Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Оштогу учак кырсыгы иликтенүүдө


Кыйраган Ту-134 учагы. Ош аба майданы, 29-декабрь.
Кыйраган Ту-134 учагы. Ош аба майданы, 29-декабрь.

Ош аба майданында Ту-134 учагы кырсыкка кабылышынын чоо-жайы териштирилүүдө.

Жабыркагандардан 5 жүргүнчү, анын ичинде эки наристе ооруканада дарыланууда. Калгандары бир сыйра кароодон өткөн соң чыгарылды. Ошко болгон сапарында өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов учакка ээлик кылган «Кыргызстан» аба компаниясын жүргүнчүлөрдүн ар бирине 50 миң, ооруканада жаткандарына 80 миң сомдон компенсация төлөөнү буйруду.


Каш-кабактын ортосундагы кырсык

Элдин баары коопсуз жакка чыккандан кийин анан өрт өчүрүүчү жана тез жардам кызматтары келишти. Ага чейин көп нерсе күйүп кетти да бирок...

Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан Аскар Рустамов кечээги (28-декабрь) күндү эстегегиси да келбейт. 3-4 саат кечигип учканына карабай алар алдыда боло турган окуядан эч кандай күмөн санашкан эмес:

- Биз түшкөндө жер туман экен да. Ал эмес майдан көрүнүп-көрүнбөй атты. Ошондой кырдаалда учак жерге катуу түшүп калды да. Анан бир дөңгөлөгү жарылып кетип, бир жак канаты, дөңгөлөктөрү сынып кетти. Ошо менен 800 метрче жерге томолонуп бардык. Отургуч курларын такканыбызга карабай тоголонуп, асылып калдык.


Аскар Рустамов ооруканада, 29-декабрь.
Аскар Рустамов ооруканада, 29-декабрь.

Аскар Рустамов ошого карабай бир топ жүргүнчүлөрдү куткарып калууга үлгүргөнүн да эске салды:

- Аял-эркектер чогулуп, терезелерди уруп сындыралы десек сынбай койду. Анан бир маалда бирөөлөр люктарды ачып жиберди. Ал аралыкта жүргүнчүлөр «учак жарылат» деп бир сыйра дүрбөлөң болуп кетишти. Бирок ызы-чууга карабай баарын чыгарыш керек болду. 3-4 кыргыз улутундагы балдар чогулуп, жүргүнчүлөрдү бүт сыртка ташып аттык. Басканга жарагандары өздөрү чыгып жатты. Элдин баары коопсуз жакка чыккандан кийин анан өрт өчүрүүчү жана тез жардам кызматтары келишти. Ага чейин көп нерсе күйүп кетти да бирок...

Башка бир жүргүнчү Чыныгүл Тургуналиева да колундагы кичинекей наристени куткарып жатып эсин жоготуп алган экен. Ал дагы учурда шаардык ооруканада жатат:

Жабыркаган жүргүнчүлөрдүн бири.
Жабыркаган жүргүнчүлөрдүн бири.

- Келе жатканыбызда менин колумда бир жаш бала бар болчу. Жанымдагы жүргүнчүнүн эки баласы бар экен, бирин мен кармап алган элем. Учак аңтарылганда эле мен бала бир нерсе болбосун деп, кучактадым да жерге жаттым. Бир убакта башым отургучтун темирине катуу тийди да, эсимди жоготуп койдум. Эсиме келсе эл дүрбөлөң болуп жатыптыр. Менин жанымда дагы бир наристе турган экен, башка бирөө мени тебелеген бойдон ошол баланы куткарып чыгып кетти. Тигиндейрээкте баланын көрпөсүн көрүп, мен дагы башка балдар калып кеткен окшойт деп бир сыйра карап чыктым. Бирок учактан чыккандардын акыркылары болуптурмун.

Учурда жабыркагандардан 5 жүргүнчү, анын ичинде эки жаш бала дарыланууда. Калгандары бир сыйра кароодон өтүп үйлөрүнө таркап кеткен. Дарыгерлер алардын абалы орто деп билдирүүдө.


Кырсыктын себеби эмнеде?

Биз бул окуядан керектүү жыйынтык чыгарышыбыз керек. Бир эле учактын абалы эмес, аба майданынын бүгүнкү абалы да толук каралат...
Өмүрбек Бабанов

Бул арада кырсык боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия иликтөө иштерин баштаганын кабарлоодо. Азырынча адистер аба ырайынын начардыгы кырсыктын себеби болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Кыйраган учак
Кыйраган учак

Транспорт прокурорунун түштүк аймагы боюнча өкүлү Эмил Каримов тергөө тууралуу мындай деди:

- Учурда кырсык болгон жердин бардыгы тыкыр иликтөөгө алынууда. Тергөөгө керектүү бир канча каражаттар чогултулду. Бирок бул ишти иликтөөгө бизге толук 2 ай убакыт керек. Андан да көбүрөөк убакыт зарыл болуп калышы мүмкүн. Анткени учактын техникалык жагын кароого бизде адистер жетишсиз экен. Керек болсо Орусиядан атайын адистерди алдырып келебиз.

Ту-134 үлгүсүндөгү учак 1974-жылкы өндүрүшкө таандык. Адистердин белгилешинче, учакта заманбап GPS авиа-навигация жок болгон. Кыргызстанда иштөө убактысынын бүтүшүнө да 20 күнчө убакыт калган экен.


Жабыркагандарга компенсация төлөнөт


Ошко болгон иш сапарында өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кырсыкка күнөөлүүлөр өз жазасын ала турганын убада кылды:

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган топ Ошто, 29-декабрь.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган топ Ошто, 29-декабрь.

- Эмне үчүн мындай кырсык болду? Буга ким жоопкер? Кимдин шалаакылыгынынын айынан ушундай кесепет жүз берди? Мунун баары комиссия тарабынан иликтенип чыгып, бардык нерсе өз баасын алат. Биз бул окуядан керектүү жыйынтык чыгарышыбыз керек. Бир эле учактын абалы эмес, аба майданынын бүгүнкү абалы да толук каралат.

Премьер-министр ошондой эле учакка ээлик кылган «Кыргызстан» аба компаниясын жүргүнчүлөрдүн ар бирине 50 миң сомдон, ооруканада жаткандарына 80 миң сомдон компенсация төлөөнү буйруду.

Бишкек-Ош каттамындагы Ту-134 учагы кечээ чак түштө (28-декабрь) Ош аба майданында кырсыкка кабылган. Туманга карабай конуп жаткан учак тилкеден чыгып кетип, бир канаты жана дөңгөлөктөрү ыргып кеткен эле.


  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG