Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Түркияда азыр өкмөт менен тирешип жаткан белгилүү коомдук ишмер Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылы, маалыматка караганда, 140тай өлкөдө билим берүү жайларын, маалымат каражаттарын, изилдөө борборлорун ачкан. Кыймыл Кыргызстанда да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келатат. Алсак, Кыргызстандагы түрк окуу жайларда билим алган жаштардын башын бириктирип, каржылап, студенттер үчүн атайын жатаканаларды ачкан.

Негизинен Фетхуллах Гүлен тууралуу Кыргызстанда көпчүлүк биле бербейт, маалымат аз. Ал тууралуу аздыр-көптүр адам өлкөдө сапаттуу билим берет деп таанылган кыргыз-түрк лицейлерин ачкан адам катары билишет. Ошондой эле Гүлен башында турган “Диалог Евразия” платформасы уюштурган маданият, билим берүү, адабият тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө арналган конференция, талкуулардан учкай маалымат алып калышат. Анткен менен Кыргызстанда Фетхуллах Гүлен тууралуу китеп жазып, анын эмгектерин кыргыз тилине которуп жүргөн публицист Абдыкерим Муратовдун айтымында, Кыргызстанда бул түрк диниятчысынын идеяларын колдоп, жайылтып жүргөн көптөгөн адам бар:

- Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин идеясын колдогон адамдар көп эле. Бирок ал саясий максатта бийликке аралашууну эмес, агартуучу, билим берүү тармагындагы кызматташууну өнүктүргөн адам катары белгилүү. Ошондой эле бул кишини Чыңгыз Айтматовдун досу катары билишет.

"Себат" түрклицейинин ичи

"Себат" түрклицейинин ичи

Ошол эле учурда Фетхуллах Гүлен түзгөн “Хизмет” кыймылы Кыргызстанда кандай ишмердүүлүк жүргүзөрүн көпчүлүк анчейин биле бербейт. Атын атообону каалаган каарманыбыз “Себат” билим берүү мекемесине караштуу кыргыз-түрк лицейлеринин бирин аяктаган. Лицейден соң Түркиядагы жогорку окуу жайга өтүп, ал жакта Фетхуллах Гүлен түзгөн “Хизмет” кыймылынын жатаканасында жашап, билим алган. Каарманыбыздын айтымында, акыркы жылдары “Хизмет” кыймылы Кыргызстанда активдүү ишмердүүлүк жүргүзүп жатат:

- Негизи Кыргызстанда “Хизмет” кыймылы жакшы эле өнүккөн. Бул кыймылдын жатаканалары ар бир облуста бар. Ал жерде жатаканаларды ачып, кыймылдын мүчөлөрү студент балдарды жашатат. Материалдык жактан жардам беришет. Жатакана үчүн акы алынбайт, бекер тамак-аш берилет. Жатаканаларда белгилүү бир тартип, эрежелер бар. Убактысын текке коротушпайт. Тартип жөнүндө айтсак, ал жагы абдан эле жакшы. Баарына убакыт бөлүштүрүлгөн. Маселен, китеп окуй турган атайын сааттарды бөлүп коет. Ал учурда диний китептерди, же адабий китептерди окушат. Андан сырткары бул жатаканаларда Фетхуллах Гүлен, же түрк диний ишмери Саид Нурсинин китептерин окуп турушат.

Каарманыбыз кошумчалагандай, мындай жатаканаларды “Хизмет” кыймылынын бутуна турган, колунда бар мүчөлөрү каржылайт. Ал эми жергиликтүү жатаканаларда деле Түркиядагы жатаканалар сыяктуу эле диний үгүт иштери астейдил жүргүзүлөт:

"Себат" лицейинин окуучулары

"Себат" лицейинин окуучулары

- Түркияда деле кыймыл так эле ушундай. Албетте, ал жакта бир аз жакшыраак өнүккөн. Ал жерде белгилүү бир иерархиясы бар. Канчалык көп жашасаң, же дин жагынан өзүңдү көрсөтсөң, кыймылдагы ордуң, даражаң көтөрүлө берет.

Маектешибиздин айтымында, өлкөдөгү эл аралык “Себат” билим берүү мекемеси “Хизмет” кыймылы менен тыгыз байланышта:

- Ачыгын айтканда, түрк лицейлери деле “Хизметтин” курамына кирет да. Кыймылдын мүчөлөрү потенциалдуу мүчө болчу жөндөмдүү балдарды ушул жактан эле тарбиялап башташат. Тарбия иретинде лицейде күндө “сукбат” (баарлашуу) өтүп турат. Башкача айтканда ушундай жол менен кыймылдын идеяларын сиңирешет деп айтсак болот.

Негизи буга чейин деле Борбор Азиядагы гана эмес, башка өлкөлөрдөгү түрк окуу жайларынын көбүн диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы каржылары айтылып келген.

Кыргызстанда болсо Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесине таандык 15 чакты лицей-мектептер, бир университет бар. Аталган мекеменин вице-президенти Раина Асакеева да түрк лицейлерди ачуу идеясы Фетхуллах Гүленге таандык экенин жашырбайт:

Фетхуллах Гүлен менен Режеп Тайип Эрдоган

Фетхуллах Гүлен менен Режеп Тайип Эрдоган

- Дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда дал ушундай окуу жайлардын пайда болушу Фетхуллах Гүлендин идеясы деп билем. Ал ар кыл катмардагы таланттуу, зиректүү, балдарга билим берүү максатын гана көздөп келет.

Асакеева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ушул күнгө чейин түрк лицейлерин он миңден ашуун окуучу бүтүргөнүн, “Себат” мектептери Билим берүү министрлиги менен макулдашылган сабактарды гана окутарын, диний үгүт иштери жок экенин билдирди.

Ал эми Фетхуллах Гүлендин ишмердүүлүгүн иликтеген журналист Улан Исаков деле Кыргызстанда “Хизмет” кыймылынын иш алпарарын, түркиялык диниятчынын идеясын колдогон бир топ адам бар экенин тастыктайт. Исаковдун айтымында, бул кыймыл кайсы бир саясий максатты көздөбөйт:

- “Хизмет” кыймылы тууралуу кыскача айтсак, динге ишенген адамдардын Алланын ыраазылыгы үчүн биригип, жашаган чөйрөсүн, өз өлкөсүн оңдоо максатында, элди агартуу максатында өздөрүнөн арткан каражатты садака иретинде чогултуу кызматы деп түшүнсөк болот. Бул кыймылдын Фетхуллах Гүлен менен түздөн –түз байланышы - ал аксакал башынан баштап, башкаларды үгүттөп келген кыймыл экендигинде.

Бирок саясий эксперт, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу Эмил Жураев “Хизмет” кыймылынын өкүлдөрү кайсы бир мезгилде саясатка аралашышы мүмкүн деген ойдо:

- Албетте, Кыргызстанда кимдир бирөөлөр саясатка аралашпасын деген эч тыюу жок. Анын үстүнө бул кыймылдын мүчөлөрү абдан мыкты билим алган, бардык жагынан жетишкен жаш элитанын өкүлдөрү. Булардын дагы бир өзгөчөлүгү - абдан биримдикте иш алып барганды билишет. Ошондуктан бул кыймыл саясатка аралашса, келечекте мүмкүнчүлүгү чоң. Ошол эле учурда булар саясатка келсе, Кыргызстанда секулярдык түзүлүштү бузууга аракет кылат дегенден мен алысмын.

Ал эми “Себат” лицейлеринде окуган, жатаканаларында жашаган студенттер алар үчүн түзүлгөн шарттарды макташат. Негизинен студенттер диний үгүт иштери жүргүзүлбөсүн айтышканы менен айрымдары кээде чогулуп турушарын, Фетхуллах Гүлендин осуяттарын, динди талкуулап калышарын жашырышпайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG