Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

Кыргызстандагы “Ахмадий” агымынын мүчөлөрү өкмөт аларды каттоодон өткөрбөй жатканына нааразы. Ошол эле кезде адистер жана бийлик өкүлдөрү “Ахмадий” агымынын Кыргызстан үчүн коркунучу бар деп эсептешет.

Кыргызстандагы “Ахмадий” мусулман жамаатынын мүчөсү Сагынбек Токторбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы аларды каттабай жаткандыгына нааразы. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Дин иштери боюнча комиссияга берген маалыматы себеп болгон экен.

- Менин түшүнүгүмдө ислам динин адамзатка так жана туура жайылткан “Ахмадий” мусулман жамааты. Азыр Дин иштери боюнча комиссиядан "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы силерге уруксат бербей жатат. Анткени силер Кыргызстанга коркунч алып келесиңер, кооптуу жамаатсыңар” деп жатат.

Токторбаев муну диний жагынан кысымга алуу аракети катары баалоодо.

“Ахмадий” мусулман жамааты өткөн кылымда пайда болгон эл аралык диний уюм. Негиздөөчүсү - индиялык Мырза Гулам Ахмад. Уюмдун баш кеңсеси Лондондо жайгашкан. Ал эми Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2002-жылы Адилет министрлигинен каттоодон өткөн.

Мыйзам боюнча диний ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан ар жылы каттоодон өтүп туруу зарыл. “Ахмадий” агымынын мүчөлөрүнүн айтымында, Диний комиссиядан кайра катталуу жыл сайын чоң тоскоолдуктар менен коштолот.

Дин иштери боюнча комиссия акыркы жылдары Бишкек жана Чүй аймагынан башка жерлерде иш жүргүзүүгө тыюу салган экен. Быйыл болсо шектүү агым деген жүйө менен такыр эле каттабай коёт деп кооптонушууда.

Баары мыйзамдын чегиндеби?

Ал эми Дин иштери боюнча комиссиянын адиси Юсуб Балтабаев диний агымдарды каттоо жагы мыйзам чегинде жүрүп жаткандыгын белгиледи.

-“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамдын 11-беренесинин 4-пунктуна ылайык, документтери бир айга артка кайтарылды. Бул “Ахмадий” мусулман жамаатын каттабайбыз дегендик эмес, болгону иликтөөгө алынууда. Бир айлык мөөнөт ичинде булардын документтери дагы каралат.
Дүйнөдөгү мусулмандардын көпчүлүгү буларды динге каршы, дин душмандары деп өкүм кылган.
Жигиталы Исмаилов

Ошол эле кезде Балтабаев айтмакчы, Кыргызстанда бул агымдын ишмердигине тыюу салууну өтүнгөндөр да арбын. Бул өтүнүчтөрдү Кыргызстандын күч түзүмдөрү да колдоого алып жатат.

- Эсептик каттоого алынбасын деп, Муфтият жана башка мусулман диний уюмдары тарабынан арыз-дооматтар көп түшкөн. Бул боюнча ИИМге, УКМКга, прокуратурага расмий кайрылганбыз. “Эл арасында кооптонуулар болуп жатат, силердин корутундуңар кандай” деп сураганбыз. Алар да “каттоого алынбаганы жакшыраак” деп жооп беришкен.

“Ахмадийлердин” салттуу исламдан айырмачылыгы

“Ахмадий” диний агымынын негиздерин жайылтып, Кыргызстанда миссионердик иш жүргүзүп келаткан пакистандык Башарат Ахмад “Ахмадий” мусулман жамааты тууралуу мындай маалымат берди.

-"Ахмадий" жамааты 198 өлкөдө иш алып барат. Эң көп мүчөлөрү Африка, Индия, Пакистанда бар. Ошондой эле Казакстанда, Кыргызстанда, мындан тышкары Европада, Орусияда анын ичинде Татарстанда катталып, мыйзамдын негизинде иш алып барат.

Башарат Ахмаддын айтымында, “Ахмадий” агымы салттуу исламдан негизинен эки нерседен гана айырмаланат. Биринчиси, жалпы мусулмандар Иса пайгамбарды тирүү, Кудай аны асманга алып кеткен, кийин кайра түшүрөт десе, ахмадийлер аны өлгөн, бирок башка адам болуп, бул дүйнөгө төрөлөт деп эсептешет.

Экинчи айырмачылык, салттуу исламдын өкүлдөрү акыр заман жакындаганда Имам Махди деген чыгып, ал мусулмандарга жол башчы болот деп айтышат. Ал эми "Ахмадийлер" 1882-жылы Индиянын Пенжаб аймагында төрөлүп, "Ахмадий" мусулман жамаатын түптөгөн Мырза Гулам Ахмад дал ошол ислам дининде белгиленген Имам Махди деп санашат. Ошондой эле жогорудагы төрөлчү болгон Иса пайгамбар да Мырза Гулам Ахмад болуп төрөлгөн деп ишенишет.

“Мухаммад пайгамбардан кийин пайгамбар келбейт”

“Ахмадий ” мусулмандары айрым булактарда "Кадияний" жамааты деп да айтылат. Бул Мырза Гулам Ахмад төрөлгөн чакан аймактын аталышы.

“Ахмадийлердин” эсебинде Кыргызстанда алардын миңге чукул мүчөсү бар. Булар жума намазды мечиттерде эмес, өздөрүнчө окушарын айта кетели. “Ахмадийлер” тарабынан Куран дүйнөнүн 70ке жакын тилине которулган. Алардын 2009-жылы 3 миң нускада чыгарган Курандын кыргызча котормосун Кыргызстандын муфтияты колдонууга жараксыз деп тапкан. Анда Курандын негизги түшүнүктөрүн бурмалоого жол берилгендиги айтылган.

"Ахмадий" жамааты салттуу исламдан айырмаланат.
Бирок Ахмадий агымынын Кыргызстандагы үгүтчүсү Башарат Ахмад мындай айыптоого макул эмес. Ал "Ахмадийлердин" которгон Кураны башка өлкөлөрдө колдоо таап жатканын кошумчалады.

Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн адиси Жигиталы Исмаиловдун “Ахмадийлер” тууралуу оюн ортого сала кетели.

- Бул жамаатты Мырза Гулам Ахмад деген киши түзгөн. Ал өзүн пайгамбармын деп айтып чыккан. Дүйнөдөгү мусулмандардын көпчүлүгү буларды динге каршы, дин душмандары деп өкүм кылган. Себеби Мухаммад пайгамбар өзүнөн кийин пайгамбар келбей тургандыгын айтып кеткен.

Кыргызстанда диний кырдаал опурталдуу экени жашыруун болбой калган кез. Кыргыз бийликтеринин салттуу эмес ислам агымдарына сын көз караш менен карап жатканы ошондон улам болсо керек. Ошол эле кезде бул өлкөнүн Конституциясында дин эркиндиги жарыяланганын эске сала кетели.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG