Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Чыңалган кырдаал Таласта дүрт этти...


Таластагы митинг, 6-апрель, 2010-жыл
Таластагы митинг, 6-апрель, 2010-жыл

Кыргызстанда саясий кырдаал курчуду. 6-апрелде Таласта митингге чыккандар облустук администрациянын имаратын басып алышса, Чүйдө, Нарында, Ошто жана Жалал-Абадда эртеңден тарта митингдерге чыгууга камынышууда. Айрым саясий серепчилер Курманбек Бакиевден оомат качып калганын айтышса, бийлик өкүлдөрү таластыктардын иш-аракетин мыйзамсыз деп баалашууда.

Cоңку кездери улам чыңалып отурган саясий кырдаал Талас шаарында өз чегине жетип, оппозиция уюштурган митингге чогулгандар түш оой облустук администрация имаратын басып алышты. Талас шаарынын борбордук аянтына чогулгандар акимчиликтин маңдайындагы президент Курманбек Бакиевдин чоң сүрөтүн өрттөп, мындан ары президенттин кетишин гана талап кылышарын айтышты.

Д.Үсөнов: Кырдаалды көзөмөлгө алдык...

Таластагы облустук администрацияны басып алгандар дароо эле элдик губернатор кылып “Ата мекен” партиясынын облустагы координатору Шералы Абдылдаевди шайлашты. Талас шаардык Ички иштер министрлигинин башкармалыгына барган элге күндүзгү саат үч (15:05) ченде көздөн жаш агызчу ок колдонулду. Ал эми кечке жуук премьер-министр Данияр Үсөнов менен Башкы прокурор Нурлан Турсункулов Таластагы кырдаал боюнча чукул маалымат жыйын өткөрүп, кырдаал көзөмөлгө алынганын билдирди.

Д.Үсөновдун айтымында, ушул тапта Таластагы кырдаалды Ички иштер кызматкерлери колго алып, облустук администрацияны бошотуп, иш-чараны уюштурган айрым адамдарды кармашты. Премьер-министр ошондой эле кырдаалды жөнгө салуу максатында Бишкектен ички иштер министрлигинин 100 аскери барганын, андан тышкары кырдаалды жөнгө салуу үчүн биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров жөнөтүлгөнүн айтты:

- Таласта атайын коркутуп-үркүтүүчү каражаттар, газ колдонулду. Себеби жергиликтүү милиция бөлүмүн басып алабыз, куралдарды алабыз, камактагыларды бошотуп алабыз деп аткан шартта сөзсүз курал колдонулат. Башкаларга, жалпы мамлекетке, биздин көпчүлүк кыргыз жарандардын укуктары коркунучка кабылганда бийлик коргош керек. Бийликтин колунда кандай күчтөр бар болсо, биз баарын мыйзам чегинде колдонобуз.

Ошондой эле Д.Үсөнов, эртең да мыйзамсыз иш-чаралар болсо күч органдары мыйзам чегинде катуу басарын айтты.

А.Атамбаев: Премьер жалган айтат, Талас дале элдин колунда...

Бириккен элдик кыймылдын төрагасы, Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, премьер-министрдин бүгүн берген маалыматтары жалган. Анткени ушул тапта Талас облусун жана мамлекеттик администрациясын толук эл көзөмөлдөп турат:

- Биринчиден, премьердин маалымат жыйында айткандары жалган. Таласта абалды жергиликтүү эл көзөмөлдөп турат. Экинчиден, эртеңки курултайлар Баш мыйзамдын жыйырма үчүнчү жана жыйырма бешинчи беренелерине ылайык өтүп атат. Премьер-министр конституцияны ачып, окуп койсо болот эле. Эми бийликке эмне дейбиз... Бийлик өзүнчө бир дүйнөдө, эл өзүнчө бир дүйнөдө жашап калды. Дания Үсөнов деле ага айткандарды кайталап айтып атат да. Аман болсун...

Башкы прокурор Нурлан Турсункулов “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, Таластагы окуяларды уюштургандарга төмөнкү беренелер боюнча кылмыш иштери козголгонун айтты:

- Кылмыш кодексинин Конституциялык түзүмдү күч колдонуп өзгөртүүгө чакыруу деген 297-беренеси боюнча , Массалык баш аламандык деген 233-беренеси жана Бийликти күч колдонуп басып алуу деген 295-беренеси боюнча кылмыш иштери козголуп, азыр тергөө аракеттери жүрүп атат.

Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, ушул тапта оппозиция катуу күрөшкө даяр болуп калгандай. “Анын үстүнө тарифтердин кымбатташы, өлкөнүн стратегиялык мекемелеринин сатылышынан кийин эл дагы даяр болуп калды”,- дейт талдоочу:

- Эртең да башка региондордо Таластагыдай окуялар кайталанчу болсо, анда сөз жок түрдө оппозиция да өз сөзүнөн кайтпай, аягына чейин барат. Бийлик деле бүгүнкү күнгө чейин оппозиция менен сүйлөшкөн жок. Тескерисинче күч көрсөтүү менен саясатын жүргүзүп келди. Мисалы, генерал Исмаил Исаковду камап, кесип жиберди. “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектрди” ит бекер сатып жиберди. Тарифтер көтөрүлдү. Ушул сыяктуу окуяларга эл кыжырланып, бүгүн өтө кескин түрдө каршылыгын көрсөтүп атат.

“Азаттыктын” өз кабарчылары жеринен билдиришкендей, ушу кезге чейин Талас шаарындагы аба майданга бир учак, беш тик учак конуп, алардан ок өтпөс соот-чопкут кийген куралчан аскерлер түштү. Талдоочу Т.Акеровдун баамында, Таластагы мамлекеттик администрациядагы элди түнү менен кууп таркатуулары да мүмкүн. Бирок мындай аракет эртең өтүүчү БЭКтин курултайларын катуу жандантып жиберүүсү да мүмкүн. Мурда кабарлангандай 7-апрелде Нарын шаарында, Чүйдүн үч районунда, Алай жана Аксы райондорунда элдик курултайларды өткөрүү пландалган.

XS
SM
MD
LG