Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Аксыда учак кулады


АН-2 учагы. Сүрөт интернеттен алынды
АН-2 учагы. Сүрөт интернеттен алынды

Жалал-Абаддын Аксы районунда АН-2 үлгүсүндөгү учак кулап түшүп, ичиндеги үч адам каза тапты.

Маалыматтарда жеке компанияга таандык бул учак Айыл чарба министрлигинин жумушу боюнча чегирткеге каршы эгин талаасына дары чачып жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, чегирткеге дары чачып жүргөн учак эртең менен саат 10дор чамасында Аксы районунун Жыл-Кол айылына жакын тоо бооруна кулап түшкөн. Ичиндеги үч адам каза болуп, учак дээрлик күйүп кеткен. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Аксы райондук администрациясынын аппарат башчысы Алтынбек Кутманов “Азаттыкка” буларды маалымдады:

- Тиешелүү бардык кызматтар келип иштеп жатышат. Ичинде эки пилот жана бир айыл чарба адиси болгон. Үчөө тең каза болду, денелери күйүп кеткен. Булар чегирткеге каршы Айыл чарба министрлигинин тапшырмасы боюнча дары чачып жүрүшкөн.

Кулаган учакты Матвеев жана Токтосунов деген эки пилот башкарып жүргөн. Мындан тышкары Аксы районунун Айыл чарба департаментинин жетектөөчү адиси, 1953-жылы туулган Алыбаев да болгон. Учак болсо Кыргызстанда айыл чарбасы боюнча жумушту тейлеген жалгыз “Валор-Эйр” деген жеке компанияга таандык экени айтылууда.

Учакты ток урган болушу мүмкүн

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдиновдун билдиришинче, учак абада жогорку чыңалуудагы электр зымына урунган болушу мүмкүн.

- Булар кечээ да 6 гектар жерге дары чачышкан экен. Тоодогу Өзбекстанга карай кеткен үч миң киловаттык электр зымында азыр деле учактын темирлери илинип турат. Ошол зымга учактын куйругу тийип кетип, ток тартканбы деп божомолдоп жатабыз.

12 кишилик чакан АН-2 учагын адатта “кукурузник” деп да атап коюшат. Бул самолет 1940-жылдары СССРде жасала баштаган. Учурда ал дүйнөдө айыл чарба, спорт багыттарында жана жүргүнчү учак катары колдонулат. Ошондой эле айрым өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө да бар. 2012-жылдын эсеби боюнча, дүйнөдө АН-2 үлгүсүндөгү 2271 учак бар болсо, анын жарымы Орусияда.

Ал эми Аксыда кулаган учактын техникалык паспорту боюнча маалыматтар такталууда. Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинин директорунун орун басары Мураталы Токтобеков Кыргызстанда мейли жүргүнчү же башка максаттагы учактар болсун абалы жакшы деп ишендирүүдө.

- Техникалык коопсуздуктары жакшы. Анын баары текшерилип, кароодон өтүп турат. Бул эми турмуш экен, техника экен. Мындай кырсыктар дүйнөдө да орун алып жатат. Кыргызстанда учактардын коопсуздугу дайыма текшерилип, көзөмөлдө турат.

Кыргызстанда учактар ишенимдүү

Кыргызстанда буга чейин жүргүнчү учактар кырсыкка кабылган учурлар катталган. Адистердин айтымында, учактарды Жарандык авиация департаменти техникалык кароодон өткөрүп, анын учуу мөөнөтүн тактап берет. Белгиленген мөөнөттөн кийин учак кайрадан текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү. Ал эми пилоттор жыл сайын бир ирет медициналык кароодон милдеттүү түрдө өтүп турат жана учаар алдында да текшерилет.

Учактардын кырсыкка кабылышы Кыргызстанда көп учурда алардын эскилиги менен түшүндүрүлөт. Бирок бул жааттагы эксперт Таалайбек Океновдун пикиринде, акыркы жылдары өлкөнүн ички каттамын тейлеп жаткан самолеттер да жаңырып калды.

2008-жылы 24-августта "Манас" аба майданында да учак кырсыкка учураган
2008-жылы 24-августта "Манас" аба майданында да учак кырсыкка учураган
- Баткенге, Ошко учкан самолеттордун баары жакшы. Бул учактарды чет мамлекетте көп эле авиакомпаниялар колдонот. Кептин баары самолеттун өзүндө эмес. Элдин баары самолет жаңы экен, эски экен дешет. Авиакырсыктар сөзсүз эле эски самолеттон болбойт. Учуу коопсуздугу жагынан Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги технологияларды, шаймандарды киргизип колдонсо, эски самолет менен деле коопсуз учса болот.

2006-жылы Евробиримдик ишенимдүү эмес деп, кыргызстандык авиакомпанияларды кара тизмеге киргизген. Ошондон бери Кыргызстан бул жаманаттыдан кутула албай келет.

Ал эми 2000-жылдан бери алганда эле Кыргызстанда 8 учак кырсыгы катталган. Эң ири кырсык 2008-жылы 24-августта орун алып, анда Бишкек-Иран каттамындагы “Боинг” жүргүнчү учагы кулаган. Натыйжада 65 адам каза таап, 25и аман калган.

Ушул ай башында болсо, АКШнын Транзиттик борборунун күйүүчү май ташыган учагы Чүй облусунан кулап, үч учкуч ажал тапкан эле.

XS
SM
MD
LG