Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:55

Тажикстан түрк жарандарына виза режимин киргизди


Дүйшөмбү шаары
Дүйшөмбү шаары

Тажикстан түрк жарандарына виза режимин киргизди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 15-апрелде "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, виза режими быйыл 20-апрелден тарта күчүнө кирет. Бул Түркиянын Тажикстандын жарандары үчүн визасыз режимди жойгонуна жооп катары каралууда.

Анкара менен Дүйшөмбү мындай чечимдеринин себептерин айта элек.

Түркиянын жарандары эми Тажикстанга сапар аларда элчиликтен же консулдуктан виза алууга тийиш. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 15-апрелде "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, виза режими быйыл 20-апрелден тарта күчүнө кирет.

5-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Тажикстандын жарандары үчүн визасыз режимди жоюу боюнча жарлыкка кол койгон. Анда "Тажикстандын сыртка чыкканга паспорту бар жарандарынын Түркияга визасыз кирүү режимин жокко чыгаруу чечими кабыл алынды" деп айтылат.

Өч алуубу?

Анкара менен Дүйшөмбү виза режимин киргизүү себептерин азырынча айта элек. Деген менен түрк басылмалары тажик бийлигинин мындай кадамын "өч алуу" деп сыпатташууда.

Sözcü басылмасы Москвадагы "Крокус Сити" борборуна кол салууга "Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчилик алганын, мындан улам Анкара тажикстандыктарга виза режимин киргизгенин, буга жооп катары эми Дүйшөмбү чектөөлөрдү койгонун жазды.

Эмомали Рахмон жана Режеп Тайып Эрдоган. 2017-жыл.
Эмомали Рахмон жана Режеп Тайып Эрдоган. 2017-жыл.

Ал эми 8-апрелде Milliyet гезити Анкаранын тажикстандыктарга виза режимин киргизүү чечимине "Крокус Ситигe" кол салууга шек саналып кармалгандар тажикистандык экени жана алардын кеминде экөө Түркиядан туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн документ тапшырып, кийин Москвага учуп барганы себеп болгонун жазды.

Тажикстандыктар аралашкан окуялар түрк парламентинде да көтөрүлдү. Депутат Махир Полат тажик жарандарына киргизилген виза режимин кубаттап, Стамбулдун Фатих районунда жыш отурукташкан тажикстандыктар тыкыр иликтениши керек экендигин Х социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Twitter) баракчасына жазган.

"Фатих районунда тажиктер жыш отурукташкан. Бирок көчөдө аларды көрбөйсүз. Мисалы, оогандардын көчөдө бир нерсе сатып, иштеп жүргөнүн көрө аласыз. Ал эми биз көрбөгөн көп факторлор бар. Алсак, аэропорттогу, чиркөөдөгү кол салууларга тажиктер аралашкан. Тажиктер Стамбулду эл аралык террористтердин аянтчасына айлантышты", - дейт Полат журналист Фатих Алтайлыга курган маегинде.

31-мартта өткөн жергиликтүү бийлик шайлоосунда Полат дал ушул Фатих районунун жетекчилигине талапкерлигин көрсөткөн. Бирок 44% добуш алып, бийликтеги АК партиянын талапкери Мехмет Эргүн Туран жеңип чыккан.

Санта-Мария чиркөөсүнүн алдындагы полиция кызматкерлери. 2024-жыл, 28-январь
Санта-Мария чиркөөсүнүн алдындагы полиция кызматкерлери. 2024-жыл, 28-январь

Быйыл жыл башында Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Түрк бийлиги алардын бирөө тажикстандык, экинчиси орусиялык экенин жарыялаган.

Тажикстан менен Түркиянын ортосунда визасыз режим 2018-жылы киргизилген. Тажик жарандары Түркияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышчу. Түркия Орусия менен Казакстандан кийин тажикстандыктар эң көп эмгектенген үчүнчү өлкө болуп эсептелет.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, Түркияда жети миңге жакын тажикстандык иштейт.

Эки активисттен дайын жок

Түркияда тажикстандык мигранттар гана эмес, өлкөдө тыюу салынган айрым уюмдардын лидерлери да баш калкалайт. "Группа 24" уюмунун лидери Сухроб Зафар жана анын санаалашы Насимжон Шарифовдун Түркияда жоголгонуна бир айдан ашык убакыт өттү. Бирок түрк тараптан да, тажик тараптан да расмий комментарий болгон жок.

Насимжон Шарифов.
Насимжон Шарифов.

Эки оппозициячыл активист жоголгонго чейин бир нече жыл Түркияда жашап, иштеп келишкен. Бири февраль айында, экинчиси март айында дайынсыз кеткен."Озоди" радиосу эки жума мурун Тажикстандын Башкы прокуратурасына бул фактылар боюнча комментарий берүүнү суранып расмий кайрылуу жолдогон. Деген менен мекемедегилер кат каралып атканын билдиришкен.

Сухроб Зафардын Тажикстандагы жакындары анын тагдыры, азыр кайда экени тууралуу такыр маалыматы жок экенин айтышууда.

Сухроб Зафар
Сухроб Зафар

"Группа 24" тобунун мүчөлөрү билдиргендей, соңку он жылдан бери Түркияда жашаган Зафарды белгисиз бирөөлөр дайыма кат аркылуу "уурдап кетебиз же өлтүрөбүз" деп коркутуп-үркүтүп келген. Тажик өкмөтүнүн өтүнүчү менен Зафарды бир нече ирет түрк бийлиги кармап, коё берген.

Насимжон Шарифов болсо 2015-жылдан бери Түркияда жашап, кеминде үч жолу кармалып, бирок кийин бошотулган. 2018-жылы ал эки айдан ашык абакта отуруп чыккан.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 16-апрелде Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүн жана Түркияны өлкөлөрүндө баш калкалаган тажик диссиденттерин кайра Тажикстанга өткөрүп бербөөгө чакырды.

"Европа Биримдиги жана Түркия оппозициячыл активисттерди коргоп, аларды кыйноого дуушар болуу коркунучу бар, трансулуттук репрессиялар менен таанылган Тажикстанга кайтарып берүүдөн карманышы керек" деп жазды уюмдун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева Х баракчасына.

Түркия мындан он жылдай мурда чөлкөмдөгү жарандар үчүн саякатка чектөөлөр жок жана экстрадициялоо коркунучу салыштырмалуу төмөн болгондуктан, Борбор Азиялык активисттер үчүн эң коопсуз жерлердин бири эле. Бирок, бүгүнкү күндө серепчилердин айтымында, кырдаал түп-тамырынан өзгөрдү.

Буга Түркиянын миграция саясатындагы өзгөрүүлөр себеп болгону утур-утуру айтылып келет. Өлкөдө мыйзaмсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө рейддер күчөп, жарандык берүү жана туруктуу жашоого уруксат алуу жараяны да катаалдашты.

Түрк-тажик аскердик кызматташуусу

Ал тапта "Озоди" радиосунун 16-апрелдеги маалыматы боюнча, Тажикстандын парламенти Түркия менен аскердик техниканы, анын ичинде учкучсуз учактарды сатып алууга мүмкүнчүлүк берген келишимди жактырды. Аталган келишимге өкмөттөр ортосунда 2023-жылдын июль айында кол коюлуп, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Тажикстандын парламентинде талкууланганы айтылат.

Шерали Мирзо
Шерали Мирзо

Өлкөнүн Коргоо министри Шерали Мирзo өткөн аптада эл өкүлдөрдүн катышуусунда түрк өкмөтү Дүйшөмбүгө аскердик техниканы, анын ичинде учкучсуз учактарды сатып алуу үчүн 50 миллион түрк лирасын (1,5 миллион доллар) бөлөрүн билдирген.

"Озоди" радиосу Тажикстан менен Түркиянын ортосундагы аскердик кызматташуу боюнча келишимдин тексти менен таанышып чыгып, Тажикстандын Коргоо министрлиги "айрым ички жол-жоболордон кийин" керектүү аскердик техниканын тизмесин Түркиянын Улуттук коргоо министрлигине тапшырары, андан соң техниканы сатып алуу жараяны башталарын жазды.

Негизги шарттардын бири Тажикстан түрк өкмөтүнүн каражатын бул өлкөнүн компанияларынан аскердик техника сатып алууга гана колдонуусу керектиги белгиленет.

Келишимде түрк өкмөтүнүн бюджетинен 1,5 миллион доллар бөлүнөрү жана Тажикстан бул акчаны беш жыл ичинде колдонуусу керектиги, аскердик техниканын баасы 1,5 миллион доллардан ашса, калган сумманы Тажикстан төлөрү айтылат. Документте ошондой эле Тажикстан алган жабдыктарды Түркиянын макулдугусуз үчүнчү өлкөгө бере албасы белгиленген.

Буга чейин 2022-жылы дa Анкарада Тажикстан менен Түркия ортосундагы аскердик кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Ага тажик коргоо министри Шерали Мирзо менен түрк коргоо министри Хулуси Акар катышканы расмий кабарланган.

Тажикстан менен Түркиянын коргоо министрлери.
Тажикстан менен Түркиянын коргоо министрлери.

Журналисттерге жабык өткөн бул жыйында Анкара менен Дүйшөмбүнүн делегациялары чөлкөмдөгү коопсуздук жана коргонуу тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашканы айтылган.

Ошондо Түркия "Байрактар TБ2" дрондорун Тажикстанга сатат деген кабар Кыргызстанда кызуу талкууга түшкөн.

Буга ошол жылы тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаевдин Жогорку Кеңеште аны кыйыр түрдө ырастаганы негиз болгон. Бирок Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Тажикстан "Байрактар" сокку уруучу учкучсуз учактарын сатып албаганын кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тажик тарап "Байрактарды" чыгарган түркиялык ишкана менен келишим түзгөн эмес.

Ал эми Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 350 миллион доллардан ашкан. Түркиянын Статистика комитетинин 2023-жылга карата маалыматында болсо, эки өлкө ортосунда соода жүгүртүү жарым миллиондон ашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG