Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Обаманын каңкуусу Карзайга катуу жакты


Кабул - "Талибандын" мурдагы мүчөлөрү Кабулдагы салтанат маалында.
Кабул - "Талибандын" мурдагы мүчөлөрү Кабулдагы салтанат маалында.

Өткөн ишемби күнү президент Барак Обама талиптердин байистүү жамааты менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болорун кыйыткан эле. Бул идеяны ооган президенти Хамид Карзай абдан кубаттап кабыл алды.

The New York Times гезитинин ишемби күнкү сайтында жарыяланган кабарда президент Обама Ооганстандагы аскери операциялар жеңиштүү болбой жатканын ырастаганы жана абалды өзгөртүү үчүн Иракта оңунан чыккан айрым ыкмаларды эске салганы айтылат.

Тактап айтканда, Иракта сүннүлөрдүн бир бөлүгү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн аркасында “Ал-Каида” алардын колдоосунан ажыраган. Ушундай стратегияны Обама Ооганстанда жана Пакистандын уруулар аймагында да колдонуп көрсө болорун белгилеген.

Бул ишаара кепти ооган президенти Хамид Карзай жекшемби күнү абдан кубаттап кабыл алды. “Президент Обама ооган талиптеринин байистүү делинген бөлүгү менен ымала таап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолун моюнга алды жана кубаттады,-деп айтты Карзай Кабулда аялдардын майрамына арналган жыйында. – Бул жакшы жаңылык, биздин эбактан берки позициябызды колдоо болду. Биз муну кабыл алабыз жана бул колдоону жогору баалайбыз”.

Ооган өкмөтүндө жана парламентинде мурда талиптер тарапта урушуп, кийин тынч турмушка өткөн адамдар бар. Карзай баарыдан мурда ошолор аркылуу “Талибандын” радикалдуу анчейин жаалы жок жамаатын ийге келтиргенге үмүт кылат.

Жергиликтүү эксперттер мындай үмүт акталарына көп ишене беришпейт. Анын үстүнө “Талибандын” жетекчилери мурда эле Карзайдын сунуштарын четке кагып, өлкөдөн чет элдик бардык аскерлер чыгарылганда гана улуттук жарашуу тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин эскертишкен.

Өлкөдөгү дагы бир маанилүү оппозициячыл күчтүн – Ооганстан ислам партиясынын жетекчиси Гүлбедин Хекматиар өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн НАТОлук контингенттин баарын ислам мамлекеттеринин аскерлери менен алмаштыруу шартын койду. Мындайга болсо Карзай эзели макул боло албайт.

Жергиликтүү байкоочулар мындан тышкары ооган жериндеги козголоңчуларды бир жерден туруп башкарган уюм же күч жок, алар чачыранды, башы бирикпеген куралдуу жасактардан турат дешет. Алардын бири менен тил табышканда да калгандары куралдарын таштабайт.

Жакында Пакистан өкмөтү да уруулар аймагындагы талиптер менен жарашуу аракетин жасап, бирок кийин бул пландан айнып кетишти. Козголоңчулар, кыязы, Исламабадга аткарылгыс талаптарды койгон кебетеленет.

XS
SM
MD
LG