Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:35

Кыргызстанда диндер аралык кеңеш түзүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Дин ишмерлери мындай кеңеш өлкөдө туруктуулукка, биримдикке жана тынчтыкты орнотууга өбөлгө түзөт дешсе, айрым адистер бул аракеттен майнап чыгарынан күмөн санашууда.

Диндер аралык кеңеш түзүү демилгесин дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия көтөрүүдө. Аталган комиссиянын жетекчиси Болот Абдрахмановдун билдиришинче, мындай кеңеш Кыргызстандагы диний агымдардын санын жана ишмердигин аныктоого да мүмкүнчүлүк түзөт.

Бишкекте “Ар түрдүү диний тутумдар – жалпы баалуулуктар, чогуу иш-аракеттер” деген аталышта өткөн эл аралык жыйында бул маселе биринчи жолу талкууга коюлду.

- Көп өлкөлөрдө ушундай кырдаал болгондо диний конфециялардын башын кошуп, коомчулукка салымын кошкон уюм экен. Бизде негизи эки миңден ашуун диний уюмдар каттоодон өткөн. Анын 80% ислам дининин уюмдары. Андан сырткары христиандар, баптисттер жана католиктер деген бар. Ошондойлор отузга жакын. Ошолордун башын кошуп өзүнчө кеңешме болсо, ар бири турукташтыруу жаатында өзүнүн салымын кошсо жакшы болмок.

Идеологияны идеология менен

Ислам интитутунун ректору Абдышүкүр Нарматов биргелешип эриш-аркак иш алып баруу, пикир алышуу демилгесин колдойт.

- Бүгүнкү күндө көп жерлерде терроризм, экстремизм дегенде саясатчылар, журналисттер арасында болсун исламды сөөмөйү менен көрсөткөн учурлар бар. Менин жеке пикиримде бул адамдын мээсине, жүрөгүнө жайгашып калган пикирди, идеологияны идеология менен дарылаш керек. Адамдардын жүрөгүндө, мээсинде жайгашкан нерсени таяк менен чыгарып болбойт. Азыр эң негизги маселе – келечек муунду туура эмес багыттардан сактоо, тарбия берүү. Ушул багытта өкмөт менен дин инсандары биргелешип, эриш-аркак иш алып барыш керек. Ошондуктан сүйлөшүү, бир пикирге келүү өтө жакшы нерсе.

Диндер аралык кеңеш бир катар башка өлкөлөрдө тажрыйбаланып келатат. Ал жакта ар кандай улут аралык, диндер аралык маселелерде чогулуп талкуулоо жолго салынып калган десек болот. Мисалы, Орусияда мындай кеңеш 1998-жылдан бери иштеп келатат. Ага православ христиандар, мусулмандар, буддисттер жана иудейлер кирет.

Москвалык патриарх протоиерей Всеволод Чаплиндин айтымында, Мосвкадагы декабрь айында болгон улуттар аралык карама-каршылыктардан кийин Орусиядагы диндер аралык кеңеш жыйынга чогулуп, бир топ сунуштарды өкмөткө, ошол эле күч түзүмдөрүнө жөнөткөн. Анда мигранттар жана улуттук азчылык, көпчүлүк ортосундагы мамилени жакшыртууга көрүлчү аракеттер көрсөтүлгөн.

Всеволод Чаплин дин бөлүп-жаруунун эмес, тынчтыктын фактору болгону эң негизги деп эсептейт.

- Ошондой эле Кыргызстандын салттуу жана ири диний коомчулугу, уюмдары өлкөдөгү диндер аралык мамиленин формасын, механизмдерин жана ага кимдер катышышы керектигин аныктап алышы керек. Ошол эле учурда өлкөдөгү ар кайсы күчтөрдүн өкүлдөрү кандай форматта катыша алат жана алар өлкөдөгү динге ишенген адамдардын кызыкчылыгын кандай калыс көрсөтө алышат. Мына ушул өтө маанилүү. Бир кишине адамчылык же болбосо сатып алуу менен бир динден экинчи динге тарткан адамдар бар экени белгилүү. Ошондуктан коомчулук мындай топтордон коргонууга укуктуу. Коопсуздук, биримдик маселесинде биригип сүйлөшүү маанилүү. Мына ушул маселе да эске алыныш керек.

Диний сабатсыздыктын кесепети оор

Британиядагы Мусулмандар кеңешинин жетекчисинин орун басары, имам Абдулжалил Сажид көп улуттуу өлкөлөр үчүн диндер аралык кеңештин пайдалуу жагы көп деп эсептейт. Ошондой өлкөлөрдүн катарына А.Сажид Кыргызстанды кошкон.

- Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Бир топ башка өлкөлөр менен чектешип турат. Ошол көп улуттар, ар кайсы диндин өкүлдөрү бири-биринен коркпой, түшүнүшүү менен жашаганы өтө маанилүү. Мыйзам сакталышы керек. Башка диндин өкүлдөрү да кысымга кабылбаш керек. Ушунча жылдар, кылымдар бирге ынтымакта жашаган бир диндин өкүлдөрү бири-биринин үйлөрүн өрттөгөнүн мен түшүнө албайм. Ар кайсы диндер ортосунда түрдүү келишпестиктер, түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Алар сүйлөшүп туруш керек. Ортодо диалог болбосо маселе чечилбейт.

Кыргызстандагы христиан-баптисттер кеңешинин өкүлү Александр Шумилин айрым аткаминерлер жана диний ишмерлер арасында деле диний сабатсыздыктан улам диний агымдар, багыттар туурасында кыска түшүнүктөр тарап жатканын айтат. Диндер ортосундагы кеңеш мына ушундай түшүнбөстүктөрдү ачыкка чыгармак деп эсептейт Шумилин. Бирок анын башка да тарабы бар.

- Эгер бул кеңеш айрым салттуу диндерге өздөрүнүн шарттарын коюп, үстөмдүк кылуу үчүн керек болуп атса, ушул кеңештин алкагында башка диний уюмдардын өкүлдөрүнө кандайдыр бир чектөө киргизиле турган болсо, анда ал эч кандай пайда алып келбейт жана күчтүү болбойт.

Диндер аралык диалог - заман талабы

Анткен менен айрым эксперттер бул аракеттен майнап чыгарынан күмөн санашууда. Саясат талдоочу жана диний эксперт Орозбек Молдалиев мындай жыйындар жана демилгелер көп учурда кагаз жүзүндө эле калып келет.

- Диний кызматкерлер бири-бири менен жолугуп, пикир алышып турса жаман болбойт. Бирок бул менин оюмча реалдуу нерсе эмес. Муну иштей турган, аракеттеги кеңеш кылыш үчүн мамлекет жагынан жардам болушу керек. Болбосо кагаз жүзүндө түзүп койгондон пайда болбойт. Кеңештин бирден бир жакшы жагын мен эмнеден көрүп жатам. Булардын ортосунда пикир алмашуу болуп, жаштар арасында ар бир динди сыйлагандыкка тарбиялай алса жакшы натыйжасын бериши мүмкүн.

Жыйында ошондой эле Кыргызстанда диний багыттагы көңүл бурууну жана чечүүнү талап кылган маселелер, дин эркиндиги, мектептерде жана окуу жайларда диний билим берүү маселелери тууралуу сөз болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG