салаңдап,
Дүмбүл берип бакканбы,
Дүмүнөн жалаң май тамат.

Жерди чапчып, өкүрөт,
Желмогуз келген өңдөнөт,
Дүңүнөн сатып ийбесе,
Дөкөндү бир күн өлтүрөт…

Абас Кабаев пенсияга чыгарда райондук "Айыл акыйкаты" гезитине кабарчы болуп жумушка кирген. Төрт жылдан бери аталган басылмада түрдүү макалалары жарык көрүүдө.

"Негизинен, эл арасындагы көйгөйлөрдү жазам. Айрыкча каада-салттагы ысырапкерчиликти азайтууга макалалар аркылуу салым кошууга аракет кылып жүрөм…"

Абас агайдын китебин барактасаңыз, саясий темадагы ырларга да көзүңүз түшөт. Албетте анда "тууганчыл бийде ыйман жок" деген мазмун камтылган.

Маңкурттук ээлеп алып бүт эркимди,
Малга окшоп мөөрөй турган мезгил келди.
Желпинип, өйдө-төмөн чапкылашып,
Жегичтер кемирүүдө шордуу элди.

Арзыңды болду бекен укчу жандар,
Ал асайын алсырап барасыңар.
Хан, бегиңди калпактай алмаштырган,
Кыраан элим, айткыла, кайдасыңар?

***

Энеси өлүп, бир чоңдун жакында,
Эл катары бардым кара ашына.
Адамдарды сортко бөлүп жатыптыр,
Ага жилик, буга жетим кабырга.

Басып кеттим, катарыман калбастан,
Бачымыраак кетким келип бул жайдан.
Элет жерде ыйык көрөт батаны,
Согумуңду жеш үчүн эл барабы?
Сом, долларың буйрук кылсын өзүңө,
Сот болсоң да, сортко бөлбө адамды...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG