Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Алекс Кули: Евразия экономикалык биримдиги сыноодон өтүүдө


Александр Кули (Alexander Cooley)

Александр Кули (Alexander Cooley)

Алекс Кули - Нью-Йорктогу Колумбия университетинин алдындагы Харриман институнун директору. Пост-советтик өлкөлөрдүн саясий транформациясы, аскерий кызматташуу боюнча адис. Ал Евразия экономикалык биримдиги, Борбор Азия мамлекеттери, Орусия жана Кытай, алардын экономикалык кызматташтыктары тууралуу сөз кылды.

"Азаттык": Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) расмий мүчө болду. Эми кыргыз-казак чек арасы ачылса эле Кыргыстан биримдиктин аймагына кирет. Ар кандай сындар, божомолдор айтылып жаткан жаңы союздун келечегин кандай көрөсүз?

Алекс Кули: Евразия экономикалык биримдигинин тарыхы кызыктуу башталып, азыр татаалдаша таштады. Бул биримдик алгач пландаштырылып жатканда, Европа биримдигине аймактык альтернатива боло ала турган Орусиянын башкаруусу алдындагы биримдик катары ишке ашырылып баштаган. Анын так юридикалык түзүмдөрү жана улуттук деңгээлден жогору турган, талаш-тартыштарды териштирүүчү соттук системасы болгон. Башында ал экономикалык уюмдун убактылуу түрү болуп көрүнгөн.

Ал эми украин кризисинен кийин Орусия келишим түзүүгө катуу умтула баштады да, биримдиктин башка мүчөлөрүнө көптөгөн жеңилдиктерди кайтарып берди. Маселен, буга чейин Беларуска өз колунан чыгаргысы келбеген энергияны реэкспорттоо укугун кайтарып берди. Казактар болсо эч кандай саясий мекемелерге жол бербестен, жалаң гана экономикалык тарапты карманарын билдирди, Москва ага да макул болду. Орусия Армения үчүн болсо импорттолгон товарларга жана жеңил өнөр жай товарларына карата жүздөгөн жеңилдиктерди берди.

Көрүнүп тургандай, Орусия башка мамлекеттерди Бажы биримдигине тартуу үчүн ийге келип, жеңилдетилген шарттарды коюуда. Ошондуктан, алгач абдан стандарттуу, институтташтырылган жана укуктук уюм катары негизделгени менен, убакыт өткөн сайын, көптөгөн жеңилдиктерге жол берген Орусиянын долбооруна айланып келе жатат. Кыргызстан тууралуу сүйлөсөк, силер кимсиңер жана бул биримдикте силер өзүңөрдү кандай экономикалык жагдайда көрүп турасыңар? – кеп ушунда.

Менин оюмча, эң биринчиден, биримдикке кирүү – саясий чечим болгон, бул Кыргызстан Орусия менен тыгыз байланышта болуп, аны менен кандайдыр бир жалпы тышкы саясатты бөлүшүп тургандыгынын белгиси. Кыргызстан бул биримдикке мүчөлүгүнөн жабыркайбы же пайдасын көрөбү – позициясы чечет. Жабыркоого учурай турган бир тармак – бул реэкспорт соодасы.

Дүйнөлүк соода уюмунун эркин соода жүргүзүү эрежелерине таянып, Кыргызстанга Кытайдан киргизилген товарлар андан ары КМШнын башка өлкөлөрүнө тарайт, негизинен, Казакстанга кетет. Ошондуктан, Кыргызстан мыйзамга баш ийип, чек араларын жаап алганы ар кандай көйгөйлөрдү туудурушу мүмкүн. Ал эми биримдиктин жактоочулары болсо, кээ бир өнөр жай тармактары, мисалы, тигүү өнөр жайы, тескерисинче, өнүгөт деп билдирүүдө.

Кыргызстандын текстиль өндүрүүчүлөрүнө Казакстандын жана Орусиянын жаңы рыногу ачылат, ошондой эле, алар үчүн бул жакка келген орусиялык фирмалардан инвестиция алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет деп ишенишет. Ошонуктан, азыр божомолдоп айтканда, Кыргызстанда Кытай жана дүйнөлүк экономика менен тыгыз байланышта болгондор жабыркап, ал эми Орусия жана Казакстан менен экономикалык иш алып баргандар пайда табат.

ЕАЭБ жана Ферганадагы соода

"Азаттык": Ошол эле маалда Кыргызстандын бул экономикалык союзга кирбеген, бирок жанаша жашаган коңшулары турат. Өзбекстан, Тажикстан менен Фергана өрөөнүндө кылымдар бою бирге жашап келсе, эми чек араларын жаап алса, чөлкөмгө таасири кандай болот?​

Алекс Кули: Тилекке каршы, бул өрөөн бир нече кыйынчылыктарды башынан өткөрүп турат. Алардын бири – бул өлкөлөр ортосундагы формалдуу сооданын солгундугу. Көмүскө соода бар, бирок Борбор Азия ичиндеги импорт жана экспорт сандарын алып карасак, дүйнөдөгү эң жогору жана оор тариф тоскоолдуктарын көрөбүз. Ошондуктан, Өзбекстан ЕАЭБдин мүчөсү эмес жана Тажикистан да көпкө дейре сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жакын арада мүчө болбосун эске алсак, жаңы чектөөлөрдү жаратуу жагдайды эч жеңилдетпейт.

Акыркы жылдары биз байкап келе жаткан дагы бир өңүт – бул Борбор Азия мамлекеттиринин чек араларынын мурдагыдан бекемирээк болуп, аскерлешкени жана расмийлешкени. Ушул чек араларга эми дагы бажы посттору коюлса, коңшу мамлекеттердин ортосундагы бөлүнүү сезими мурдагыдан дагы күчөшү мүмкүн. Өзбекстан менен Тажикистан чек араларына абдан олуттуу мамиле жасашат, акыркы жылдары анклав жана эксклавдарга байланыштуу бир нече жаңжалдар чыгып жатты.

Мындан ары так бөлүнгөн чек араларды баамдоо күчөй берет, ал эми өзбек өкмөтү мындай долбоорлорго шектенүү менен карайт. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгону коңшу мамлекеттер менен соода мамилесине өбөлгө болоруна көзүм жетпей турат. Себеби ЕАЭБ экономикалык блокту курууда абдан чектөөчү тарифтик шарттарды коёт.

Кыргызстандын өнөгү Батыш эмес, Кытай

"Азаттык": Кыргызстан экономикалык факторго артыкчылык берип, Орусия башында турган союзга кошулду. Мындан кийин Кыргызстандын Батыш менен кызматташуусунда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

Алекс Кули: Кыргызстандын ЕАЭБдин мүчөсү болгону анын Батыш менен болгон мамилесине канчалык таасирин тийгизерин так айтыш кыйын, анткени, бул биримдиктин келечегин эч ким билбейт. Азыр Орусия аны Европа биримдигине атаандаша турган мейкиндик катары белгилөөдө, эгер ал ушул багытта өнүгүп, сүйлөшүүлөр жана келишимдер үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү берсе, Кыргызстан үчүн оң жана терс натыйжалары болот.

Кыргызстан үчүн негизги нерсе – бул биримдикте өз добушу болобу? Бул биримдик өзүнүн эрежелерин көздөйбү? Кыргызстандын өкмөтү биримдиктин ага убада кылган тарифтерине ээ болобу же шартка багынып, күтүүгө аргасыз болуп, ошонун негизинде пикир келишпестиктер жаралабы? Казакстан менен Орусиянын пикирине макул болбосо, териштирүүдө добушу болобу? Менин оюмча Кыргызстан азыр ушул суроолорго жооп издеши керек.

Ал эми дүйнөлүк саясаттан караганда, Кыргызстандын ааламдашуудагы негизги өнөгү Батыш эмес – Кытай. Ошондуктан, ЕАЭБге мүчө болуу анын Кытай менен соода мамилесинин багытын чектейби же өзгөртөбү – бул суроо дагы абдан олуттуу. Расмий жактан алып караганда, чек ара маселеси бекемделип, тарифтер көтөрүлөрү анык. Бирок бул эрежелер ишке ашырылабы? Кыргызстандын Оштогу базарлары жана “Дордой” үчүн жеңилдиктер болобу? Ушул суроолорго берилген жооптор Кыргызстандын биримдиктеги мүчөлүгү ага канчалык таасирин тийгизерин көрсөтөт.

Менин оюмча, мамлекеттин Батыш менен болгон мамилеси анын Орусия жана Кытай менен болгон мамилесине караганда башка деңгээлде турат. Батышта ЕАЭБ убакыт өткөн сайын Батышка каршы блок катары кабыл алынып келатат – Кыргызстан буга кандай карайт? Бирок милдеттүү түрдө ошондой болот деп айткандан алысмын – Казакстан менен Беларус саясий маселелерде нейтралдуулук укугун сактап калды, себеби алар чектөөчү блок болуп көрүнгүсү келбейт. Казактар көп вектордук тышкы саясатты жүргүзүүдө жана ал Батышка, дүйнөгө, Кытайга жана Орусияга ачык. Ошондуктан казактар бул позициясын сактоо үчүн колунан келгенин жасашат.

"Азаттык": Буга чейинки түзүлгөн КМШ, Шанхай кызматташтык уюму, ЕврАзЭС сыяктуу регионалдык уюмдар иштеп келген. Пост-советтик өлкөлөрдүн Европа биримдиги сыяктуу уюм түзөбүз деген тилеги курулай амбиция элеби?

Алекс Кули: Сиз айткандай, бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн аймактык уюмдар түзүлүп, көптөгөн келишимдерге кол коюлуп келген, бирок ага карабастан, чыныгы аймактык жана экономикалык интеграция түптөлгөн жок. Мисалы, Шанхай кызматташтык уюму - Кытай аны мурдагыдан да олуттуу экономикалык кызматташтыкка жетишүүдөгү курал катары колдонгусу келгени менен, Бээжиндин сунуштарынын көбү ишке ашпай кала берди. Анткени, негизинен, Орусия кытайлардын демилгелерине колдоо көрсөтпөй койду.

Илимий чөйрөдө кээ бир академиктер евразиялык интеграцияны “виртуалдык реалдуулук” жана “регионализм” деп аташат. Башкача айтканда, бул кагаз бетинде бар, бирок чыныгы жашоодогу жок нерсе. Менин оюмча, мунун да чындыгы бар. Аталган аймактык уюмдардын негизги максаты – интеграцияны күчөтүүдөн дагы мамлекеттердин суверенитетин бекемдөө, саммиттерди уюштуруп, делегациялардын жолугушууларында демилгелерди сунуштоо. Башкача айтканда, бул – мамлекеттердин легитимдүүлүгүн таануунун бир формасы.

Чыныгы интеграция тууралуу кеп кылсак, бул уюмдар ошол эле АСЕАН же Европа биримдигинен өтө эле алыс турат жана азыр ЕАЭБ сыноодон өтүп жатат – буга чейин иллюзия катары кабыл алынып келген нерседен олуттуу деңгээлге чыга алабы же жокпу? Регламенттин негизинде иш жүргүзгөн уюмдан ЕАЭБ азыр Орусия башкарган жана көптөгөн чектөөлөрдү койгон мекемеге айланды. Орусиянын лидерлигин көптөгөн мүчөлөр авторитеттүү жана нейтралдуу бийлик органы катары кабыл алышпайт жана келечекте ал укуктук башкарууну карманабы деп шектенишет.

Акыркы айлардын маалыматын карасак, аймактагы де-интеграцияны байкасак болот. Бажы биримдиги интеграциянын чокусу болду, бирок санкция жана анти-санкциялардын пайда болушу менен Беларус менен Казакстан анти-санкцияларга абдан сын көз карашта. Эми чек араларда бажы посттордун орношу менен интеграция маселесинде прогресс эмес, тескерисинче, артка карай кадамды байкасак болот.

Мыйзам боюнча биримдик интеграция үчүн ийгиликтүү курал болушу керек эле, бирок менин оюмча, Украинадагы окуялар жана Орусиянын Украинага болгон реакциясынан кийинки саясий кризистин натйыжасында бул абдан татаал тапшырма болуп калды.

ЕАЭБ Кытайдын “кичи шериги”

"Азаттык": Кытай менен Евразия экономикалык союзунун экономикалык кызматташуусунун потенциалдары кандай? Жаңы форматтагы кызматташуунун келечегин көрө аласызбы?

Алекс Кули: 2008-жылдагы финансылык кризистен кийин Кытай Борбор Азиянын негизги соода өнөгү болуп калды. Келечекте Кытай менен соода көлөмү чоңоёт. Кыргызстан менен Кытайдын соода-сатыгы азаябы деген суроо орунсуз, себеби, Кыргызстандын экономикасы абдан чакан. Узак мөөнөттө экономикалык тартылуунун борбору Чыгышты, Кытайды көздөй умтулат. Кытай азыр чыдамдуулукту көрсөтүп, Орусияга каршы кадам шилтегиси келбейт. Бул аймакка Орусия өзүнүн экономика жана коопсуздук схемаларын жайылтып, таасирин тийгизерин Кытай баамдап, Орусияга тоскоол көрсөтпөй турат.

Украинадан кийин Орусия Кытай тарапка көбүрөөк ийилип, Кытайдын шарттарында кызматташкысы келерин билдирүүдө, себеби ал Батышка альтернативдүү шериги бар экендигин көрсөткүсү келет. Ушул эле кырдаалды ЕАЭБ мисалында байкасак болот. Ооба, ал жерде кызматташтык болот, бирок ал кызматташтык кытайлык долбоорлордун жана шарттардын негизинде жүргүзүлөт. Ошондуктан, менин оюмча бул ассиметриялык шериктештик болот. Принстон унивеситетинин профессору Коткин айткандай, ЕАЭБ Кытайдын “кичи шериги” болот.

"Азаттык": Бээжин жана Брюссел биргелешип "Жибек Жолунун экономикалык алкагы" аттуу долбоорду ишке ашырууда. Ушул долбоордун стратегиясы жана келечектеги перспективасы тууралуу кандай көз караштасыз?

Алекс Кули: Бул долбоордун стратегиясы – “бир алкак, бир багытты” орнотуу, ошондуктан булар деңиз жана жер үстүндөгү бир каттам жолун курууга умтулууда. Бул жол Европа жана Азияны бириктирип, бул каттамга Кытайга коңшулаш мамлекеттерди жаңы экономикалык жана саясий коомго байлоо максаты менен курулуп жатат.

Стратегия негизинен инфраструктураны курууга басым жасайт – Кытай инфраструктуранын трансформациялык күчүнө ишенет. Бул экономикалык өнүгүү үчүн гана эмес, гармониялуу саясий мамилени жана туруктуулукту орнотууга түрткү болот. Бирок мен буга бир аз шектенүү менен карайм, анткени, кээде дал ушундай жалпы инфраструктураны жаратуу мурунку саясий кызматташты курчутушу мүмкүн.

Алар көптөгөн донорлор аркылуу жүздөгөн миллиард долларларды инвестициялашат. Ошол донорлордун бири – Жибек жолу фонду – бул Борбордук банкка караштуу Борбор Азияга арналган фонд. Дагы бир инвестор – Инфраструктуралык инвестициялардын Азия банкы. Булар Кытай менен Чыгыш Азиядан Европага товар ташууну арзандатуу жана Кытайдын коңшулаш өлкөлөрүн өнүктүрүү максатында толтура каражат сарпташат.

Бул долбоордун дагы бир максаты – Кытай азыр тышкы резервдик валютада отуруп, ушундай профицит топтогондуктан, бийликтин кээ бир өкүлдөрүнө бул каражатты казыналык резервге сактагандан көрө ушундай жол менен сарптоо үзүрлүү көрүнөт. Ошондой эле бул долбоор ички саясаттын көптөгөн компоненттерин камтыйт – Кытайды азыр Шиңжан аймагы абдан тынчсыздандырууда. Ошондуктан ал жерди заманбапташтырып жана туруктуулукту сактоо максатында Борбор Азияга кетчү каттамдардын көбүн Шиңжан аркылуу пландаштырып жатат.

Ошондой эле Кытайдын өнүгүү темпи 10-12%дан 6-7%га чейин төмөндөп, болот жана цемент өндүрүү жана башка тармактар көп товар өндүрө баштады. Бул тармактарга жаңы рынок керек, ошондуктан бул долбоор өлкөдөгү ашыкча өндүрүштүн көлөмүн азайтууга дагы түрткү болот. Бирок мындай айбаттуу көлөмдөгү каражатты инвестициялоо чынында саясий гармониянын өнүгүүсүнө көмөктөшөбү же каражат бөлүштүрүүдөгү талаш-тартыш жана коррупцияны гүлдөтүү сыяктуу күтүлбөгөн натыйжага алып келеби..?

Борбор Азияны изилдөөгө кызыгабыз

"Азаттык": Сиз Колумбия университетиндеги белгилүү Харриман институтуна директор болуп дайындалыпсыз. Бул институт мурдагы социалисттик коомдорду иликтөөдө, алар менен академиялык байланыштарды түзүүдө АКШдагы күчтүү жайлардын бири. Алдыда Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан менен кандай долбоорлор ишке ашат?

Алекс Кули: Мен үчүн Харриман институтунун директору болуу – абдан чоң кубаныч жана сыймык. Биз пост-советтик аймакты изилдөө боюнча эң тажрыйбалуу институт болуп саналабыз. Биздин изилдөөлөр Түштүк-Чыгыш Европа жана Балканды, ошондой эле Борбор Азияны жана Евразияга кызыккан өлкөлөрдүн территориясын камтыйт. Биз көптөгөн иш-чараларды уюштуруп, ар кыл илимий тармактарды колдойбуз: гуманитардык багыт, кино, искусство, адабият жана саясат таануу, экономика, социология сымал социалдык илимдер. Дүйнөнүн ар тарабынан спикерлерди чакырып турабыз.

Менин максатым – биздин институтту илимий изилдөөлөр, академиялык иш жана дебаттар үчүн коопсуз аянтка айлантуу, себеби азыркы саясий кризисти эске алганда, илимий чөйрөдө талаш-тартыштар дайыма жаралууда. Бизге ар кандай көз караштар керек жана Колумбия университети адамдар үчүн сөз эркиндигин колдонуп, ой-пикирин билдиргенде өздөрүн коопсуздукта сезе ала турган жер болушу керек.

Борбор Азиядан такай окумуштууларды жана окууга тапшырган студенттерди чакырып турабыз. Бул аймакка тиешелүү иш-чараларды уюштуруп турабыз, маселен, өткөндө Борбор Азиядагы акчанын изин жашыруу жана оффшор темасында талкуу өткөрдүк.

Ошондой эле биз жыл сайын Улут таануу ассоциациясы менен биргелешип конференция уюштуруп турабыз. Ал конференция Нью-Йорк шаарында өтүп, Борбор Азиянын окумуштуулары дагы келип катышат. Биздин узак жана кыска мөөнөттүү долбоорлорубуз бар жана биз дайыма сапаттуу изилдөөлөргө кызыгып, аларды жүргүзгөндөргө стипендия берип турабыз.

XS
SM
MD
LG