Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Оппозициянын ишмерлери камалууда


Кыргызстанда оппозиция ишмерлерин кармап камоолор башталды. 6-апрелде кечинде Бишкектен “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаевди коопсуздук кызматынын маскачан куралчан тобу келип үйүнөн кармап кетишти. Бир эле убакта Таласка, Ошко барган оппозиция ишмерлери камакка алынды. Эртең жер-жерлерде оппозиция уюштурган элдик курултайлар өткөрүлмөк болуп, ага даярдыктар көрүлүп жаткан.

Таласта Болот Шерниязовду милиция кармап кеткенден кийин нааразы болгон эл чогулуп, облустук акимчиликке кирип барышып ээлеп алышты. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тынч курултайга даярдык көрүп жаткан элдин арасына бийлик атайын чагым салды деп болгон окуя үчүн бийлик тарапты айыптады.

Премьер-министр Данияр Үсөнов шашылыш маалымат жыйынын чакырып, Таласта болуп жаткан окуяны "экстремисттик акция" деп атады. Ал Б. Шерниязов жетектеген “деструктивдүү күчтөр” облустук администрациянын имаратын басып алышты, облустук милициянын имаратын күч менен басып алууга аракет кылышты, деп билдирди.

Кечке жуук Таласка беш вертолет менен атайын даярдыктагы аскер күчтөрү барып, караңгыда облустук администрацияны ээлеп тургандар менен кагылышып, натыйжада облустук администрациянын биринчи кабатына өрт кетти.

Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди улуттук коопсуздук кызматынын атайын куралдуу тобу келип, үйүнөн кармап кетти. Анын жанындагы жан сакчыларын сабап салышты. Окуя болгон жерге барган укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилованы, Динара Ошурахунованы, Асия Сасыкбаеванын колун толгоп, четке сүрүп салышты.

Бир эле учурда БЭКтин лидери, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевди да кармоо аракеттери болду. .

Таласта митинге чыккан элдин ичиндеги оппозиция ишмерлери Болот Шерниязовду, Эмил Каптагаев, Турат Мадылбеков кармалды.

Ошто элдик курултайдын аткаруу комитетинин төрагасы Дүйшөн Чотоновду жана аталган комитеттин мүчөсү Анвар Артыковду коопсуздук кызматынын адамдары кармап кетишти . Бул жөнүндө «Азаттыкка» «Ата Мекен» партиясынын координатору Бакыт Калмаматов билдирди. Дүйшөн Чотонов өзү «Азаттыктын» кабарчысына телефондон бул маалыматты ырастап, улуттук коопсуздук кызматынын Ош областтык башкармасында сурак берип жатканын билдирди. Ага элдик курултайды уюштуруунун чоо жайы жана Болот Шерниязов жөнүндө суроолор берилди. Улуттук коопсуздук кызматынын облустагы өкүлдөрү оппозициялык ишмерди кармоо фактысы жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG