Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Намазбы? Мыйзамбы?


"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Жогорку Кеңеште намазкана ачуу демилгесине арналды.







Талкууга катышкандар:




“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова





Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу








Намазбы? Мыйзамбы? (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”: Турсунбай мырза, мен динге берилген адамдардын сезимдерине тийишким келбейт. Бирок Конституция боюнча Кыргызстан светтик өлкө жана Эмгек кодекси боюнча беш күн иштейбиз. Сиз көтөргөн демилгелер Баш мыйзамга дал келеби?

Турсунбай Бакир уулу: Биринчиден, өзүңүз кыргызча атай албай атасыз, светтик деген мамлекетти которо албай атасыз.

“Азаттык”: Мен карап чыктым. Светтик деп эле коюуну туура таптым, себеби баары ушул сөздү түшүнөт.

Турсунбай Бакир уулу: Түшүнөт.

Динара Ошурахунова: Бул – мамлекеттик башкарууга дин аралашпайт дегенди түшүндүрөт.

Турсунбай Бакир уулу: Бирок Советтер Союзу кулап атканда, элдин улуттук жана диний сезими жаңыдан жаралып атканда чочулап, ушинтип жазып салышкан.

“Азаттык”: Бирок былтыр Баш мыйзам жазылып атканда ушул калды да.

Турсунбай Бакир уулу: Биринчи көпчүлүк добуш менен светтик деген сөз алынып салынган эле, элдин талабы деп. Андан кийин сегиз мүчөсү Венеция комиссиясы менен жолукканы кетип атканда Текебаев кайра бардыгын чогултуп, көпчүлүк жок болгондо кайра добушка киргизип салыптыр.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештин биринчи отурумунда эле Акылбек Жапаров ушул маселени алып чыкты. Эмне себептен?

Турсунбай Бакир уулу: Экөөбүз кеңештик, ал айтты, сиз муну 96-жылы көтөргөнсүз, азыр көтөрсөңүз кайра туура эмес түшүнүшөт. “Мен да кудайга ишенем, мен да намаз окуйм, кудай деп жүрөбүз, мен көтөрөйүн” деп көтөрдүк.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеште канча депутат намазга жыгылат?

Турсунбай Бакир уулу: Кудайга шүгүр, ар бир фракцияда кеминде эки-үчтөн бар экен.

“Азаттык”: Эсептеп чыктыңыздарбы?

Турсунбай Бакир уулу: Себеби колдогондорду, сүйлөгөндөрдү көрдүк. Бир эле оппозициялык “Ар-намыс” партиясында эмес, бийликтин партиясында да колдогондор көбүрөөк болду. Тескерисинче, “Ар-намыс” партиясы Жогорку Кеңеште “депутаттарга өзүнүн парзын аткаруу үчүн бөлмө бөлүп бергиле, Жогорку Кеңеште бөлмөлөр көп, ал жакта арак иче турган кабинеттер, буфеттер бар, бир намазканага бөлүп койсоңор” деп сурансак, бийликтин партиясынын өкүлү, мисалы Асылбек Жээнбеков инибиз маселени терең койду. “Бир эле депутаттар үчүн эмес, жалпы кыргызстандыктар үчүн маселени биз чечип берели, жума күндөрү намаз окугандар эч кимден коркпой, кудайдан эле коркуп, өз парзын аткарып келсин” деген чечимди Социал-демократтар фракциясы көтөрдү.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз айтып атасыз, 96-жылдан бери ушул суроону көтөрүп келем деп. Сиз мурда депутат болгондо кайсы жакка барып намазга жыгылат элеңиз?

Турсунбай Бакир уулу: Мен бөлмөмдө эле окучу элем. Бирок бөлмөмө өзүм жалгыз эле батат элем. Ошондо да Дооронбек Садырбаев аксакал күлкүгө айландырып, раматылык жөнүндө жаман айтпайт дейт, бирок сөзүн келтирип коеюн, “Турсунбай Бакир уулу жума күнүн дем алыш күн кылам деп атса, анда мен пайшамба күнү дем алууну сунуштайм” деп, тамашага айландырып салган.

“Азаттык”: Динара айым, сиздин негизги аргументтериңиз кайсы, эмнеге каршы чыгып атасыз?

Динара Ошурахунова: Биринчиден, тактап кетейин, биз динге каршы чыккан жокпуз, депутаттар намаз окубасын деген да жокпуз. Биз эң негизги мыйзам Конституцияны коргоп чыгып атабыз. Конституциянын 7-беренесинде “Кыргыз Республикасында бир дин мамлекеттик дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес” деп жазылып турат.

Экинчиден, дин жана бардык расымдар мамлекеттен ажыратылган. Үчүнчүсү, эң биринчи беренеде диндин түздөн-түз мамлекеттик башкарууга аралашпагандыгы айтылат. Эң негизги мыйзамда ушундай норма тургандан кийин, мамлекеттин ишине дин аралашпашы керек дегенден кийин, биз ошол принципти карманып, мыйзам чыгарган адамдар ошол мыйзамды сыйлашы керек. Эгерде парламентте мыйзам чыгарган адамдар өздөрү биринчи Баш мыйзамга каршы чыгып демилгелерди көтөрсө, биз ойлойбуз, анда Кыргызстанда эч ким мыйзамды сыйлабай калат.

“Азаттык”: Турсунбай мырза, сиз макулсузбу, бул Башмыйзамга карама-каршы келбейби?

Турсунбай Бакир уулу: Жок, эч кандай карама-каршы келбейт.

“Азаттык”: Эмне себептен? Түшүндүрүп өтүңүзчү?

Турсунбай Бакир уулу: Ошол эле Конституцияны окуп берейин. Биринчи беренеде эмес, кириш сөзүндө аталып турат, “Кыргызстандын эли адамдын укугун урматтайт, сыйлайт жана коргойт” деп. Кудайга ишенүү адам укугу да. 18-беренени алып көрсөк, бул жерде депутаттар намаз окубаш керек деп жазылган жок, же Ак үйдө намазкана ачылыш керек эмес деп. Ошондуктан биздин аракетибиз мыйзамдуу.

Динара Ошурахунова: Динге ишенүү бул укук эмес, бул – эркиндик. Мисалы, мамлекет укукка ээ болгондорго ар кандай шарттарды түзүп бериш керек. Ал эми эркиндиктерге алар кысым жасабашы керек. Бизде Кыргызстанда көп диндер бар. Ошондуктан жер-жерлерде мечиттер курулган, ошол жерге адамдар өзүнүн намазын окуп атат. Депутаттардын унаалары бар, шарттардын баарын түзүп бердик, мечитке барып элдер менен аралашып намазга жыгылганга алардын эркиндиги бар, биз ага каршы чыккан жокпуз.

Турсунбай Бакир уулу: Анда мейли, жума күнү Жогорку Кеңеш иштейт экен, жума намазды кайсы күнгө которсо болот анда?

Динара Ошурахунова: Которбой эле койгула, жума намаз боло берсин. Анда сиз депутат болбой эле коюңуз.

Турсунбай Бакир уулу: Сиз мечитте болгонсузбу?

Динара Ошурахунова: Мен мечитте болгом.

Турсунбай Бакир уулу: Ичине киргенсизби?

Динара Ошурахунова: Киргем.

Турсунбай Бакир уулу: Жоолукчан намаз окуп чыккансызбы?

Динара Ошурахунова: Жок, мен атеистмин.

Турсунбай Бакир уулу: Көрдүңүзбү, атеистсиз. Мен сиздин укугуңузду тебелеген жокмун. Мен бул жерде кудайга ишенгендердин укугу жөнүндө айтып атам. Сиз айтып аткан эркиндик бул – дин эркиндиги. Мен депутат боломбу, жөнөкөй адам боломбу менин кудайга ишенүү укугум бар.

Динара Ошурахунова: Бул укук эмес.

Турсунбай Бакир уулу: Сиз атеистсиз, кудайга ишенбейсиз. Бирок кудай сактасын, өмүрүңүз узун болсун, көзүңүз өткөндө сизге жаназа окулабы, же окулбайбы?

Динара Ошурахунова: Ал башка суроо. Биз бул жерде депутат эмес, башка адамдар ушул суроону көтөрсө аны түшүнөбүз. Бизге жарандык коомго принципиалдуу маселе – мамлекеттик органга келип, мыйзам чыгарып аткан адамдар өздөрү мыйзамды сыйлайбы, же сыйлабайбы?

Турсунбай Бакир уулу: Кыргызстандын элинин 85 пайызы мусулман. Сиз Кыргызстандын бейөкмөт уюму болуп, ушулардын укугун коргобой, кимдин укугун коргоп атасыз? Сиз “депутаттар көтөрүп атат” деп айтып атасыз. Сиз уккан жоксузбу, мугалимдерден сөз угуп, канча балдар окуудан чыгып жума намазга барып атышат, канча иштеп аткандар сөгүш угуп, жума намазга барып атат. Эл айтып жатат муну, сиз укпай атасыз. Сизге акча бергендер башкалар, Батыш акча берип атат. Сиз болсо Кыргызстандын элинин көйгөйүн ойлогон жоксуз.

Динара Ошурахунова: Кыргызстанда динден башка чоң курч маселелер турат. Ошонун ичинде мугалимдер, дарыгерлер ачкасынан акцияга чыгып атат, мен ошолорду угуп атам, мен ошолорду коргоп атам.

“Азаттык”: Эмне себептен жума намазды алып чыктыңар? Андан башка маселелерди алып чыгып атасыңарбы?

Турсунбай Бакир уулу: Бүт маселелерди алып чыгып жатабыз. Мисалы бул жерде Динара бизди күнөөлөптүр, “когда же народные избранники начнут заниматься не своим комфортом, а поиском выхода из создавшего социального кризиса” деп. Экинчиден, мусулмандын беш парзын билесизби, атап бериңизчи?

Динара Ошурахунова: Турсунбай Бакир уулунун намаз окушу же окубашы Кыргызстандын эң негизги проблемасы эмес. Бул жерге мен сиз менен урушканы келген жокмун.

Турсунбай Бакир уулу: Кайсы маселени чечип коюптур. Калктын 80 пайызы мусулмандар, ошол эле дарыгерлер, мугалимдер – мусулмандар.

Динара Ошурахунова: Сиз эмоцияга алдырбаңыз.

Турсунбай Бакир уулу: Менин оозумду жаппагыла. Качан депутаттар өзүн ойлоптур? Мына сизге бир мисал…

Динара Ошурахунова: Эмоцияга алдырбаңыз.

Турсунбай Бакир уулу: Мен эмоцияга алдырган жокмун. Сиз укпай атасыз, болбосо мен кыйкырбайм. Эми унчукпай угуп туруңуз. Бул жерде депутаттар өзүн эле ойлойт деп күнөөлөп атасыңар.

Өзүбүздү ойлосок, депутаттар жабык жыйында маселени талкуулап атканда фракциянын жетекчилерине мамлекеттик резиденция берилсин, анын ичинде Текебаевге, анан буларга жан сакчылар, курал, унаа берилсин деген мыйзам чыгарып атканда мен биринчи каршы чыктым. Жума намаз бул – парз. Эгерде Динара карындашым ушундай акылдуу болсо, мага айтып берсинчи жума намазды кайсы күнгө которсо болот? Жума намаз жума күнү окулуш керек. Башка кеп, сиз айтып атасыз мугалимдердин, дарыгерлердин маселесин.

Сизге окшогон адамдар Батыштан акча алып, Кыргызстандын эмес, Батыштагы кожоюндардын акчасын ойлойсуз. Эгерде Кыргызстандын элин ойлосоңор, ыймандуулук келсе мугалимдердин, дарыгерлердин да маселеси чечилет.

Динара Ошурахунова: Эми мага сөз бересизби? Сиз ыймандуу болсоңуз, кишини сыйласаңыз мага сөз бериңиз. Мен сизге да айта кетейин, сиздин муунуңуз мурун кандай коммунизмге сыйынса, перестройка болгондон кийин баары демократка айланып, эми динди жамынып алып, популисттик кадамга барып жатат.

Турсунбай Бакир уулу: Ким популист? Сиз сүйлөсөңүз күнөөнү койбой сүйлөңүз, ачык маселени айтыңыз. Өзүңүз да хамелеон болуп демократ болдуңуз, ким элеңиз мурда, ата-энеңизге күнөөнү коюңуз.

Динара Ошурахунова: Адаштырбаңыз.

Турсунбай Бакир уулу: Сизге окшогон атеистти тарбиялаган ата-энеңизге айтпайсызбы.

Намазбы? Мыйзамбы? (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


Динара Ошурахунова: Динди мамлекеттен ажыратуу ал динге каршы эмес. Бул мамлекеттик бардык диндерге тең мамиле жасоо. Кыргызстанда эч бир дин мамлекеттик катары көрсөтүлбөш керек. Анткени ал Конституцияда жазылуу. Сиз болсо намазкана ачып атсаңар, анда ал жерге чиркөө, храмдар да ачылат деп эртең башка диндеги адамдар да ошондой демилгелерди көтөрө баштайт. Анда сиз эмне кыласыз?

Турсунбай Бакир уулу: Ошол башка диндеги адамдар депутат болсун. Эл аларды колдобойт. Кыргызстанда мусулмандар 80 пайызды түзөт. Ошондуктан мусулмандар шайланып атат. Бүгүнкү мусулмандардын көпчүлүгү депутаттарды шайлаганда да ыймандуубу, ыймандуу эмеспи деп ошого карайт. Сизге окшогон бейыйман адамдар шайланбайт эле. Ошон үчүн шайлоого чыккан жоксуз.

Динара Ошурахунова: Сиз жаңылып атасыз.

Турсунбай Бакир уулу: Кудай жок десеңиз сизди ким колдойт?

Динара Ошурахунова: Мен депутат болом деген жокмун.

Турсунбай Бакир уулу: Кудай тааныбагандыктан сиз дайыма ушундай аракет кыласыз. Бакиев мезгилинде да ага куйрук болуп, Алишер Мамасалиев экөөңөр мага асылгансыңар. Эмне болдуңар андан кийин?

Динара Ошурахунова: Бакиевди так өзүңүз кошоматчы болуп алып келгенсиз, Кыргызстанда депутат катары парламентте жүрүп. Мен сиз менен сүйлөшкүм келбейт.

Турсунбай Бакир уулу: Тобо кылдым. Айтсаң, Алишер Мамасалиев депутат болдубу?

Динара Ошурахунова: Ал башка суроо. Биз азыр сиз менен намазкана жөнүндө сүйлөшүп атабыз. Булар эч качан эң негизги суроо боюнча сүйлөбөйт. Булар дайыма элди адаштырып сүйлөйт. Ошон үчүн парламентке көпчүлүк адамдар ишенбейт.

Турсунбай Бакир уулу: Сиз Батыштын акчасына иштеп атасыз, сиз Кыргызстандын душманысыз.

Динара Ошурахунова: Сиз канча акча алып келдиңиз?

“Азаттык”: Турсунбай мырза, сиз “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсүсүз. Ал Орусиянын кызыкчылыктарын үгүттөп жатат. Ушул суроого кандай деп жооп бересиз?

Турсунбай Бакир уулу: Орусиянын кызыкчылыгын эмес, Орусия менен Кыргызстандын экономикасын көтөрүү. Орусияда миллион кыргызстандык жүрөт.

Динара Ошурахунова: Анткени “Ар-намыс” Орусиянын кызыкчылыгын коргойбуз деген. Сиз өзүңүздүн партияңызды таштап, башка партияга кирип алып бийликке жеттиңиз. Сиз туруксуз адамсыз.

Турсунбай Бакир уулу: Мен сизге окшоп атеисттерди колдогон жокмун, мен кудайды колдодум.

“Азаттык”: Сиздин миссияңыз ыймандуулук болсо, анда “Ар-намыс” фракциясына кирбей эле коюшуңуз керек эле.

Турсунбай Бакир уулу: Мен ыйман деген сөздү колдодум. Кулов экөөбүз сүйлөшкөнбүз. Мен мындай атеисттерди колдобойт элем. Сен соттошом деп чычалагансың ошондо.

Динара Ошурахунова: Мен соттошкон жокмун. Алишер Мамасалиев соттошкон, мен аны колдоп койгом.

Турсунбай Бакир уулу: Экөөңөрдү билем кимдин ишин аткарып атасыңар. Силер Кыргызстандын душманысыңар.

Динара Ошурахунова: Билем. Сиз деле ошондойсуз.

Турсунбай Бакир уулу: Мен андай эмесмин. Мен сизге окшоп чет өлкөдөн акча алган жокмун.

Динара Ошурахунова: Башка адамдар динди саясатка аралаштырып атат.

Турсунбай Бакир уулу: Сиз акчаны кайдан алып атасыз?

Динара Ошурахунова: Мен ал акчаны сиздин чөнтөгүңүздөн алган жокмун. Сиз акчаны менин чөнтөгүмдөн алып атасыз.

Турсунбай Бакир уулу: Мен Кыргызстан үчүн иштеп атам. Сиз ким үчүн иштеп атасыз?

Динара Ошурахунова: Мен Кыргызстан үчүн иштеп атам.

Турсунбай Бакир уулу: Кайдан башка өлкөнүн акчасын алып Кыргызстан үчүн иштейсиз? Бүт чыр-чатактар силерге окшогондордон келип атат.

Динара Ошурахунова: Биздин Кыргызстанга гранттар кайдан келип атат? Ошол сизсиз.

Турсунбай Бакир уулу: Сизсиз.

Динара Ошурахунова: Сиз туруктуу адам эмес экенсиз. Бул партиялардын баарын аралаштырып, чуркап барып “Ар-намыска” кирип алдыңыз бийликке жетебиз деп. Азыр болсо дин маселесин жамынып алып упай топтоп жатасыз.

Турсунбай Бакир уулу: Акчаны кайдан алып атасыз?

Динара Ошурахунова: Мен сизге айтып берем. Сиз кайдан акчаны айтып атасыз?

Турсунбай Бакир уулу: Мага бюджеттен төлөнөт.

Динара Ошурахунова: Бюджеттен ошол акчаны мен сизге төлөп берип атам.

Турсунбай Бакир уулу: Сиз төлөгөн жоксуз. Сиз чет өлкөдөн келген акчаны жеп атасыз.

Динара Ошурахунова: Мен төлөп берип атам, мен салык төлөп атам. Ошон үчүн каршы чыгып атам.

Турсунбай Бакир уулу: Колуңузду силкпеңиз, сөөмөйүңүздү көрсөтпөңүз, мен сизге күйөөңүз эмесмин.

Динара Ошурахунова: Сиз да мага сүйлөбөңүз. Эмне үчүн сиз мени душман деп атасыз, сиз кимсиз? Мен сүйлөшпөйм сиз менен.

Турсунбай Бакир уулу: Сүйлөшпөсөң сүйлөшпө.

Динара Ошурахунова: Бул киши сүйлөгөндү билбейт.

Турсунбай Бакир уулу: Түшүнүп атам, бул карындашым исламга каршы.

Динара Ошурахунова: Мен долбоорлорду жазып акча таап атам. Мен исламга каршы эмесмин, сиз каршы чыгып атасыз, негизги мыйзамды сиз бузуп атасыз.

Турсунбай Бакир уулу: Кайсы мыйзамды буздум, айтчы?

Динара Ошурахунова: Конституциянын 7-беренесин сиз бузуп атасыз.

Турсунбай Бакир уулу: Эмне деп коюптур ал жакта?

Динара Ошурахунова: Сиз өзүңүз окуп алыңыз.

“Азаттык”: Биз кечээ мурдагы спикер Адахан Мадумаров менен сүйлөштүк, бул кадамды ал популизм кадам деп эсептеди. Сиз ушуга кандай жооп бересиз?

Турсунбай Бакир уулу: Адахан Мадумаров да Динара окшогон атеист. Молдонун баласы.

Динара Ошурахунова: Ошол эле Турсунбек Акун ажы, ал да айтты популист деп.

Турсунбай Бакир уулу: Турсунбек Акун да сизге окшогон атеист.

Динара Ошурахунова: Кадыр Маликов да сизди популист деди.

Турсунбай Бакир уулу: Мен суроого жооп берип атам, сөздү бөлбөңүз.

Динара Ошурахунова: Эгерде бири-бирибизди сыйласак анда мен сизге сөз берем, сиз да мага сөз бериңиз.

Турсунбай Бакир уулу: Тобо кылдым, сиздин күйөөңүз барбы, тарбиялаганбы сизди?

Динара Ошурахунова: Бар.

Турсунбай Бакир уулу: Анда күйөөңүзгө айтып коюңузчу, сизди тарбияласын, киши менен кандай сүйлөшүш керек экендигин.

Динара Ошурахунова: Менин күйөөмө тийишпеңиз. Мен сиздин көп аялыңызга тийишкен жокмун.

Турсунбай Бакир уулу: Сенин деле көп эркегиң бар.

Динара Ошурахунова: Сиз андай деп сүйлөбөңүз!

Турсунбай Бакир уулу: Сен да сүйлөбөгүн.

Динара Ошурахунова: Токтотуңуз, кечирим сураңыз.

Турсунбай Бакир уулу: Сен биринчи баштадың.

Динара Ошурахунова: Сиз мени сен дедиңиз.

Турсунбай Бакир уулу: Сиз дедим.

Динара Ошурахунова: Бул киши сүйлөшкөндү билбейт экен, мен сүйлөбөйм.

Турсунбай Бакир уулу: Мен суроого жооп берип атсам сиз сөздү бөлүп атпайсызбы. Мен Динара шилтеме кылган 7-беренени окуйун, “Кыргыз Республикасында бир да дин мамлекеттик, же абзел түрдө болбойт” дейт. Ким айтып атат азыр ислам мамлекети деп? Ислам мамлекети болсо мындай адамдар чыкпайт эле Кыргызстанда.

Экинчиден, дин жана башка культтар мамлекеттен бөлүнгөн дейт. Мен бирөөнү мамлекетке кошуп атамбы? Үчүнчүдөн, диний уюмдар жана кызматкерлер мамлекеттин ишине киришпейт дейт. Кайсы диний уюмдар киришиптир? Депутаттар диний уюмдар эмес, бул – мамлекеттик кызматкерлер, эл шайлаган депутаттар.

“Азаттык”: Намазкана ачылса, анда башка улуттун өкүлдөрү да өзүнүн сыйына турган бөлмөсүн ачыш керекпи?

Турсунбай Бакир уулу: Мейли, ага эч ким каршы эмес. Мейли христиандар келип калса, өзүм биринчи кол көтөрүп бир бөлмө бөлүп берем. Кудайга ишенсе эмнеси жаман?

“Азаттык”: “Ар-намыс” партиясы ушул шайлоону улуттук азчылыктардын добуштарын алуу менен жеңди деген пикир бар. Ошолордун колдоосу менен келди деп. Эми сиздер президенттик шайлоого даярданып, бүт мусулмандардын үнүн алганга даярданып жатасыздарбы? Бул президенттик шайлоого даярдыкпы, упай топтообу?

Турсунбай Бакир уулу: Бул маселенин шайлоого тиешеси жок. Бул маселени мен 96-жылы көтөргөм. Эгерде шайлоого тиешеси бар болсо, Кулов мен намаз окуп атам десе, канча адам ага каршы добуш берет, ошол эле орустар.

“Азаттык”: Муфтиаттын жума күнү эс алып атышына сиз кандай пикирдесиз?

Турсунбай Бакир уулу: Динара мага түшүндүрүп берсинчи, эмне үчүн бизде ишемби, жекшемби дем алыш күн болуп калды?

Динара Ошурахунова: Турсунбай мырза жакшы түшүнбөй атат биздин турумубузду. Булар адамдарды адаштырып, бизди намазга каршы чыгып атат деп жатат. Биз дагы бир жолу айтабыз, биз намаз окуганга каршы чыккан жокпуз. Биздин Конституцияда эң негизги беренеде жазылып турат, Кыргыз Республикасында бир диндин мамлекеттик дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес деп. Ошондуктан биз айтабыз, мамлекеттик органдарга намазкана ачылганга мүмкүнчүлүк болбойт. Анткени бизде Кыргызстанда көп улут, көп дин бар. Ошол жерде орустар, христиандарбы, буддисттер болобу, алардын баары Кыргызстанда жашап, салык төлөп атат.

“Азаттык”: Азыркы Конституция менен сиздер парламентке депутат болуп келгенсиздер. Светтик дегенди алып коюуга барасыздарбы, ошондой демилге көтөрөсүздөрбү?

Турсунбай Бакир уулу: Ушуну алып салыш үчүн кайра референдум өткөрүш керек.

“Азаттык”: Ошого барасыздарбы?

Турсунбай Бакир уулу: Керек болсо барабыз. Себеби парламенттик республика жөнүндө сөз кетип атат. Эми Динарахандын суроосуна, мына телекөрүүчүлөр, Динара Ошурахунованын сөзү, Төлөйкан Исмаилованын сөзү, Дмитрий Кабактын эки сөзү, бул жакта Абдрасулованын сөзү, бүт бардыгы депутаттар жума намаз окуйт экен деп эле тополоң кылып атышат. Эми башка сөздү айтып атат.

Динара Ошурахунова: Биз башка сөздү айткан жокпуз. Сиз адаштырып атасыз. Так сүйлөш керек.

Турсунбай Бакир уулу: Азыр кайра капа болосуз, мен сиздин сөзүңүздү бөлгөн жокмун.

Намазбы? Мыйзамбы? (3-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:58 0:00


Динара Ошурахунова: Биз намаз окуганга каршы чыккан жокпуз. Парламент мамлекеттик орган, мамлекеттик органда бир дагы дин эң негизги болуп аталбашы керек.

Турсунбай Бакир уулу: Сөз мага берилген. Кудай сактасын мындай атеист аялдардан. Эч жерде мамлекет диндин маселесине киришкен жок. Жума намаз бул өз ыктыярыбыз. Бизде 15 чакты депутат намаз окуйбуз деп атабыз. Бейшемби жана жума күңдөрү депутаттар иштейт экен. Жума күнү жума намазга абзел түрдө барышыбыз керек. Себеби жамаат менен намаз окуш сооп иш. Бир саат тамактанууга берилет экен, биз тамакка барбай, намазга барып атабыз. Өзүбүздү ойлосок түштөнөт элек. Ошондуктан, биринчиден, биз депутаттардан суранып атабыз.

Динара Ошурахунова: Каап, кыйналыпсыңар да.

“Азаттык”: Башка мусулмандардын укугу кандай болот? Силерге макул эки саатка узартсын, башка мекемелерде да узартып бериш керекпи? Ошол регламентке кириш керек да.

Турсунбай Бакир уулу: Мен жума күнү депутаттар иштебей эле койсун, жума күн үчүн биринчи, экинчи, же үчүнчү күнү иштесин деген маселени көтөрүп атам. Себеби бул биздин укугубузга тоскоолдук берип атат. Биз кудайга ишенген адамдар намаз окушубуз керек.

“Азаттык”: Силер парламентке келип өзүңөрдүн укугуңарды кичине бийик көтөрүп аткандай сезим калтырып атпайбы. Жөнөкөй карапайым бала мамлекеттик ишканада иштейт. Ал жума намазга барса, эки саат, эмгек кодексине ылайык, анын айлыгынан кесилиш керекпи?

Турсунбай Бакир уулу: Ошон үчүн уруксат берилсин деп атпайбызбы. Анын ичинде светтик делген Түркияда, Малайзияда, Араб Эмираттарында адамдар жума намазга барат. Ал эми бизде болсо жума намазга кетип калсаң мектептен окууга, же ишке келген жок деп коет. Ошондуктан алардын укугун коргоп берели деп атабыз. Барба десе да булар жума намазга барышат.

“Азаттык”: Ошондуктан Эмгек кодексине өзгөртүү киргизесиздерби?

Турсунбай Бакир уулу: Киргизебиз. Бул бийлик партиясы Социал-демократтардын сунушу болду. Биздики эмес. Динара кайра туура эмес жазып койду “Ар-намыс” көтөрүп чыкты муну деп. Бүт укук коргоочулар чет өлкөдөн акча алат, ошолорго кызмат кылып атат. Булар чет өлкөгө кызмат кылбаса буларга акча берилбейт. Сиз фондуңузга кайсы өлкөдөн акча алып атасыз?

Динара Ошурахунова: Европадан алам.

Турсунбай Бакир уулу: Европа качан жакшылык каалачу эле бизге, айтыңызчы?

Динара Ошурахунова: Сиз азыр эле Европаны мисалга келтирип атпайсызбы? Кыргызстандын баары грантка, кредитке жашап атат.

Турсунбай Бакир уулу: Кыргызстан эмес, силер жашап атасыңар. Азыр карызга баттык. Сизге окшогондор байып жүрүшөт.

Динара Ошурахунова: Карызга батырган силерсиңер. 2001-жылдан бери депутат болуп жүрүп Кыргызстанды ушул абалга жеткирдиңер. Сиздей туруктуу эмес саясатчылар динди жамынып алып ыплас иштерди жасаган адамдар ушуга алып келди.

Турсунбай Бакир уулу: Ошондо мен оппозицияда жүргөм. Эч кандай тиешем жок буга.

Динара Ошурахунова: Качантан бери сиз оппозиция болуп калдыңыз?

Турсунбай Бакир уулу: Мен 91-жылдан бери оппозициядамын.

Динара Ошурахунова: Сиз дайыма эле бийликте иштеп жүрбөйсүзбү.

Турсунбай Бакир уулу: Мен оппозиция катары иштеп жүрдүм. Азыр дагы оппозициядамын.

Динара Ошурахунова: Коюңузчу, биринчи жолу угуп атам.

“Азаттык”: Орусиялык, европалык же америкалык гранттардын ортосунда айырма барбы сиз үчүн?

Турсунбай Бакир уулу: Орусияныкы грант эмес, ал экономиканы өнүктүрүш үчүн. Колуңузду шилтебеңиз, колуңузду кармап туруңузчу. Сиз чет өлкөнүн акчасын алгандан кийин, аларга кызмат кылгандан кийин чычалабаңыз.

Динара Ошурахунова: Мен чычалабайм. Мен мамлекеттик органда иштеген жокмун.

Турсунбай Бакир уулу: Түшүнүктүү. Бир кыргызстандыкты, бир мусулманды коргобой, чет өлкөнүн акчасына иштеген адам, түшүнүктүү.

Динара Ошурахунова: Бизде мамлекеттик органдар отуруп алып, коррупцияга, ушул абалга алып келип…

Турсунбай Бакир уулу: Кыргызстан үчүн иштеген адам ыйман, намаз жөнүндө сүйлөйт, бети жок, уяты жок. Кыргызстанда кимдин укугун коргоп бердиң, бир мусулмандын укугун коргоп бердиңби, айтчы мага?

Динара Ошурахунова: Ооба. Сиз акыйкатчы катары колдоп бердиңизби?

Турсунбай Бакир уулу: Мен 160 миң адамдын укугун коргоп бердим.

Динара Ошурахунова: Анткени бийликке сизди Бакиев алып келген.

Турсунбай Бакир уулу: Сиз Турсунбек Акунду ажы, жакшы иштейт деп алып келдиңиз. Өзүңүз иштебей албай койдуңуз го аны менен.

Динара Ошурахунова: Аны мен алып келген жокмун, аны сизге окшогон парламент алып келген.

Турсунбай Бакир уулу: Сиз, Мамасалиев, Абдрасуловалар алып келдиңер.

Динара Ошурахунова: Сиз Конституцияны такыр билбейт турбайсызбы. Ошондуктан Конституцияга каршы чыккан демилгелерди көтөрүп атасыз.

“Азаттык”: Азыр муфтиат жума күнү эс алып атат, жума күндү ишембиге жылдырыптыр. Эми бир гана диний мекемелер эмес, башка мекемелер дагы биз да мусулманбыз, биз дагы жума күнү эс алыгыбыз келет десе, анда Кыргызстандын 80 пайызы чыгат экен да?

Турсунбай Бакир уулу: Туура. Динара карындашым суроомо жооп бербей койду, ишемби, жекшемби эмне үчүн дем алыш күн болот?

Динара Ошурахунова: Мен билбейм.

Турсунбай Бакир уулу: Билбесеңиз анда бул маселе боюнча эмнеге келдиңиз?

Динара Ошурахунова: Сиз мурдагы коммунист катары жооп бериңизчи.

Турсунбай Бакир уулу: Сизге окшогон атеисттер ушундай кылган. Ишемби күнү еврейлер эс алат. Базар күнү христиандар эс алат. Мусулман өлкөлөрүндө жума күнү эс алышат. Бизде болсо эскиче калган. Буга окшогон атеисттер, ишемби, базар күндү дем алыш күн кылып жатышат.

Динара Ошурахунова: Менин да толтура досторум бар, алар намаз окуйт, мен аларды абдан сыйлайм. Бирок алар динди жамынып, эч качан жаман, ыплас иштерди жасабайт.

Турсунбай Бакир уулу: Ким ыплас иштерди жасап атат, карындашым, оозуңа карап сүйлөсөң? Депутаттар жаман иш жасап атабы?

Динара Ошурахунова: Сиз мага сөз бересизби? Үч милиция кызматкерин өлтүрүп кеткен адамдарды биз деле көрүп атабыз. Аларды да айтып атат, динди жамынып алып ошондой жаман иш жасаганын. Ошондойлорду саясатчылар тыйыш керек.

“Азаттык”: Атышуулар болбодубу, ошондо дагы иликтеп чыкса, намаз окуган балдар, жогорку билимдүү жакшы адистер экен. Ушул көрүнүшкө кандай баа бересиз?

Турсунбай Бакир уулу: Бүгүн түрмөдө канча адам отурат, билесизби? Укук коргоочу дейт өзүн. Же мусулмандын беш парзын билбейт экенсиз, жума намаздын шарттарын билбейт экенсиз. Канча адам түрмөдө отурат, айтыңызчы?

Динара Ошурахунова: Мен Конституцияны билем.

Турсунбай Бакир уулу: Сурооңузга жооп. Бүгүнкү күнү 17 миң адам түрмөдө отурат, ошонун 16 миңи атеисттер. Эмне үчүн ошолор айтылбайт? Эмне үчүн кээ бир адамдар динди жамынса бүт дин жаман болуш керек?

“Азаттык”: Сиз 16 миң атеист экенин эсептеп чыктыңызбы?

Турсунбай Бакир уулу: Мен буларга караганда түрмөлөрдү кыдырып чыккам. Италияда, Испанияда Бастардын партиясы террористтер, аларды эч ким айтпайт христиандар террорист деп.

Динара Ошурахунова: Турсунбай мырза, башка аргументтерин айта албай, азыр укук коргоочулардын акчасын санай баштады. Санаса санай берсин.

Турсунбай Бакир уулу: Мен сизге четтен акча келип атат деп жатам. Акча санап атат деп айтпаңыз, канча акча алганыңызды билем мен, өзүңүзгө буйрусун ошол акча. Мен сиздин кожоюндарыңызды айтып атам, кыргызстандыктар эмес, чет өлкөлүктөр. БУУ дүйнөнүн бүт өлкөлөрүн бириктирген уюм. Ар бир өзүнүн башкы сессиясын кудайга сыйынуудан баштайт. Ошондо ассамблеянын катчысы айтат, ар бириңер өз кудайыңарга кайрылгыла дейт.

Динара Ошурахунова: Төлөйкан, Азиза башкаларга асыла баштады.

Турсунбай Бакир уулу: Силерге окшогондор үчүн кан төгүүлөр, тополоңдор болуп атат Кыргызстанда.

Динара Ошурахунова: Сиз антип мени күнөөлөбөңүз.

Турсунбай Бакир уулу: Сиз чычалабаңыз.

Динара Ошурахунова: Мен чычалаган жокмун. Азыркы суроо жөнүндө сүйлөшүңүз деп суранып атам. Мыйзамга тур дегенди көп адамдар туура эмес көрүп атат, адашып да кетип атат. Бизге эң негизги мамлекеттик органда отурган адамдар мыйзамга так турушу керек. Мыйзам бузулса башка адамдардын да укугу бузулуп жатат. Биз ошол жөнүндө айтып атабыз. Экинчиден, парламентте отурган депутаттар Конституцияны сыйлап, ошол Конституцияга каршы демилге көтөрбөшү керек.

Турсунбай Бакир уулу: Кан төгүүлөр болобу, чыр-чатактар болобу баары чет өлкөнүн акчасына. Алардын агенттери бул жерде бар. Экинчиден, Конституцияны эч качан “Ата Журт”, КСДП, “Ар-намыс” партиялары жана парламенттеги башка партиялар бузган жок. Ошон үчүн мыйзам негизинде биз бир саатка жума намазга барып келели деп укукту алдык. Ага каршы чыккандар бүт баары мусулмандардын, кыргыз элинин душмандары болот.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG