Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:52

Апта: Оппозициянын “оюну”, Бабановдун отчету...


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте.

Оппозиция нааразылык акцияларын токтотконун жарыялады. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 100 күндүк программасы боюнча парламентке отчет берди.

Оппозиция мындан ары нааразылык акцияларын уюштурбасын, бирок кырдаал курчуп кетсе, ага бийлик жоопкерчиликтүү болоорун 23-апрелде жарыя кылды.

Оппозициянын орду жана ролу

Оппозиция лидерлеринин бул кадамы Кыргызстандагы саясий күрөштүн регионалдык өзгөчөлүктөрүнө жараша жасалды окшойт. Анткени оппозиция түштүк региондо кайсы бир деңгээлде нааразылык акцияларына массалык мүнөз берип, ийгиликке жетише алды. Ал эми түндүк региондо андай болушу күмөндүү эле. Ал эмес Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков уюштура турган акциялар ар кандай кокустуктарга дуушар болушу толук ыктымал эле.

Муну Таластагы митинг тастыктады. Мына ошондуктан оппозиция лидерлери митингдерден баш тартып, андай акцияларды уюштурууну өздөрүнүн пикирлештерине калтырышты. Бирок алардын акциялары ийгилик менен коштолгон жок. Маселен, түштүктөгү оппозициянын митингдерине катышып келген Оомат Казакбаевдин Кара-Балта шаарындагы митинги ийгиликсиз болду. Караколдогу митинг да ошондой эле тагдырга туш болду.

Митингдердин солгундашы менен оппозициянын өкмөткө чабуулу да басаңдап калды. Демек “балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат” дегендей өкмөттүн ызы-чуусуз иштөөсүнө шарт түзүлдү. Мына ошол себептен “Ата-Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев өкмөткө күзгө чейин ишеним берилгенин айтып чыкты окшойт. Ошентип оппозициянын жазгы чабуулу соңуна натыйжасыз чыгып турат.

Эксперт Кубатбек Кожоналиев оппозициянын аракетинин ийгиликсиз аякташын мындай чечмеледи:

- Менимче, бул жерде кырдаал быша элек болчу. Орустар айтат эмеспи “желаемое за действительное” депчи, ошондой болуп калды. Эгерде оппозиция лидерлери туура булактардан маалымат алышса, мындай кадамга барышмак эмес. Мисалы, Чүйдө колдоого ээ болушкан жок.

Кара-Балта шаарында өтөөрү белгиленген митингге эл келбей, журналисттер уюштуруучулардан интервью алып тарап кетти
Кара-Балта шаарында өтөөрү белгиленген митингге эл келбей, журналисттер уюштуруучулардан интервью алып тарап кетти
Кожоналиевдин пикиринде, Кыргызстандагы кырдаал бийликтин катачылыгына жараша жана тышкы күчтөрдүн таасирине байланыштуу өзгөрүп кетиши толук ыктымал.

Саясат таануучу Марат Казакпаев оппозиция лидерлери оппозициянын ролун аткарууга чыдай албады дейт:

- Көбүнчө эл туура айтып жатат, Ташиев, Келдибеков жана Мадумаров бийлик системасынын кишилери. Булар Текебаевдей жана башка оппозиционерлердей тажрыйбасы жок. Эми булар деле сезип калышты, оппозицияда жүрүш абдан кыйын. Элдин талабын аткарам деп бийликке каршы чыгуу оор да. Аныктап айтканда булар оппозиция лидерлери эмес.

"Бирок оппозициянын орду бош болбойт. Ал жаңы күчтөр менен толукталат", - деп кошумчалады Марат Казакпаев.

Оппозициянын бийликти, өкмөттү демитүүдөн баш тартышы өкмөттүн Орусия менен бир топ талылуу маселелерди сүйлөшүүсүндө эркин болуусуна шарт түзөт. Белгилүү болгондой, Бишкек менен Москва ири энергетикалык долбоорлор боюнча чечүүчү сүйлөшүүлөр алдында турат.

Бабанов "жазгы сессиядан" өттү

Оппозициянын жазгы чабуулунун токтошунан демденген өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 100 күндүк программасынын аткарылышы боюнча көпчүлүк коалицияда ишенимдүү отчет берди. Программанын олуттуу бөлүгү ар кандай себептерге байланыштуу аткарылбаса да, көпчүлүк коалиция ага терс баа берген жок.

Өкмөттүн 2011-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет да парламент тарабынан 26-апрелде көңүлгө алынды. Отчет берүү алдында көпчүлүк коалицияга кирген депутаттардын айрымдары суроолорду азайтууга аракет жасаганда ал каршылык жаратты.

“Ата-Журт” фракциясынын лидери Марат Султанов талаш-тартыш парламентте болгону жакшы деп талкууну токтотпоого үндөдү:

- “Ата-Журттун” алдында отчет бербегенден кийин өзүбүздүн укугубузду коргоп, айтып жатабыз. Кошумча мүмкүнчүлүк бергиле. Анан эл көчөгө чыкканда, эмне үчүн көчөгө чыгат деп суроо бересиңер. Мен ошого айтып жатам, эл көчөгө чыкпаш үчүн мына бул жерде көбүрөөк сүйлөшүп алалы.

Өкмөт башчы өз отчетунда баарын жакшы деп сүрөттөдү. Анын ичинде импорттун кескин өсүшүнөн тышкы сооданын жалпы көлөмүнүн өсүшү да жетишкендик катары бааланды.

Өмүрбек Бабанов 100 күндүк реформа жемишин ортоңку мезгилде берет дейт:

- Биз баштаган жалпы реформалар өлкөбүздүн жашоо образын түп-тамырынан бери өзгөртөт. Бул реформалар орто мөөнөт аралыгында реалдуу жыйынтык берет.

Ал жыйынтык жаңыдан түзүлө турган Өнүктүрүү банкы аркылуу келиши да ыктымал. Азыркы учурда өкмөт бул банкты түзүү боюнча эл аралык каржы уюмдары менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Парламентке болсо атайын мыйзам долбоору жолдонду. Өкмөт башчы ал банк тууралуу буларга токтолду:

- Өнүктүрүү банкын түзсөк ипотекалык насыялар да болот. Лизинг жашообузда реалдуулукка айланат. Элибиз трактор, комбайндарга ээ болот.

Өмүрбек Бабанов 2012-жылдын үч айында ИДП 6.8 пайызга Кумтөрдүн айынан гана төмөндөгөнүн айтып, ансыз төрт пайыздын тегерегинде өсүш бар экенин белгиледи.

Өкмөт башчынын сөзүнөн кийин “Ата-Журт” фракциясынын лидерлери Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков ага бир катар суроолор менен чыгышты. Ал суроолор эмгек мигранттарынын абалынан тарта, бюджет тартыштыгы, Бабановдун табышмактуу жолугушууларына чейин болду. Бирок өкмөт башчы аларга ишенимдүү жообун бергендей болду.

Мына ошентип Өмүрбек Бабанов “жазгы сессияны” ийгиликтүү тапшырып чыккандай болду.

Атамбаев Чикагого чакырылды

Май айында бир катар эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар бар. Алардын айрымдарынын Кыргызстанга кайсы бир деңгээлде тиешеси бар. Маселен, АКШнын Чикаго шаарында 20-21-майда НАТОнун саммити өтөт. Ага Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да чакырылды. Муну мамлекет башчысынын маалымат кызматы тастыктады. Бирок Алмазбек Атамбаев ал саммитке барышы азырынча чечиле элек.

Кыргызстандын НАТО саммитине чакырылуусу Ооганстан маселесине байланыштуу экени түшүнүктүү. Анын үстүнө Кабул менен Вашингтон 2014-жылдан кийинки стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишимге жетишип отурушат. Ага ылайык, 2014-жылдан кийин да Ооганстан жалгыз калбайт. АКШнын кайсы бир аскердик базалары калат. Демек "Манастагы" транзиттик борбор 2014-жылдан кийин да зарылдыгын жоготпойт.

Алмазбек Атамбаевди Чикагого чакыруунун дагы бир сыры Бишкектин Грузия жолу менен баруусуна ишара болушу да мүмкүн. Бул жолго Кыргызстан негизги өнөктөштөрүнүн бирине айланып бараткан Түркия аркылуу тартылышы ыктымал. Белгилүү болгондой, Түркия НАТОнун белдүү мүчөсү.

Кыргызстандын тышкы саясатындагы мына ушундай багыттагы айрым кадамдары орус тараптын каршылыгын жаратпай койбойт. Аны айрым орус серепчилери ачык эле айтып чыгышууда.

Айтмакчы, 19-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Москвада саммити болот. Ага президент Алмазбек Атамбаев барат. Бул саммит ЕврАзЭШтин тагдырында чечүү болбосо да кыргыз-орус мамилесинде олуттуу мааниге ээ болушу күтүлөт. Анткени Москвада эки өлкө жетекчилери ири энергетикалык добоорлор боюнча чечим кабыл алышы ыктымал.

Азыркы мезгилге карай бул долбоорлор боюнча алдыга жылыш байкала элек. Маселен, 27-апрелде Бишкекте кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын жыйыны болуп, анда 19 маселе каралды. Комиссиянын орус тарабынан башчысы Андрей Бельяниновдун билдирүүсүнө караганда, орус тарап Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго катышууга өтө кызыкдар бойдон калууда:

- Орусия үчүн Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго катышуу өтө маанилүү. Бул долбоорлор боюнча Интер РАО, РусГидро компанияларына тийиштүү жооп алуу үчүн кайрылсаңар болот.

Маалыматка караганда, тараптар учурда энергетикалык долбоорлорду талкуулап, бири-биринин сунуштарын иликтеп жатышат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG