Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Ажылыктын аркасынан кимдер миллиондорго туйтунду?


Былтыр Кыргызстандан Меккеге канча зыяратчы барганы тууралуу азыр бири-биринен айырмаланган маалыматтар чыга баштады.

Былтыр Кыргызстандан Меккеге канча зыяратчы барганы тууралуу азыр бири-биринен айырмаланган маалыматтар чыга баштады.

Ажылык зыяратты уюштуруу иштеринде жүздөгөн чет элдиктерге жолдомолор сатылып, миллиондогон каражаттын дайын-дареги табылбай атат.

Ажылык зыяратты уюштуруу иштеринде миллиондогон каражаттар айланат. Ошол акчадан өөнөп калуунун бир канча жолу бар. Аларды негизинен эки чоң топко бөлүп кароого болот. Биринчиси, ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравиясы бөлгөн жолдомолордун бир бөлүгүн чет элдиктерге кымбат баада сатуу. Экинчиси, уюштуруу иштеринен акча жасоо. Анда кепти биринчисинен баштайлы.

Ала-Арча резиденциясында жасалган визалар чет элдиктерге да сатылган

Дин
... “Азаттык” тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаевдин колу коюлган документти таап, ажыга барчуларга берилген жолдомонун саны – 5060 деп көрсөтүлгөнүн аныктады. Бул жерде ортодогу айырма - 384 виза.
иштери боюнча мамлекеттик комиссия ажыга барчуларга виза бере турчу саудиялык консулдарды президент жашаган Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына жайгаштырган. Аравиялык консулдар ошол чычкан жөрмөлөп кире алгыс резиденцияда туруп жолдомолорду беришкен. Комиссия жетекчилеринин айтымында, мындай чара чет элдик консулдардын коопсуздугу үчүн жасалган.

Дин иштери комиссиясы - эң соңку маалымат катары ошол аравиялык консулдар кыргызстандыктар үчүн 4676 адамга жолдомо беришкенин жарыялады. Бирок “Азаттык” үналгысы тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаевдин колу коюлган документти таап, ажыга барчуларга берилген жолдомонун саны – 5060 деп көрсөтүлгөнүн аныктады. Бул жерде ортодогу айырма 384 виза болууда. Ошол эле маалда Сауд Аравиясынан такталган маалымат боюнча, аба жолдору жана кара жол аркылуу ажылык зыяратка барган кыргызстандыктардын саны 4301 болгон. Кийинки айырма 759 виза.
Зыяратчылар Минада, Сауд Аравия.

Ажыга баруучулардын тизмесине кирип, бирок жолдомо колуна тийбей калгандардын жалпы саны чыкканда ортодогу белгисиз визалардын саны дагы өсүшү ыктмал. Ал өсүш тышкы иштер министрлигиндеги ошол эле документте көрүнүп турат. Анда 2010-жылдагы ажылык зыярат учурунда 900 чакты чет элдик жаранга ажылык жолдомолор берилип кеткени көрсөтүлгөн.

Эми ажыга баргандарды ташыган авиакомпаниялардын маалыматын талдап көрөлү. “Кыргыз Транс Авиа” компаниясынын жетекчиси Таалайбек Окенов “Азаттыкка” билдиргендей, бул компаниянын учактары менен 1624 адам ажылык сапарга чыгышкан. “Рахис” компаниясы жалдаган “Бахрейн Эйр” менен 1488, “Түрк аба жолдору” аркылуу 155 адам Меккеге барган. Жалпы 3267 адам Кыргызстандан ажылык сапарга баруу үчүн учактарга түшкөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги берген 5060тан 3267ни кемите турган болсок 1793 деген сумма пайда болууда.

Андыктан Дин иштери комиссиясына “1793 ажылык жолдомо кайда жоголду?” деген суроону берүү мыйзам ченемдүү нерсе. Дин иштери комиссиясы болсо бардык мүчүлүштөрдү ажы башчыларга түртө салууда.

Аталган комиссиянын бөлүм башчысы Кумар Дүйшөнбаевдин пикиринде, чет элдиктерге виза саткандар да ажы башчылары болушу мүмкүн. Өз кезегинде ажы башчылары визага байланышкан маселелерди Дин иштери комиссиясы гана аныктап атканын ырасташууда.
Иликтөө иштери Кыргызстанда чет элдик жарандарга бир виза 3 миң еврого чейин сатылганын тастыктоодо.

Каржы полициясындагы Экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Айдаров “Азаттыкка” билдиргендей, ушул тапта чет элдик жарандарга ажылык жолдомолор орто эсеп менен 3000 долларга сатылганы тууралуу фактылар аныктала баштады:

- Биздин иликтөө учурунда ажыга барып келген адамдар визалар сатылганын тастыктап атат. Чынында эле Түркиянын, Ирандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жарандары Кыргызстандын визасы менен барганы тууралуу маалыматтарды берип атышат. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги да тастыктап атат.

“Азаттык”: - Чет элдик жарандарга ошол визалар канчага сатылган экен?

Каныбек Айдаров: - Биздин маалымат боюнча, 3000 еврого чейин акчага сатылган.

Эгер жогорудагы дареги белгисиз 1793 ажылык жолдомону 3000 доллардан эсептей турган болсок, 5 миллион 379 миң доллар туурасында сөз кылууга болот. Муну тактоо үчүн ажыга баргандардын тизмесине үңүлүү керек болот.

Ажылык зыяратты уюштуруудан миллиондорду өөнөгөндөргө алып барчу жиптин учу – ажыга баргандардын тизмесинде жатат. Бул тизмени коомчулук көрө элек.

Дин иштери комиссиясы болсо “Ал тизмени Улуттук коопсуздук комитети алып кеткен” деген кепти айтууда. Каржы полициясы да ал тизмеге кызыгып, Дин комиссиясынан ушундай эле жоопту угушканын ырасташты.

Аталган комиссиянын өкүлү, 2010-жылкы ажылык миссияны жетектеген Юсуп Балтабаев андай тизме комиссиянын колунда жок экенин, тизмелер ажы башчыларында болорун айтып, ажыга баргандардын тизмеси тууралуу суроого так жооп бере албады.

Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Болот Абдрахманов жүрөгү кармап ооруканага жатып калгандыктан учурда эч кимди кабыл албай, сүйлөшпөй турат.

Анын орун басары Канатбек Мурзахалилов тергөө иштерине байланыштуу президенттин көрсөтмөсү менен убактылуу кызматынан четтетилген.

Улуттук коопсуздук комитетине кайрылганыбызда, ажыга баргандардын тизмеси Дин иштери комиссиясынан алынганын, бирок тергөө бүтмөйүнчө маалымат берилбесин айтышты. Бирок УКМК кызматкерлери ал тизмени Дин иштери комиссиясынан зордоп, компьютерлери, көчүрмөлөрү менен кошо алып кеткен эмес.

Негизи, бул тизмеге киргендерди сураштыра келгенде эле канча кыргызстандык ажыга барганы, кайсы авиакомпаниянын кызматын жана кайсы маршрутту колдонушканы, канчасы калып калганы чыга келмекчи. Ошондо 500дөн 900гө чейин делип айтылып аткан жалпы канча виза кумга сиңген суудай болгону ачыкка чыкмакчы.

Дин комиссиясынын бөлүм башчысы Кумар Дүйшөнбаев “чет элдиктерге сатылып кеткен” делген визалар тууралуу өзүнчө жоромол айтууда. Анын ырасташынча, ажылык сапар маалында Сауд Аравиясынан келген үч консулдун бирөөсү 800 чамалуу ажылык жолдомолорду көтөргөн бойдон Бишкек-Стамбул-Дубай багыты менен качып кеткен.

Андыктан, “чет элдиктерге сатылган” делген жолдомолор ошол аравиялык консулдун колунан келген болуусу да ыктымал.

Ажылык зыяратты уюштуруу маалында чет элдиктерге жең алдынан жолдомо сатылганын ажыга барган кыргызстандыктар да ырасташууда. Ал тургай 27 жаштагы Мирлан Сатыбалдиев ажылык сапары маалында Кыргызстандын визасы менен ажыга бараткан 29 Түркия жаранын тасмага тарта келген.

Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, түркиялыктар ал жолдомолорду 2500 долларга сатып алышканын ырастады:

- Кичи автобус менен барган 29 түрк жаранын Сирия-Иордания чек арасынан кезиктирдим. Алардын бардыгы Кыргызстандын визалары аркылуу ошол жерге чейин барган түркиялыктар экен.

Ал адамдар бизге кошулуп алып Сауд Аравиясына чейин жетип алууну суранышты. Биз билген эмеспиз алардын визасы тууралуу. Кийинчерээк өздөрү паспортторун көрсөтүп, Түркиялык паспорттордо Кыргызстандын визалары турганын көргөндөн кийин ишендим. Буга чейин ишенбей келгем.

Алардын бардыгы тең Бишкектен виза алышкан. Кадимкидей эле өздөрүнүн ысымдары менен алышкан экен.


“Азаттык”: - Кыргызстандын визасын алар кандай жол менен алышкан, канчага алышкан айтыштыбы?

Мирлан Сатыбалдиев: - Ал жерде сураганыбызда ким аркылуу визаны алышканы боюнча так маалымат ала албадык. Негизинен баасын сурап келгенде, 3 миллион түрк лирасына алганын айтышты.

Аны АКШ долларына которгондо 2500 доллар болот деп өздөрү айтышты.


Мирлан Сатыбалдиевдин Сирия-Иордания чек арасынан тарткан тасмасы


Ажыга барууга уруксат берген 146 визаны алып чыгып бараткан ирандык жарандын 2010-жылдын 6-ноябрында “Манас” аба майданында кармалуусу да ажылык зыяратты уюштуруудагы алешемдиктерди тастыктап турат.

Ош шаарынын тургуну Абдышүкүр Жураев ажы башчысы катары 41 адамды Меккеге баштап бармак. Бирок сапардын так алдында белгисиз себептер менен алардын паспорттору визасыз артка кайтарылган.

Ушул сыяктуу мисалдар, тизмеге кирген бир топ кыргызстандык жарандар ажыга барбай калышканын ырастап тургандай.

Ошол себептүү эч кандай жашыруун сырга жатпаган бул тизменин купуялыгы ого бетер шектенүүнү күчөтүүдө.

Уюштуруу иштериндеги бүдөмүк маселелер

Эми уюштуруу иштериндеги маселелерди карап көрсөк. Ажылык зыяратты уюштуруу иштери мекемелер аралык өкмөттүк комиссия бекиткен калькуляциянын (чыгымдардын эсебинин) негизинде жүрдү.

Ал документке мурдагы биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысы Болот Абдрахманов кол койгон.

Ага ылайык, Бишкек аркылуу ажыга баргандар 2200 доллар жана 1000 сом, Ош аркылуу баргандар 2300 доллар жана 1000 сомдон акча коротушу керектиги каралган.

Көрсөтүлгөн сумма төмөндөгүдөй сарпталаары каралган:

1. Бишкек-Жидда-Бишкек багытындагы учак билетинин баасы – 1400 доллар.
2. Ош-Жидда-Ош багытындагы учак билетинин баасы – 1500 доллар.
3. Сауд Аравиясынын чек арасынан өтүүдөгү милдеттүү төлөм – 285 доллар.
4. Ыйык жерлерди кыдыруу – 60 доллар.
5. Мина, Мединада бир жолку тамактануу – 70 доллар.
6. Медина шаарындагы мейманкана – 100 доллар.
7. Муфтиятка берилчү каражат – 70 доллар.
8. Ажылыкты уюштуруу иштерин камсыздоого – 20 доллар.
9. Казыяттарга берилчү кайрымдуулук каражаты – 10 доллар.
10. Ажылар үчүн тигилген кийимдин баасы – 20 доллар.
11. Роуминг байланышын уюштурууга – 5 доллар.
12. Топ башы жана ар кандай чыгымдар үчүн – 130 доллар.
13. Ажыга барчуларга дары-дармекке, дарыгер, ашпозчуга сарпталчу каражат – 25 доллар.
14. Арафат, Минадагы чатырларга төлөнчү каражат – 5 доллар.
15. Медициналык камсыздоо, реклама, компьютердик кызматтар ж.б. иштерге кетчү каражат – 1000 сом.

Кыргызстан үчүн бөлүнгөн квота толук бекер болгону менен ажыга барууну каалагандар жол киреси, тамак-ашы, жаткан-турганы болуп отуруп орточо эсеп менен 3000 доллар же 130-150 миң сомдой акча сарпташы керек. 5060 деген санды коё туруп, ажыга барды делген 4676 адамдын короткон акчасын эле эсептесек 13-14 миллион долларга жеткен чоң сумма чыга келет.

Бул акчанын баары учак билетине, майда-барат уюштуруу иштерине кетет. Дал ушул себептен улам ажылык сапарга аз калганда уюштуруу иштерине аралашкысы келгендердин, өз кызматын көрсөтүүнү каалаган авиакомпанияларынын саны артып, соңунда бүдөмүк иштер калкып чыга келет.

Бул жолу да так ошондой болду.
Меккедеги сыйынуу.

Маселен, учак билеттеринин баасы Оштон учкандар үчүн 1500, Бишкектен учкандар үчүн 1400 доллар деп көрсөтүлсө, “Кыргыз Транс Авиа” компаниясынын жетекчиси Таалайбек Окенов “Азаттыкка” учак билеттери 1300 доллардан сатылганын ырастады.


Бул жерде да ортодо 1 миллион доллардай каражаттын дареги кайда деген маселе келип чыгат:

- NAS деген бир авиакомпания катышкан эле. Ошолор койгон баа болчу 1300 доллар деген. Бекитилген баа 100-200 доллар кымбатыраак эле да. Анан бизге киши келбей калгандан кийин биз абдан чоң абалга түштүк. Учак алып койгонбуз, Сауд Аравиясына депозитке акча коюп салганбыз, уруксаттардын баары турат. Анан биз “минус болсок да учалы” деп, биз дагы NAS койгон баага түшкөнгө мажбур болдук.

Бирок биз кызык жери, NAS такыр эле учуп келбей койду. NASтан билет сатып алган адамдар талаада калышты. Анан алар бизге келишти кайра, “учуруп койгула” деп. Бирок бизге даталары туура келбей, “Рахис” менен учушту.

Эмне себептен Дин комиссиясы ажы башчыларга толук эркиндик берип койгон? Ажы башчылар 1300 доллардан билет алышса ортодогу айырмадан чыккан 1 миллион доллардай каражат аларда калганбы?

Дин иштери комиссиясы болсо авиакомпаниялар арасында тендер бүткөн соң, “тандалган компаниялардын кимиси менен учсаңар өз эркиңер” деп, ажы башчыларга толук эркиндикти берип койгон.

Комиссиянын бөлүм башчысы Кумар Дүйшөнбаевдин айтымында, ошол себептүү компаниялар атаандашып, бааларды түшүрө башташкан жана каражаттын андан кийинки коротулушуна Дин комиссиясы жооп бербейт:

- Авиакомпаниялар көп болуп калган, бешөө тандалган. Алардын ичинде атаандаштык башталган. Биз беш авиакомпанияны тандап туруп, ажы башчыларына эркиндик бердик, “Өзүңөр баргыла. Кандай силерге ыңгайлуу болсо, кандай компания менен учууну кааласаңыр, кимге ишенсеңер ошолор менен келишим түзгүлө. Кандай баа менен учсаңар өзүңөр билгиле”, - деп айтканбыз.

Биздин ишибиз беш авиакомпанияны тандап, документтерин тандоо дегенбиз. Андан аркы иш, авиакомпания менен келишим түзүү, учак билетинин наркын төлөө - ажы башчылардын колунда болчу.


Бул жерде кайра эле бүдөмүк суроолор жаралууда.

“Эмне себептен Дин комиссиясы ажы башчыларга толук эркиндик берип койгон?

Ажы башчылар 1300 доллардан билет алышса ортодогу айырмадан чыккан 1 миллион доллардай каражат аларда калганбы? Ажы башчыларында отчеттуулук болобу?” деген сыяктуу суроолор туулат.

140 ажыны баштап Меккеге барып келген Муктарбек ажы Жусупбековдун айтымында, учак билеттери көрсөтүлгөндөн арзан алынганы менен ажыга барчулар соодалашып, бааны 100 доллардай түшүрүүгө туура келет.

Бул жерде базардагыдай соодалашуу болот. Бизге ажылар көрсөтүлгөн сумманы толук бере алышпайт. Аны учак билетинен калган айырма акча сыяктуу каражаттар менен жабабыз”, - дейт ал.

Ар бир ажы муфтиятка бөлгөн 70 доллар да тактоону талап кылат. Муфтий Чубак ажы Жалилов “Азаттыкка” билдиргендей, ажылык зыяратка бармакчы болгон 4010 жаран муфтиятка 70 доллардан тапшырышкан.

Алардын ичинен 189 адам ажылык сапарга барбай калып, акчаларын кайтарып алышкан.

Ошентип калькуляцияда көрсөтүлгөндөй 3821 адам муфтиятка 70 доллардан тапшырган.

Дин иштери агенттиги көрсөткөн 4676 адамдын канчасы муфтиятка акча бербеген?

Бул да тизмедегилерди сураштырууну талап кылмакчы. Себеби ортодогу 855 адам 70 доллардан чыгара келгенде 60 миң долларга чаап барат.

Андан тышкары калькуляцияда көрсөтүлгөн башка да пункттар, маселен роуминг байланышына, дары-дармекке, ажылык зыяратты уюштуруу штабына, кийимге ж.б. кетти делген каражаттардын кандайча корогондугу тууралуу отчеттун тыкыр текшерилиши зарыл.

Ошентип, бул жердеги бүдөмүк иштер ажылык зыяратты уюштурган Дин комиссиясы менен ажыларды баштап барып келишкен 57 ажы башчысынын алакасынан көрүнүп турат.

Алардын алакасындагы ачыктыктын, отчеттуулуктун жоктугу кайра эле шектенүүнү күчөтүп, “ажы башчылары” деген институт атайылап эле акча өөнөп калуу үчүн ойлонуп табылган схемадай элес калтырууда.

Андан тышкары ажылык зыяратка баргандарды ташыган “Рахис” компаниясынын 7 миллион сомдой мамлекеттик салыкты төкпөй жок болуп кеткени да тендердин таза өткөнүнө көлөкө түшүрүүдө.

Каржы полициясы бул компаниянын аркасына түшкөнү менен ажылык сапардын алдында эле түзүлө калган бул компания азырынча изин жазгырып жүрөт.

Өзүнүн учактары, аба каттамдарын уюштурганга шарттары, кала берсе кеңсеси да жок бул компания кандайча тендерден өтүп кеткени да түшүнүксүз.

Аталган компания юридикалык дареги катары Бишкектин “Түштүк-2” кичи районундагы 15-үйдүн 16-батирин көрсөткөн. Бирок Каржы полициясы текшере келгенде ал үйдүн ээси мындай нерседен эч кандай кабары жок экени, уруксат бербегени аныкталган.

Ажылык зыяратты уюштургандардын аркасында кимдер турат?

Былтыр бийлик алмашары менен эле муфтиятта да чыр-чатактар чыгып, муфтийлик кызмат талашка түшкөн.

8-апрелде Мураталы ажы Жуманов муфтийлик кызматынан чегинип, ордуна муфтийдин милдетин аткаруучу кылып Абдышүкүр ажы Нарматовду калтырган.

Бирок муфтияттын айланасындагы чатак ырбап, айрым бир мусулман топтору чогулуп келип, 12-апрелде Мажит аттуу бирөөнү муфтийлик кызматка отургузууга аракет кылышкан.

Ал турсун 21-апрелге караган түнү белгисиз бирөөлөр маркум Мураталы ажыны уурдап кетип, андан чоң суммадагы акча талап кылышкан. Төрт айдын ичинде эле муфтиятта төрт жолу жетекчи алмашып, эки адам өлтүрүлүп, ажылык сапардын алдына чейин кызмат талаш күчүндө турду.

Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов “Азаттыкка” билдиргендей, муфтиятта каражат көп экендиги тууралуу коомчулукта пикир калыптанып калгандыктан, муфтийлик кызматты талашкандар көп. Анын эң негизгилеринин бири ажылык сапарды уюштуруу иштерин колго алуу болуп саналат.
Зыяратчылар Жидда шарындагы аба майданда

Бакыт Нурдиновдун айтымында, муфтияттагы так талашка шылтоолоп бул жолку ажылык зыяратты уюштуруу ишин мамлекет колго алган.

Бирок жылда болчу коррупциялык иштер кайра эле кайталанды.


Бул маселени парламент да териштире баштагандыктан, Бакыт Нурдинов баштаган адамдар “бул жердеги коррупциялык иштерге Дин иштери агенттиги, президенттик администрация жана Улуттук коопсуздук комитети катышы бар” деген версия жазылган кат киргизишти:

- Мурда ажы сапарындагы бизнестен Максим менен Жаныштар жесе бул жолу биякка эле такалды да, президенттин администрациясына. Эми бул жерде Улуттук коопсуздук комитети толугу менен катышы бар. Себеби Болот Абдрахмановго мындай суроо туулду.

Булар 4676 адамдын тизмесин да бере албай атат. Ошону парламенттеги комитет сураса, “УКМК алып кеткен” дейт. Алар алып кеткендей кандай укугу бар? Жок дегенде оригиналы, электрондук версиясы болушу керек эле да.

Жетекчи катары Болот Абдрахманов ошол тизмени да бере албай атат.

Ошол 4676 адамдын тизмесин текшергенде эле булардын былыгы чыгып калат да. Ошондуктан булар чочуп атышат. Андыктан булар моюндарына эле алышы керек, “ооба, ыплас өтүп калды” деп. Булар эми аткаруучулар да. Булар үстүңкү “крышаны” айта албай атышат.

А биз ал “крышаны” ачык эле айтып атпайбызбы. Баягы эле Каптагаевдер бул ажылык зыяраттан жейбиз дешкен...


Муфтиятты реформалоо боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү, генерал Кубатбек Кожоналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, ал дагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чоңдору ажылык сапарды уюштуруу бизнесине аралашып калган деген шегин билдирди.

Анткени бул жерде миллиондогон каражаттардын дареги билинбей жатса да УКМКдагы кылмыш иш солгундап калгандай.

Өз кезегинде УКМК тергөө иштери бүтө электигине байланыштуу эч кандай маалымат берилбесин, эч кандай комментарий кылынбасын билдирүүдө.

Президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев “Азаттыкка” бул маселе боюнча маек куруп, Б.Нурдиновдун “ажылык зыяратты уюштургандардын башында Э.Каптагаев турат” деген маалыматын четке какты.

Э.Каптагаевдин айтымында, бул жолку ажылык зыяратты уюштурууда айрым мүчүлүштөр байкалды.

Алар кыргызстандыктарды ажылык жолдомо менен камсыз кылуу, авиакомпанияларды тандоо жана ажылык зыяратка баргандардан ар кандай төлөмдөрдү алуудагы кемчиликтер.

“Ажылык зыяратты уюштурууну мамлекет колго алуусу керек. Азыр байкалган кемчиликтерди биз кийинки ажылык сапарды уюштурууда жоёбуз. Мурда, маселен К.Бакиевдин тушунда бул жагы бүдөмүк болчу. Эми мындан ары ачык болушу керек”, - деди ал.

Ошондой эле Э.Каптагаев анын дарегине айыптоолорду айтып келаткан Бакыт Нурдинов мунусун токтотпосо сотко берерин, анын бул иштерге катышы бар экени тууралуу эч кандай далилдер жоктугун, ажылык зыяратты уюштурууда мекемелер аралык комиссия иштегенин билдирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG