Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Оппозиция лидерлери кармалды, Таласта абал курч...


6-апрелде Таласта митингге чыккандар облустук администрация имаратын басып алышкан окуяны улай оппозициянын көрүнүктүү лидерлерин Улуттук коопсуздук кызматынын атайын даярдалган тобу кармоо операцияларын жасашты. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев теле аркылуу Бириккен элдик кыймылдын лидерлери Таласта мыйзамга каршы келген иш жасашканын, эми мындай аракеттерге катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Кармалгандардын арасында “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев, Дүйшөн Чотонов, Анвар Артыков, Болот Шерниязов сыяктуу белгилүү оппозиция өкүлдөрү бар. Түнкү саат бирден өткөндө БЭКтин төрагасы Алмаз Атамбаевди да үйүнөн күч менен алып кетишти

Бишкектеги Фрунзе-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Өмүрбек Текебаевдин үйүнө кечки саат 19:00 ченде Улуттук коопсуздук кызматкерлери барып, аны суракка алып кетүүгө аракет кылышкан. “Ата мекен” партиясынын бир катар мүчөлөрү аны үйүнөн чыгарбай, дароо укук коргоочуларды, Акыйкатчыны жана журналисттерди чакырышкан. Бир топко сүйлөшүүлөр жүргөн соң Ө.Текебаев “Интербилим” укук коргоо борборуна барууга, ошол жерден сурак берүүгө жана сүйлөшүүгө макул болгон. Бирок ал бир катар укук коргоочулар, Акыйкатчы Турсунбек Акун жана журналисттердин коштоосунда үйүнөн чыккан маалда атайын бөлүктүн куралчан аскерлери күч колдонуу менен аны алып кетишти.

“Ата мекен” партиясынын мүчөсү, окуянын күбөсү Мыктыбек Өмүрзаков аталган кармоо боюнча буларды айтты:

- Өмүрбек Чиркешовичке формачан адамдар келишкени тууралуу мага телефон аркылуу кабарлашты. Мен жетип келсем келгендердин бирөө өзүн Кочкоров Асылбек, Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүсүмүн деп тааныштырды. Ал айтты, “Биз күбө катары Өмүрбек Чиркешовичти суракка алышыбыз керек” деп. Мен айттым, “Бүгүн үйдө жаш балдар бар, мага чакырууңарды бергиле, ал эртең барат. Мен ошондой милдеттенмеге кол коюп берем” дедим. Алар “Жок, бизге буйрук болду. Жогору жактан Таластагы окуя боюнча тергөө тобу түзүлгөн. Мага кандай гана жол менен болбосун Текебаевди алып келесиңер деген буйрук болгон” деп айтты.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев теле аркылуу сүйлөп, Бириккен элдик кыймылдын лидерлери Таласта кылмыштуу иш уюштурушканын, эми мындан ары ушул сыяктуу иш-чаралар катуу басыларын эскертти.

Ал эми премьер-министр Данияр Үсөнов менен Башкы прокурор Нурлан Турсункулов чукул уюштурган маалымат жыйында, Талас шаарында жана облусунда, андан тышкары өлкөнүн бардык аймактарында абалды көзөмөлдөп турушканын айтышты. Д.Үсөновдун айтымында, оппозиция уюштуруп аткан жыйындардын баары мыйзамсыз жана мындан ары алардын чектен чыккан аракеттери каттуу басылмакчы. Таластагы окуялар жана мындан аркы бийликтин аракети тууралуу ал мындай деди:

- Таласта атайын коркутуп-үркүтүүчү каражаттар, газ колдонулду. Себеби жергиликтүү милиция бөлүмүн басып алабыз, куралдарды алабыз, камактагыларды бошотуп алабыз деп аткан шартта сөзсүз курал колдонулат. Башкаларга, жалпы мамлекетке, биздин көпчүлүк кыргыз жарандардын укуктары коркунучка кабылганда бийлик коргош керек. Бийликтин колунда кандай күчтөр бар болсо, биз баарын мыйзам чегинде колдонобуз.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова да Ө.Текебаевди кармоо операциясына күбө болду. Анын айтымында, ушул тапта бийлик өзү мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурууда. Оппозиция өкүлдөрүн кармоо боюнча ушул тапта Нурбек Токтакунов өңдүү адвокаттар да ишке киришти:

- Биз азыр адвокаттарды жиберип атабыз. Акыйкатчы мырза да ак үй жакка кетти. Эл аралык уюмдардын бардыгы билет...

Ал эми түнкү саат он экилер чамасында Социал демократтар партиясынын лидери, БЭКтин төрагасы Алмаз Атамбаевдин үйүн милиция жана атайын кызматтын аскерлери камалоого алып, түнкү саат бирден өткөндө Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүгүнүн аскерлери үйүнүн эшигин талкалап, күч колдонуу менен аны салып кетишти. Окуяга бир катар укук коргоочулар жана журналисттер көз салып турушту.

XS
SM
MD
LG