Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Майрамдын эртеси да болду


Майрамдын эртеси Бишкектин борбордук аянты жымжырттыкка бөлөндү.
Майрамдын эртеси Бишкектин борбордук аянты жымжырттыкка бөлөндү.

Жаңы жыл түнү ордо калаада жана өлкөнүн бардык аймактарында негизинен тынч өттү.

Өткөн бир суткада Кыргызстан боюнча 31 өрт кырсыгы катталса, анын ону жардыруучу заттардан чыкты. Кара-Суу районунда эле жардыруучу заттан 5 жерде өрт тутанган. Тез жардамга да демейдегиден көп адам кайрылды. Ал эми милиция эл майрам тосуу менен алек болгондуктан көп кылмыш катталбаганын билдирет.

Тез жардамга кайрылгандар көп болду

Жаңы жыл түнү Бишкек шаардык Тез жардам станциясынын 35 тобу элди тейледи. Бир түндө шаар боюнча 685 кайрылуу түшүп, 503үнө жардам көрсөтүлдү. Бул демейки күндөрдөн көп болуп эсептелет. Өткөн жылы Жаңы жыл түнү 656 кайрылуу түшкөн экен.

Бишкек шаардык медициналык Тез жардам станциясынын дарыгери Фарида Аллахверанова буларды айтат:

- 685 кайрылуунун ичинен 97 киши ооруканага жаткырылды. 13 адам газ менен ууланган, 23 киши денесинен ар кандай жаракат алган. Бул көрсөткүчтөр жогору. Бишкекте эки киши жардыруучу заттан жабыркады. Мен айтып жаткан сандар бизге кайрылгандар гана, ал эми ооруканага өз алдынча баргандар да бар.

Адатта Тез жардам кызматына майрамдан кийин тамактан уулангандар да көп түшөт экен. Андыктан тез жардамчылар майрамдан кийин да өзгөчө даярдыкта турушканын кошумчалады.

31 жерде өрт чыкты

Жаңы жыл түнү адаттагыдай эле эл пиротехникалык ар кандай жардыруучу заттарды көп колдонду. Мындан чыккан өрт кырсыгы бул жолу көп катталды. Пиротехникалык жардыруучу каражаттарды туура эмес колдонуудан республика боюнча он өрт чыкса, анын бешөө Кара-Суу районуна туура келет.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады:

- Өлкө боюнча өткөн суткада 31 өрт кырсыгы катталды. Анын ону жардыруучу заттардан. Азырынча алар келтирген материалдык чыгымды эсептеп чыга элекпиз. Мисалы, Кара-Сууда сарайлар, чөптөр өрттөнгөн.

Бирок Жаңы жыл түнү элдин көбү майрам менен алек болгондуктан кылмыш башка күндөргө салыштырмалуу азыраак катталды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башкы инспектору Эрнист Осмонбаев билдирди.

- Өтө оор кылмыштар катталган жок. Дайыма боло жүргөн уурулук сыяктуу кылмыштар бар. Бирок милициянын китепчесине катталгандын баарын кылмыш деп атоого болбойт. Өлкө боюнча бизде катталган окуя, кырсык, кылмыш, ар кандай фактылардын саны 223 болду.

Арак-шараптын азабы

Шаардагы айрым наркология борборлоруна баш баксак, так майрам учурунда кайрылгандар көп болбоптур. Бирок наркологдор спирт ичимдигине көз карандылар майрам учурунда иче баштап, 5-6 күн өткөндө кайрылат дешет.

Бишкектеги жеке наркологиялык клиниканын директору Шайлообек Өмүралиев үчүн майрам деген сөз өзгөчө кырдаал тууралуу эскертүүгө айланган.

- “Майрам келатат” деген бул добулдун кагылып жатканы да. Майрамдар келатканда көпчүлүк үй-бүлөлөр зыркырап турат. Кыргыз элине арак болбойт. Анткени кыргыздардын 75 процентинин организминде спиртке каршы ферменттер өтө алсыз. 5 миллион калктын 75 пайызы аракеч болуп кетсе, анда өлкө келечеги кандай болот?

Ошентип айрым кызматтар күнү-түнү иштеп жатат. Ал эми борбор калаанын көчөлөрү тынч, машине кыймылы аз.

Жаңы жылдын алгачкы түнүндө борбордун Ала-Тоо аянтынан болсо 70 куб таштанды жыйналды. Муниципалдык “Тазалык” ишканасынын маалыматы боюнча, тазалоо иштерине 8 атайын машина жана 50 кызматкер тартылды. Жалпы шаар боюнча 42 машина менен 500 адам тазалоо иштерин жүргүздү.

Кыргызстандын жылнаамасында 1-январь кызыл менен белгиленген. Бирок жумуш күндөрү кийинки шейшембилерге жылдырылгандыктан кыргызстандыктар бул апта толугу менен эс алат.

XS
SM
MD
LG