Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Улуттук комиссия этникалык кагылышууга жол берген күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик башчыларынын саясий жоопкерчилигин кароону сунуштады.


Улуттук комиссия жоопкерчиликке чакырат


Июнь окуяларын иликтөө боюнча улуттук комиссия улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Ош менен Жалал-Абад облустарынын губернаторлорунун жана Ош шаарынын мэринин кызмат орундарына шайкештигин караштыруу жагын мамлекет башчысына сунуштады. Ошондой эле убактылуу өкмөттөгү күч түзүмдөрүнүн мурдагы куратору Азимбек Бекназаровдун, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жана мурдагы ички иштер министри Болот Шердин аракеттерине саясий баа берүү маселеси көтөрүлдү.

Абдыганы Эркебаев маалымат жыйынында, 11-январь
Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев аталган жетекчилердин жоопкерчилигин алардын этникалык кагылышууну алдын-алуу боюнча чара көрө албагандыгы менен байланыштырды:

- Акылдуу бийлик ошого жеткизбеш керек эле да. Күч түзүмдөрүнүн жана коопсуздук органдарынын түздөн-түз милдети болгон мамлекеттеги тынчтыкты камсыз кыла алышкан жок. Алдын-ала маалыматтар болгондугуна карабастан эч кандай чара көрүшө алган эмес. Коопсуздук кызматынын, ички иштер министрлигинин жана көзөмөл кыла турган башкы прокуратуранын жетекчилери өз милдеттерин так аткара алышкан эмес. Ошондуктан алар саясий жоопкерчилик тартышы керек.

Окуянын себептери бийликтин алсыздыгында беле?

Июнь окуяларынын чыгыш себептерин Улуттук комиссия 7-апрелден кийинки мамлекеттик бийликтин алсызданышы жана түрдүү күчтөрдүн баш көтөрүшү менен байланыштырат. Анын негизги себептери катары 12-14 жана 17-майдагы Жалал-Абаддагы окуялардын жөнгө салынбай, ырбап кеткендиги мисалга алынды.

Абдыганы Эркебаев иликтөөнүн жыйынтыгы окуяда бир этникалык топтун үстүнөн экинчисинин кыргыны эмес, чагымчыл күчтөр чагыштырган этникалык араздашуусу орун алгандыгы аныкталгандыгын айтып өттү:

- Бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, ар кандай күчтөр баш көтөрө башташкан. Анын ичинде өзбек тектүү саясатчылар кырдаалдан пайдаланып калууну көздөп, ошондой шартта бир катар маселелерин чечип алууну көздөшкөн. Мындай аракеттер кыргыздардын кыжырын келтирип, каршы агымды пайда кылды. Мындай кырдаалды Бакиев кланы ыңгайына жараша пайдаланып калууну көздөп, маңзат мафиясын жана кылмыш дүйнөсүн ага тартууга аракеттенген.

Тышкы күчтөрдүн таасири

Ошол эле учурда окуянын өөрчүшүнө жана ырбап кетишине кызыкдар чет элдик атайын кызматтардын аракеттери кыйыр түрүндө байкалгандыгы каттоого алынган. Буга араздашкан эки тарапка тең ок чыгарышкан белгисиз автоууналардын жүргөндүгү мисалга алынган. Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев жалпы Борбор Азияга багытталган долбоор менен иштеген чет элдик атайын кызматтардын катышы болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт:
Жыпар Жекшеев маалымат жыйынында, 11-январь

- Мында кайсы бир чет элдик атайын кызматтардын Борбор Азия аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөн чыгарууга катуу аракет кылышкандыгы байкалат. Айрыкча Кыргызстанда парламенттик башкарууга өтөбүз деген демилгеге ачык эле каршы чыгышкан мамлекеттер болбодубу. Анан калса мамлекет алсыз болуп турган учурдан пайдаланып өздөрүнүн максаттарын ишке ашырууну көздөшкөн. Биз көптөгөн адамдар менен жолугуп, сүйлөшкөндө анын ичинде бийлик өкүлдөрү да ошол окуялардын алдында Ош менен Жалал-Абадка көп чет элдик жарандар келишкендигин айтышты.

Оор окуянын опуртал сабактары

Улуттук комиссия кырдаалды көзөмөлдө кармоого багытталган 22 пункттан турган атайын сунуштамаларды иштеп чыккан. Анда күч түзүмдөрүнүн сандык жана сапаттык абалын жакшыртуу, улуттар аралык ынтымакка багытталган этникалык саясатты иштеп чыгуу жана коопсуздукту бекемдөө боюнча иш-чаралар камтылган.

Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Бахтияр Фаттахов кайгылуу окуянын кайталанбашы үчүн андан сабак алуунун зарылдыгын белгиледи:
Бахтияр Фаттахов маалымат жыйынында, 11-январь.

- Анан биз ошол күч түзүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун артыруу, этникалык топтордун бардыгынын башын кошо турган бирдиктүү улуттук идеология иштелип чыгылсын деген сыяктуу сунуштарды киргиздик. Токсонунчу жылкы окуянын чыныгы өксүктөрү жана андагы катачылыктар кайра кайталанбаш керек болчу. Ошонун сабактарын унутуп койгондон улам, айрым кара ниет күчтөр оңой от чыгарып жиберишти. Биз мына ошол сабактарды эске алуу менен иштелип чыккан сунуштар кагазда калбастан, бул жолу жүзөгө ашат деген ойдобуз.

Мындан мурун укук коргоочу Азиза Абдрасулова жана саясат таанучу Александр Князев улуттук комиссиянын курамынан чыгып кетишкен болчу. Улуттук комиссиянын бүтүмүн үстүрттөн деп баалаган дагы бир мүчөсү Нурбек Токтакунов ага кол коюдан баш тартты. Нурбек Токтакунов иликтөө иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлүлгөн жок деп эсептейт:
Нурбек Токтакунов

- Мына улуттук комиссия беш-алты ай иштеген болсо анда чогултулган материалдар эки эле жолу талкууланыптыр. Шашпай эле кичине тереңиреек изилдеш керек болчу. Июнь окуялары боюнча жүрүп жаткан тергөө иштериндеги каплпыстыктар, мыйзамсыз кармоолор жана убактылуу кармоо жайларындагы кыйноолор боюнча кошумча иликтөө иштери жүргүзүлүшү керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Ошондуктан мен чыгарылган тыянакты толук эмес деп эсептеп, кол койгон жокумун.

Мындан сырткары июнь окуяларын иликтөө боюнча улуттук комиссиянын дагы бир мүчөсү Рая Кадырова белгисиз себептер менен комиссиянын ишине катышкан эмес. Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча, кандуу калабада 426 адам кайтыш болуп, эки миңден ашуун адам жаракат алган. Мындан сырткары Ош жана Жалал-Абаддагы эл чарбасына жалпысынан төрт миллиард сомдон ашуун зыян келтирилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG