Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Тарыхта калган күнү каерде элең, саясатчы?


Ак үйдүн алдында, 7-апрель, 2010-жыл
Ак үйдүн алдында, 7-апрель, 2010-жыл

7-апрелдеги элдик толкундоолор учурунда Ала-Тоо аянты канга боёлду. 87 жигиттин өмүрүн алып кеткен, жүздөгөн адамды майып кылган бул күнү саясатчылар кайда эле?

5-6-апрель күндөрү оппозиция лидерлери кармалып, 7-апрелде боло турган курултайга катышып, ошондогу бийликке нааразылыгын билдирүү үчүн чогулган эл лидери жок калган эле. Алар менен аты элге таанылып калган адамдардын бири - укук коргоочу, Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева жүрдү.

- Форумга келсем бир топ эле эл чогулуп калган экен. Иттери менен милиция жана атайын кызматкерлердин кийимин кийгендер бар экен. Адеп Роза Отунбаевага телефон чалсак албай жаткан. Биз ЕККУнун өкүлдөрү менен“Форумдун” имаратына кирейин десек да киргизбей коюшкан.

Курултайды Үмөталиева ачкан

Кырдаал курчуп баратканына байкаган Үмөталиева күндүзгү саат 11лер чамасында курултайды өзү ачмай болду. Форумдун маңдайындагы аялдаманы трибуна кылып, үн күчөткүч менен сүйлөй баштады.

"Форумдун" алдындагы нааразылык акция
- Митингди мен ача баштадым. Ошондогу депутат Ирина Карамушкина келди. Эл өкүлдөрү сүйлөй баштады. Ошол кезде бизди эки катар болуп тосо башташты. Биз чыгып кетишибиз керек болчу. Анан мен трибунадан түшкөндө балдар мени колтуктап алды, биз милициядан бөлүп турган тосмону жарып чыга баштадык. Ошол кезде эле ызы-чуу башталып, ок атылып, түтүн чыга баштады. Кыйкырык-өкүрүк болду. Ошол кезде аялдамада 4-5 бала жыгылып жаткан экен, өлүү-тирүүсү белгисиз. Кан кеткенден кийин эл башкача болуп калат экен. Барба деген сайын кайра ошол жакка чуркап атышты.


Сүйлөшүүгө аракет жасалган

Кийин ызы-чуулар башталган соң Көк-Жар, андан жогорку айылдын тургундары болуп эл курмурскадай эле көбөйө баштайт. Токтайым Үмөталиеванын айтымында, 7-апрелде Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары расмий түрдө мандаттарын тапшырып чыгышмак экен.

- Эмне үчүн Роза эже парламентке барган жок, эмнеге ошону колдонгон жок? Ошол мага азыркыга чейин түшүнүксүз.

Токтайым Үмөталиева
Ал эми 6-апрелде кармалып, жетисинде чыгарылган Иса Өмүркулов мандаттарды тапшыруу планы кырдаалга жараша ишке ашпай калганын белгиледи.

- Бул кырдаалга байланыштуу болмок. Мени да депутат экениме карабай 6-апрелде УКМК кызматкерлери камап, эртең мененкиге чейин жер төлөдө суракка алып чыгышкан. Мен үчүн депутаттык мандаттын тагдыры алтысында эле бүткөн.

Чогулган жоон топ эл менен “Форумдан” Ак үйгө аттанган Үмөталиева ошол кезде эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө чалып, бийлик менен сүйлөшүүсүн сурайт. Ошол эле кезде президенттик администрациянын мурдагы башчысы Каныбек Жороев менен да сүйлөшкөн экен. Бирок бул сүйлөшүүлөр ок атууну токтото алган жок. Октон мерт болгон жигиттерди көргөн Үмөталиева балдардын бирөөсүнүн ак футболкасын чечтирип алып, жыгачка байлап булгалап, Ак үйгө кирип барат.

- “Илбирстин” үстүндө бир-эки, Тарых музейинде эки, Башкы прокуратурада бир, Ак үйдүн үстүндө эки караан жүрөт. Ошондо балдар көзгө атарлар деп калышты. Ошондо балдар "эжени жапкыла" деп ташбака болуп, калкандар менен жаап жүргөн. Түшкү 1 жарымда 7-8 бала кайтыш болуп кетти. Ошону көргөндө Ак үйгө кирейин деп калдым. Ак үйдөн Иса Өмүркулов менен Темир Сариевди көрдүм. Алар "баары бүттү, ок атылбайт" деди. Бирок ок андан кийин деле атыла берди. Ошондо мен мурдагы президент Курманбек Бакиевге жолукпаганыма азыр да өкүнөм.

Ушул окуядан соң Үмөталиева Ак үй алдына кыйлага чейин бара албай жүргөнүн айтат.

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар дүйнө жүзүнө ар кайсы булактар менен тарап, чет жактагы кыргызстандык мекендештер өлкөдөгү чыныгы кырдаал менен тааныша алышты. Алардын бири - Бакиев тушунда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси, учурда Жалал-Абад губернатору Бектур Асанов.

- 7-апрелде түшкү тамактануу үчүн кафеге киргем. Ошол маалда CNN деген каналдан Кыргызстандагы жаңылыктарды көрсөтүп калды. Ошол учурда эле Исламабад шаарынан Лахорду көздөй жөнөп, андан Ташкенге учуп келдим. Андан бери Бишкек аэропорту жабык болгонуна байланыштуу унаа менен Жалал-Абадга 8-апрель күнү эртең менен келип калдым.

Кырдаал жыйында талкууланган

Ошол күнү көпчүлүгүн “Ак жол” фракциясынын депуттары түзгөн Жогорку Кеңеш оппозиция аталган Социал-демократтардын мүчөлөрүсүз сессиясын баштаган. Анда өлкөдөгү кырдаал талкууланган эле. Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев ошол сессиядан кийин Ак үй алдына келгенин, окуянын чок ортосуна кирбесе да, сырттан байкоочу болгонун айтат.

- 7-апрелде түшкө чейин Жогорку Кеңеште сессияда болгом. Данияр Үсөнов бизге келип маалымат берген. Ошондо мен "сиз кетсеңиз, биз кетсек абал тынчыйбы" деп сурасам “мен чагымчыл суроолорго жооп бербейм” деп койгон. Ошондон түштөн кийин Ак үйгө барып, Акыйкатчы институтунда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен тополоңду токтотууга кичине аракет жасаганбыз. Кечинде саат тогуздарда Жогорку Кеңешке бардым. Анда бөлмөлөр да талкаланып калыптыр.

Элге ок атылат деп кээ бирлери аңдап сезгени менен, көптөрү оюна да алган эмес. Исхак Масалиев да “Азаттыкка” курган маегинде ок атылаарын күтпөгөнүн айтып, "эң эле өкүнгөнүм - мекендештердин курман болгону" дейт.

Апрель ыңкылабы учурунда айрым саясатчылар, депутаттар ар кандай себептер менен чет өлкөдө жүргөн. Курманбек Бакиевдин уулу, Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев 5-9-апрелге чейина АКШда өтө турган “Кыргызстанда инновацияга бет алган экономика түзүү” деген аталыштагы иш-чарага катышуу үчүн кеткен эле.

Максим Бакиев менен бирге жүргөн делегациянын катарында мурдагы каржы министри Марат Султанов да болгону айтылган эле. Ал эми Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Зайнидин Курманов Орусияда, Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык жыйынына катышуу үчүн жөнөп кеткен экен. Булардан сырткары жакында кызматтан алынган мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Равшан Жээнбеков да чет өлкөдө болчу.

Кыргызстандагы боштук...

Равшан Жээнбеков Кыргызстанга Америкадан 11-апрелде учуп келген.

- Мен Америкада болчум. Жаңылыктарды көбүнчө “Азаттыктан” угуп турдум. Тааныштарым менен интернеттеги "Скайп" деген программа аркылуу байланышып жаттым. Атам да Таласта болчу.

Мен Равшан мырзадан "кыйын учурда, кан төгүлүп жатканда кыргыз эли менен болбогонуңузга өкүндүңүзбү" деп сурадым.

- Албетте андай нерсе бардык эле саясатчыларда болот. Балким мен болгондо бир аракеттерди көрөт белем, башкача болот беле деген ой сөзсүз келет. Мен биринчи келгенде, адамдын ичинде бир боштук болот го, Кыргызстан ичинде да ошондой боштукту сездим.

2010-жылы 7-апрелде каякта болгонсуз деген сурообузга Элмира Ибраимова "мен анда УКМКда болчум" деп жооп берди.

Ибраимова Бакиевдин тушунда “Ата Журт” фракциясынын лидери, андан кийин вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин иштен бошотулган. Ал 6-апрелде оппозиция лидерлери менен бирге кармалган. Жетиси күнү бошотулган Элмира айым “Азаттыкка” буларды айткан эле.

- Биз албетте Бакиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылабыз, аракет жасайбыз. Бирок бул анын канчалык акылман экенинен көз каранды болот. Эгер ал бийликке тырмыша берсе калк ага чыдай албайт.

2010-жылы вице-премьер-министр Акылбек Жапаров алтысынан тогузуна чейин Талас облусунда болгон.

Жапаров ички иштер министри Молдомуса Конгантиев баштаган күч структуралары менен Таластагы толкундоолорду токтотуу максатында жөнөп кеткен.

Молдомуса Конгантиев
- Таласта эле тынч сүйлөшүү жолдор менен бүтүргөнгө толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок Данияр Үсөнов мени жумушуман четтетип, күч структураларына көбүрөөк ишенгендиктен аягы ушундай бүттү. Негизи эле жыйырма жыл ичинде өкмөт башчылар күч колдонуудан баш тартып келген. Эмнегедир премьер-министр жеке жоопкерчиликти керт башына алып, тартип коргоо органдарынын өкүлү менен бирге, маселени күч менен чечүүгө аракет кылды. Мунун аягы кан менен бүттү.


Ошол кезде кармалбай калган бийлик өкүлдөрүнө апрелден кийин бийликке келгендер кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Арадан бир жыл өттү. Айрым бийлик өкүлдөрүн, ошол эле Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду мекеменин азыркы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев чек арага чейин узатып койгонун жакында эле мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов айтып чыкты.

Ал эми айрым күч структураларынын жетекчилери Жаныш, Максим Бакиевдердин, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун Кыргызстанга келип, кетип эле жүргөнү эл арасында айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG