Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:21

Тажикстан: окуучу үчүн мугалимди жазалаган жаңы мыйзам


Тажикстанда балдарга билим берүү жана тарбиялоодогу жоопкерсиздик үчүн жаза катаалдаштырылды. Эл өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү мыйзамдагы өзгөртүүлөр жашы жете электердин билим алуусуна өбөлгө болот деп эсептесе, айрым серепчилер мындан майнап чыкпай турганын белгилешүүдө.

Тажик парламентинде өткөн аптада "Балдарды окутуу жана тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө" мыйзамда "ата-эне" деген сөздү алып салуу сунушу киргизилди. Эми жашы жете элек балдардын туура эмес кылык-жоруктары үчүн ата-энелери гана эмес, мугалимдери да жооп берет.

Балдардын тарбиясына ата-эне жооптуубу же мугалимби?

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Бехруз Сафарзода "Азаттыктын" тажик кызматы - "Озоди" радиосуна курган маегинде толуктоо жана өзгөртүү сунушталып жаткан мыйзам замандын талабы экенин билдирди.

""Балага билим берүү жана тарбиялоодо жоопкерчилик жөнүндө" мыйзамын кабыл алуунун негизги максаты - саясий кырдаалды, азыркы замандын өзгөрүп жаткан абалын эске алуу менен балдарды патриоттук духта тарбиялоо, аң-сезимди өстүрүү, билим жана тарбияны өздөштүрүү жана ар кандай жагымсыз факторлорду, анын ичинен селсаяктыкты алдын алуу болуп саналат", - деди Сафарзода.

Буга чейинки мыйзамда мектептин жана коомдун ролу жазылган эмес жана "бала" деген сөзгө байланыштуу анын жашы так аныкталбаган.

Парламент депутаты Мавлудахан Мирзозода 20-майда "Озоди" радиосуна билдиргендей, эми жоопкерсиздик үчүн мурдагыдай ата-энелерге гана айып пул салынбай, мугалимдер да жазаланышы мүмкүн.

"Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери окутуу жана тарбиялоо жараянында балага зомбулук көрсөтүп, көзөмөл жүргүзбөсө, каралып жаткан долбоорго ылайык, кызматкерлерге эсептик көрсөткүчтүн 20дан 25ке чейинки өлчөмүндө (1440 сомониден 1800 сомониге чейин) айып салуу сунушталууда", - деди тажик депутат.

Тажикстандыктарга жана көз карандысыз маалымат каражаттарына ачык айтылбаган бул мыйзам долбоору түрдүү талаштарды жаратууда. Тактап айтканда, аны кабыл алууда эл өкүлдөрү ата-эне, мектеп менен бирге баланын билими, тарбиясы үчүн коом да жоопкер экенин, бирок алар коом дегенде кимдер белгиленип, кандай милдеттер же кандай жазалар каралып жатканын чечмелеп беришкен жок.

"Ата-энелерди же мугалимдерди жазалоо менен билим берүүнүн абалы өзгөрбөйт"

Юрист Шакиржон Хакимов мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жагымсыз көрүнүштөрдүн келип чыгышына себеп болушу мүмкүн экенин эскертип, "ата-энелерди же мектеп жетекчилерин жазалоо менен билим берүүнүн абалы өзгөрбөй" турганын айтты:

"Мыйзамдуу түрдө кандайдыр бир комиссияларды түзүү же башка мекемелерге кошумча милдеттерди жүктөө аракети коррупциянын жана башка жагымсыз көрүнүштөрдүн пайда болушуна алып келип, билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратат".

Шакиржон Хакимов
Шакиржон Хакимов

Аталган мыйзам долбоорун азырынча Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы, Мажлиси Намаяндагон эле кабыл алганына карабастан, ал боюнча талкуулар уланууда. Мыйзам парламенттин жогорку палатасы - Милли Мажлис кабыл алып, президент Эмомали Рахмон кол койгондон кийин гана күчүнө кирет.

Коңшу өлкөдө "Балдарды тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө" мыйзам 2011-жылы кабыл алынып, анын негизинде миңдеген ата-энелерге сөгүш жарыяланып, айып пул салынгандыктан, бир топ талаш-тартыштарды жараткан. Укук коргоочулар муну балдардын укуктарына кийлигишүү жана мындай административдик ыкмалар менен балдардын билимин жана тарбиясын жакшыртуу мүмкүн эмес экенин айтып келет.

Тажикстанда балдардын жарамазан айтуусуна тыюу салынды

Тажикстанда балдардын Орозо айтта жарамазан айтуусуна жана Курман айтта үймө-үй кыдырышына тыюу салган мыйзам долбоору парламенттин төмөнкү палатасында колдоо тапканын 15-майда "Озоди" радиосу жазган.

"Идгардак" деп аталган жөрөлгөгө расмий түрдө тыюу салган мыйзам долбоору "Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталат. Анда Орозо айт менен Курман айтты белгилөөдөгү негизсиз жана ашыкча ысырапкорчулукка мындан ары жол берилбей турганы, таттуу жана башка белектерди берүүгө уруксат жок экени белгиленди.

Быйыл апрель айында Тажикстандын Билим берүү министрлиги мектеп директорлоруна окуучу балдардын "идгардакка" катышуусуна тыюу салган буйругун жолдогон. Айрым мектептерде, айрыкча борбор калаа Дүйшөмбүдө ата-энелерден тилкат алышканы да маалымдалган.

Сулаймон Давлатзода
Сулаймон Давлатзода

Дин иштери боюнча комитеттин төрагасы Сулаймон Давлатзода мындай чечим "Орозо айт жана Курман айтта балдарга туура тарбия берүү жана алардын коопсуздугун камсыз кылууга" негизделгенин билдирди.

Ал эми атын атагысы келбеген тажик депутат: "Азыр чечимди ар ким өз алдынча чечмелеп жатат, бирок анын максаты – балдардын көчөдө, кароосуз жүрүүсүнө жол бербөө. Алар ата-энелеринин көзөмөлүндө болушу керек", - деген. Анын айтымында, жарамазан айтып чыккан балдардын ата-энелерине административдик жоопкерчилик каралган.

Бир нече жыл мурда Тажикстандын Уламалар кеңеши "идгардак" жөрөлгөсү шариятка жана ханафи-масхабына каршы келет деп, "исламда андайга орун жок" экенин билдирген.

Бирок "Озоди" радиосуна маек курган айрым маданият таануучулар анын каада-салтка жана тажиктердин улуттук маданиятына каршы келбей турганын, тескерисинче, жылуу сезимдердин калыптанышына жана коомчулуктун ички байланышын бекемдөөгө өбөлгө болорун айтышкан.

"Балдардын коопсуздугу каралсын"

Бийлик мындай чектөөнүн негизги максаты - балдарды туура тарбиялоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин айтууда. Деген менен бул чечим социалдык тармакта чоң талкууга жем таштап, "балдар муну жыл сайын күтөрүн, майрамдык маанайда көчөмө-көчө кыдырарын, идгардак айтып чыккандардын эмес, массалык иш-чарадагы балдардын коопсуздугу каралышы керектигин" жазып чыгышты.

Диний маселелер боюнча эксперт Сади Юсуфи 15-майда "Озоди" радиосуна курган маегинде балдардын майрамы диний мотивдерге эмес, каада-салттарга, үрп-адаттарга байланыштуу экенин айтты:

"Бул тажиктерге гана мүнөздүү көрүнүш эмес. Башка көптөгөн жерлерде диний жөрөлгөлөр айрым ырым-жырымдар менен коштолгон мисалдар көп, бирок алардын баары бул аймакка, ушул өлкөгө, ушул элге мүнөздүү. Мындай каада-салтты башка эч жерден көрбөйсүз. Шарияттын көз карашынан алганда, бул жерде эч кандай маселе жок", - деди серепчи.

Муну менен катар кабыл алынган мыйзамда улуттук маданиятка туура келбейт деген кийим кийүүгө тыюу салынып, үйлөнүү үлпөт жана башка тойлорду, ажылык сапардан кайтып келгендерди тосуу иш-чараларын өткөрүү боюнча да чектөөлөр киргизилди.

Акыркы жылдары Тажикстандын бийлиги өлкөдөгү мечиттерди жаап, диний билим алууга жана өспүрүмдөрдүн мечитке баруусуна тыюу салуу өңдүү аракеттери менен жарандардын дин тутуу эркиндигин чектеп жатканы үчүн эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун 2024-жылдын башында жарыяланган баяндамасында былтыр Тажикстанда исмаилиттерге (Тоолуу Бадахшан автоном облусунда басымдуулук кылган исламдын шиит агымындагы багыт) намаз окуу үчүн жеке үйлөргө чогулууга, ошондой эле исмаилит борборлорунун 18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө диний билим берүүсүнө тыюу салынганы жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG