Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Тажикстанда өкмөт имамдардын үгүтүн көзөмөлдөйт


Хатлон регионунан имам ажы Мирзо өлкөдөгү эң популярдуу дианятчылардан

Хатлон регионунан имам ажы Мирзо өлкөдөгү эң популярдуу дианятчылардан

Тажикстандагы мечиттердин имамдары жакындан тарта жума намаздагы диний үгүтүн расмий кабыл алынган темалардын алкагында гана өткөрө алышат. Моралдык баалуулуктардын тизмесин Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети түзөт. Буга каршы чыгып жаткандар өкмөттүн аракети элдин сүймөнчүлүгүнө айланып, бийликтерге баш ийбей бараткан айрым имамдарды эпке келтирүү үчүн эле жасалып жатат, дешет.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети өкмөттүн колдоосун алган Ислам кеңеши менен биргеликте 60 темадан турган тизмени түзүп жатат. Жакындан тарта мамлекеттеги 300 жамы мечит жана 27 шаардагы борбордук мечиттин имамдары ошол тизмеде көрсөтүлгөн проблемалар боюнча гана элге таалим-тарбия бере алышат.

Бирок сынчылар, өзгөчө Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттери, өкмөттүн чечимин кескин айыпташууда. Алардын ишениминде, азыр өкмөт имамдарды эл көбүрөөк колдоп жатканынан, алардын арасында жаштар көп болуп жатканынан чочулап турат.

Тизменин жакпаган тили

Дин комитети болсо шариаттын баалуулуктарын элге таркатууда имамдарга жардам берели деп жатабыз, коомду терроризм менен экстремизмдин коркунучунан сактап калалы деген ниет, дейт.

Комитеттин башчысынын орун басары Мухтор Мавлонов тандалып жаткан тизмеде ата-энеге кантип кам көрүш керек, коңшуларга карата сылык мамиле, урмат сыяктуу моралдык баалуулуктар гана бар дейт.

“Тизме, негизинен, баланы кантип чынчылдыкка, ишенимге, достукка үйрөтүү, тарбиялоо өңдүү исламдагы моралдык баалуулуктардан турат”, - деди Мавлонов.

Сөз болуп жаткан тизме ушул айда имамдарга таркатылат.

Душанбедеги борбордук мечиттин имамы Хамдулло Рахимзода андай тизменин кереги деле жок болчу деп эсептейт. “Биз жума намаздарда ансыз деле ушул өңдөнгөн моралдык баалуулуктар жөнүндө сүйлөп келгенбиз. Анткени ислам өзү бүт эле жакшы таалим-тарбиядан турат”, - деди ал.

Тажикстанда да, Кыргызстандагыдай эле, мечиттердеги таалим-тарбия жыйындары жума намаздын алдынан бир саат, анан намаздан кийин дагы бир сааттай улантылат. Анда элге үгүт жүргүзгөн айрым имамдар соңку жылдары миңдеген адамдардын сүймөнчүлүгүнө айланды.

Улуттук "хит"

Жума намаздарга, адаттагы намаздарга караганда, дайыма эле эл көп чогулат. Душанбедеги Казокон мечитинин имамы молдо Абдурахимдин айтымында, муну жума күнкү таалим-үгүттү угууну каалагандардын көбөйүп баратканы менен түшүндүрсө болчудай.

"Менин жыйындарыма эл көп чогулуп жатабы, - дейт имамдардын бири, - демек, эл мен тандаган темаларды кабыл алып жатат".
“Эл менен ал сүйлөшүүлөрдө эмнени айтышым керектиги тууралуу мага жардамдын деле кереги жок, - деди имам. - Биздин мечитте жума намазга бир саат калганда эле адамдар толуп калып жатканынын өзү биздин таалим-үгүт ишибиз элге канчалык жагып жатканынан кабар берет”.

Адатта, ал үгүт иштеринде имам үй-бүлөдөгү жаңжалдарды кантип чечүү, мүлк бөлүштүрүүдөгү талаштарды кантип жөндөө керектиги боюнча шариаттагы эрежелерди айтып берет. Көбүнчө эл менен суроо-жооп болот. Ошондой жыйындарды алып барган айрым имамдар, маселен, Туркобод мечитинен Эшони Нуриддин, Кулябдан ажы Мирзонун жыйындары өлкөдө эң популярдуу деп эсептелинет. Алардын масилээттери бир топ жерлерде DVD, CDге да жаздырылып, сатылып калат.

Бул эки имам бийликтерге чынында этикалык маселелер боюнча эмес, саясатты да талкуулаган динаятчылар катары таанылып калышты. Тажикстанда хижаб кийгенге тыйуу салышканда, ушул эки имам өкмөттү сындашканы бар.

Ошон үчүн айрым байкоочулар, алардын катарында Душанбедеги “Диалог” аналитикалык борборунун эксперти Хикматулло Сайфуллозода, өкмөт азыр өзүн сындагандарды элдин колдоосунан оолак кармаганга аракет кылып жатат деп эсептешет.

Экстремизм коркунучу

Тажик бийликтери динге жана ислам институттарына каршы кадамдары үчүн көптөн бери эле сындалып жүрүшөт. Тийиштүү лицензиясы жок деген себеп менен акыркы апталарда эле Душанбеде 10 мечит жабылды. Мусулман аялдары башына салынчу хижабды мектепке кийип келүүгө тыйуу салынган. Узун сакал коюнуп, башына селде салып жүргөн эркектерге да жактырбоо менен мамиле кылышат.

Жакында бийликтер чет-мамлекеттеги диний окуу жайларда билим алган 1500 тажик студентин кайра мекенине кайтарып келишти. Президент Эмомали Рахмон ал студенттерди террористтердин колуна түшүп калбасын деген ниетте кайтарып келишкенин айтты.

Өкмөт болсо өзүнө тагылган сынды четке кагып, мамлекет жарандардын диний эркиндигин камсыздаган дешет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG