Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Өлкөбүз өнүксүн десек, ар бирибизден салым болсун


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Мират Алчикеновдон келген материалды сунуштайбыз.

Өзүмдү кыргыз жергебиздин жаркын келечегине кайдыгер карабаган жарандардын катарына кошкум келет. Бул сынакка катышуумдун себеби дагы ошол. Көп эле убакта мамлекетибиз жаш, жаңыдан там-туң басып келе жатат, алдыда дагы көп саясий өзгөрүүлөр күтүп турат деген үмүт менен жашадык. Азыр күчкө толуп турган отуз жаштагы жигиттин курагына чыгыптыр биздин өлкө.

Эгемендүүлүк алган жылы мен кең масштабда ой жүгүртө албаган, чыт курсак, оюнга тойбогон жаш бала экем. Совет доорунун четин көрүп, нанын жеп, чайын ичип калдым десем дагы болот.

“Отуз жыл эгемендүү жашасак дагы эмнеге биз өнүкпөйбүз?” дегенге жооп издеп, бирде өлкө башчыларды, бирде башкаларды күнөөлөп дагы көрдүк окшойт. Бирок бул жагдайды өзгөртүү ар бирибизден деп ойлойм. Анда эмесе ушул сынактын шартына жараша мен дагы ойлорум менен бөлүшөйүн.

Эң башкысы эле бул - билим деп эсептейм. Билим десе эле кайра мамлекетти же болбосо өзгөнү күнөөлөй бергенден майнап чыкпайт. Ар бир үй-бүлөө бул кичи мамлекет. Ошол кичи мамлекетте ынтымак орноп, ата-энелер балдары менен жаркын өмүр сүрүп, гармония болгон болсо өлкө дагы алдыга карай кадам таштайт. Ар бир атуул билимдүү жаштарды тарбиялап, илим-билимге умтулган жаңы муун өсүп чоңойсо, өлкөнүн келечеги кең деп эсептейм. Азыр технология өнүккөн заманда каалаган адам үйүндө жатып эле, өзү кызыккан тармакта алгачкы базалык түшүнүктөрдү интернет булагынан таап алса болот. Соңку мезгилде Кыргызстанда интернет колдонуучулары күн сайын өсүп жатат. Советтер союзу учуранда ата-энелер иштеп балдарды, жаштарды ар кандай уюмдар аркылуу мамлекет өзүнө тарбиялап алчу. Албетте, азыр ал нерселер жок, азыркы коомдук түзүлүш жана жашоо нугу өзгөрдү. Бирок бардык нерсенин башаты - билимде.

Кыргыз мамлекетинин эгемендик жылдарын кандай элестетем? Бул 30 жылдык тарыхты адамдын дене мүчөсүнө салыштыргым келет. Алгач адамдын тулку боюн баш, эки кол жана эки бут кылып элестетип бешке бөлүп алалы.

Коммунисттик доор бүтүп, базар экономикасына өткөндө эл кара курсагы менен алп урушуп жатканда, бийликте башаламандыктар болуп жатты. Нааразы болгон эл акыры келип жарылып, тунгуч ажону айдап биринчи төңкөрүш жасады. Бул окуяны мен колуна тапанча алып өзүн бутуна аткан киши катары элестеттим. Экинчи жолу күч жана кан төгүүлөр менен бийлик алмашкан окуяны менин элесимдеги адам тапанчасын октоп, экинчи бутуна атканы деп эсептейм. Ошентип эки бутунан жаракат алган адам эки колдун күчү менен өлбөстүн күнүн көрүп жатканда, дүйнөнү коронавирус деген апаат каптап, араң турган экономикабыз үстөккө-босток болуп, эл кыйналып, кайра төңкөрүшкө алып келди. Бул жанагы эптеп жылып келе жаткан колдун дагы бирин жайлады дегенди түшүндүрөт. Мына, эми “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” экономикабыз менен күчтүү мамлекеттин пайдубалын түптөөчү убакыт келип жетти.

Кыргызстанга кандай өнүгүү нугу көз карандысыздыкты бекемдейт деген суроого төмөнкү ой-пикирлер менен бөлүшкүм келди.

1. Эгемендүү мамлекет куруш үчүн ар бир жаран салым кошуш керек. Ал жардамдар өтө эле оңой жана анчалык көп каражатты талап кылбайт. Ар бир ата-эне билимдүү жана эмгекчил балдарды тарбиялап, уядан учуруш керек. Колдон келишинче ар бир кыргызстандык жаран өзүн активдүү алып жүрсө коомго салымы эбегейсиз болот.

Көчөдөн бир мыйзамсыз нерсени көрүп же байкап калсак кайдыгер карабастан тиешелүү органдарга жеткирип турсак мыйзамсыз нерселер аз болот беле. Себеби, бүткүл жерге видео көзөмөл же болбосо бирден күч кызматкерин байлап коё албайсың. “Андай кылыш керек”, “мындай кылыш керек” деп өзгөлөргө акыл үйрөтө бербей, өзгөрүүнү өзүбүздөн баштасак.

Адам пендесинин эң башкы каршылашы – өзү. Ар бирибиз соцтармактарда эле өзүбүздүн ой-пикирибизди билдире бербей, бекем жана эркин жарандык коомдун күчү болушубуз абзел. Эркин журналисттер, коомдук активисттер, блогерлер, өлкөгө кайдыгер карабаган жарандар кемчилик болсо өкмөттүн көзүнө сайып көргөзүп, коомчулукка жеткирип турсак бара-бара көчүбүз оңолот деген ойдомун.

2. Бирдеме болсо эле “батышта мындай”, “чыгышта тигиндей” дебей ошол нерселердин жакшысын жанаштырып, жаманын адаштырып, өзүбүзгө керектүүсүн чыпкалап алып, жашоо шартыбызга колдонгонду үйрөнсөк.

Эгемендикти бекемдөөнүн бирден-бир жолу - өндүрүштө. Ар бир кыргызстандыктарга чын дилимден кайрылып кетем, өзүбүз чакан ишкана же өндүрүш ача албасак дагы биздин өндүрүштөн чыккан товарларды колдонуп турсак. Алыс барбай Өзбекстанды алсак, акыркы жылдары өздөрүнүн товар өндүрүүчүлөрүн колдоп, азыр 70-80 пайыз керектөөчү буюмдар менен өлкөсүн камсыз кылып жатат. Бизге билинбегени менен мындай жол менен кетишсе, жакында Борбор Азияда күчтүү мамлекеттердин бирине айланчудай. Бейиштин төрүндө жашап туруп келечек муунубуз ошол жакка барып жумуш издеп калбаса экен деген ой мени түйшөлтпөй койбойт.

Өзүбүздүн өндүрүштү колдоп, өнүктүрүп товарларды экспортко чыгарып ири базарларга сатсак. Мамлекетке түшкөн салыктар менен айлыктарды көтөрүп, билим, медицина жана башка тармактарды өнүктүрөт элек. Ошол эле каражаттарга куралдуу күчтөрдү дагы машыктырып жаңы техникаларды алып коопсуздугубуз бекемделет эле. Бул багытта чукул секириктерди жасабасак болбойт. Акыркы айлардагы чек арадагы окуялар башкача саясат жүргүзүүгө кептеп койду.

3. Ушул эле ой багытты улай борборду башка жакка көчүрүү маселеси дагы актуалдуудай сезилет. Отуз жылдын ичинде төңкөрүш жасай берип мамлекеттик түзүлүштүн алсыз экенин чет элге далилдеп койдук көрүнөт. Маселен, он миңге жакын куралсыз адам борбордук аянтка келип Ак үйдүн тосмосун талкалап өтсө эле бийлик кулап, мамлекет чар-жайыт болуп жатып каларын түшүнүп калдык окшойт.

Бишкек шаары чек арадан алыс эмес экенин эске алсак таш эмес, заманбап курал менен камсыздалган атайын багыттагы бир эле батальон келип басып алчудай сезилет. Мисалы, борборду Токтогул өрөөнүнө көчүрүп заманбап шаар курсак кандай болот? Ал жакта негизги мамлекеттик органдардын имараттары, элчиликтер жана университеттер эле жайгашса.

Токтогул ГЭСине жакын жайгашкандыктан бүткүл шаар экологиялык жактан таза келечектин шаары болсо болмок. Шаарды электр энергиясы менен дагы камсыздоо оңой болот эле. Абадан коргонуу жагынан алганда дагы ыңгайлуу жерде жайгашкан. Ал келечектин шаарында жеке жана коомдук транспорат экологиялык жактан таза электр кубаты менен жүрүшмөк. Шаар толугу менен абаны булгабаган жалаң электр кубаты менен иштеген инфраструктурадан гана курулмак.

4. Дагы бир өнүгүү жолу - жерлерди акыл менен иштетүүнү туура көрүп турам. Канча деген жерлерибиз бош жатат. Жайыт деп белгиленип калган жерлерди жергиликтүү калкка бак олтургузууга өткөрүп берсе айыл жериндеги жаштар чет жакка барып кул болбой өз жерибизде бардар жашоодо өмүр сүрүшөт эле. Өкмөт тарабынан Кыргызстанга сапаттуу көчөттөрдүн алып келиниши көңүлгө алынып, жакшы бир заман талабына жооп берген жемиш бактарынын питомниги курулса иштин оңунан чыкканы болот эле. Органикалык жашылча жемиштерди чет базарларга чыгарыш үчүн дүйнөлүк стандарттарга (ISO, HACCP) жооп берген лабораторияларды куруп, тиешелүү сертификаттар менен дыйкандарды камсыз кылсак эл бат эле бутунан турат беле. Башын баштап кичине тыңып алсак, чогултулган жер жемиштерди сактоочу ири муздаткычтарды тыңчыкмалар өздөрү куруп, дүйнөлүк базарда баа көтөрүлгөндө экспорттоп тыштан көп каражаттар келип турат эле.

5. Өнүгүүнүн дагы бир жолу – туризм. Кыргызстандын чет элден эс алуучуларды тартууга эбегейсиз потенциалы бар. Себеби, бизде жаратылыштын төрт мезгили тең төп келип табиятыбыз өзгөчө. Биздин негизги көзүрүбүз - экотуризми. Асман тиреген тоолорубуз, көк мелжиген көлдөрүбүз буга кошул жогоруда белгилеп кеткендей жазында көз ирмеми жетпеген бактарыбыз болсо туристтердин агымы үзүлмөк эмес.

Эгер бош жаткан жерлерге бактарды олтургузуп, жазында гүлдөгөндө жарнаманы жакшы кылып дүйнөгө жайылтып алсак, көргөн адамдар келүүгө ашык болуп турушмак.

Кыскача ойлор менен бөлүшкөнгө аракет кылдым. Менин Кыргызстанга жеке салымым - жок эле дегенде билимдүү жаштарды тарбиялоо, айлананы жашылдандыруу жана таштандылардан тазалоо.

Мират Алчикенов, Түштүк Корея​

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG