Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:42

Алай: Той башталды


4-октябрда Алайда Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган маараке башталып, ал спорттук оюндар менен коштолууда. Учурда спорттун 9 түрү боюнча республика аймагынан келген спортчулар беттешип жатышат.

Финалдык оюн 8-октябрда күнү өтөт. Ага жети дубандан келген коноктор, президент, Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана чет өлкөлөрдөн келген меймандар күбө болушмакчы.

Оюндардын байгесине 6 автоунаа, андан сырткары 1,7 миллион сом сайылган.

Ушул тапта Шамеки айылынын түзүндө алайлыктар боз үйлөрүн тигишип, конок камын көрүшүүдө. Алар райондун булуң-бурчунан келишкен.

Алдын ала план боюнча 200 боз үй тигилет деп айтылууда. Мында боз үйлөр сынагы уюштурулат. Анын байге кору – 90 миң сом.

Курманжан датканын мааракесин өткөрүү үчүн атайын дирекция түзүлүп, 11 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн.

Иш-чара 8-октябрда жыйынтыкталат.

Курманжан датка 1811-жылы Ошто туулган. 1832-жылы Алымбек даткага турмушка чыккан.

Акылмандыгы, көрөгөчтүгү менен жолдошу Алымбектин ишенимдүү кеңешчиси болуп турган.

Алымбек датка Кокон ордосунда кутумдардын колунан ажал тапкан соң Курманжан эне анын ордун баскан.

Кийинчерээк Бухара эмири тарабынан Датка наамы ыйгарылган. Өлкөдөгү таасири күчтүү болгондуктан геосаясий чечимдерди кабыл алууга катышкан.


Сүрөттөрдү толугу менен бул жерден көрүңүз.

XS
SM
MD
LG