Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Коалициялык көпчүлүк өкмөттүн ишин жактырды


24-апрелде “Биримдик” көпчүлүк коалициясынын депутаттары өкмөттүн 100 күндүк ишинин жыйынтыгын укту.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөттүн ишин оптимисттик деп баалап, бул аралыкта арбын иштер жасалганын белгиледи.

Ал эми депутаттар өкмөттүн ишин канаттандырарлык деп тапканы менен бир топ кемчиликтерди атады. Өкмөт башчыга “коалиция менен чогуу иш алып барбай жатасың” деп сын айткандар да болду.

Оптимист өкмөт, нааразы депутаттар

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар, “Республика”, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынан куралган көпчүлүк коалиция өкмөттүн ишинин жыйынтыгын укту.

Баяндама жасаган премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөттүн 2010-жылы жасаган иши, ошондой эле жаңы коалиция түзүлгөндөн кийинки өкмөттүн 100 күндүк программасынын жыйынтыгы тууралуу айтты. Бабанов өкмөттүн ишин оптимисттик деп баалап, ийгиликтер арбын болгонун белгиледи. 100 күндүктүн иши тууралуу буларга токтолду:

- Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 16,4 млрд. сомго көбөйгөн. Салыктан түшкөн киреше 14 млрд. сомго көбөйгөн. Мамлекеттик аппараттардын чыгымын кыскартуунун негизинде бюджеттин чыгымдары 800 млн. сомго кыскартылган.

Анткен менен өкмөттүн отчетуна канааттанбаган депутаттар да болду. “Ар-намыс” фракциясынан депутат Анарбек Калматов өкмөт башчы коалиция менен макулдашып, иш кылбай жатканын сынга алды.

- 100 күн ичинде эч нерсе жасалган эмес. Мына 100 күндүктүн отчетун окуп көргүлө. Кошумча эки гана тизме бекитилген экен. Ушул да жыйынтыкпы? Бул деген сиздердин күнүмдүк жасачу иштериңиздер. “Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” деп турат. Бул да күнүмдүк эле жасалчу иштер. “Келишимдерге жетишти” деп жазылган. Бирок жыйынтыгы али жок. Мен коалициялык көпчүлүктүн мүчөсү катары сизди колдоого алам. Бирок сиз жалпы коалиция менен иш жүргүзбөй жатасыз. Сиздер, Социал-демократтар жана “Республика” фракциялары акимдерди бөлүп алдыңыздар.

Бирок премьер-министр Өмүрбек Бабанов мындай доматтарга макул болбой, өз жүйөлөрүн келтирди.

- Биз сиздер колдоп берген мамлекеттик бюджетти 2011-жылга салыштырмалуу 14 пайызга көп кабыл алдык. Ал толугу менен аткарылып жатат. Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, “Кумтөр” үч айдын ичинде 2011-жылга салыштырмалуу 1,5 млрд сомго салыкты аз төлөдү. Ага карабай биз бюджетти 103 пайызга аткардык. Бул - өкмөттүн жасап жаткан иши. Бул көмүскөдөгү экономиканы алып чыкканыбыздан болуп жатат. Мен негизгилерин гана белгилеп жатам. Мындан тышкары, 2012-жылы түзүлгөн өкмөт реалдуу реформалык кадамдарга барып жатат. Биз бюджеттик мекемелердеги машиналарды, 2200 кызматкерди кыскартып жатабыз. Каржы полициясын жоюп жатабыз. Мындай иштер эч качан жасалган эмес.

Коррупция, “Кыргызтелеком”, күрөш

Депутаттарды Каржы полициясынын жоюлуп, кайра түзүлүшү, өкмөттүн “Кыргызтелекомду” сатыкка коюу ниети, айыл чарба, коррупцияга каршы күрөш, административдик реформа сыяктуу маселелер кызыктырды. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева:

- “Кыргызтелекомду” айталы, “бизде бүгүн акча жок, баарын кыскартыш керек, баарын сатыш керек” деп, эптеп эле акча табуу маселесине өтүп калганыбыз өкүнүчтүү. Өзүңүз айткандай, булардын баарын салмактап, электен өткөрүп жасабаса болбойт.

Өкмөт буга чейин сатыкка коюла турган компаниялардын катарына “Кыргызтелекомду” да киргизген болчу. Ал эми депутаттар ага каршы болуп, менчиктештирилүүчү ишканалардын тизмесинен аны алып салган эле. Бирок Өмүрбек Бабанов аталган ишкананы сатуу керек деген оюн айтты.

- Сатпаш керек, ал элдин байлыгы деген сөздөр элге жагат. Бирок мен муну кыска мөөнөттүү популисттик чечим деп айтам. Мен өкмөттү жетектеп туруп, бул реформалар популярдуу болбосо да ал кадамдарга барам.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Турат Мадылбеков коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөшкө кызыкты.

- Экономикалык кылмыштардын негизинде 1 жыл 1 айдын ичинде мамлекет канча миллион акчаны жоготту? Анын канчасы толукталды? Кимдерге кандай чара көрүлдү?

Сын пикирлер арбын айтылганы менен көпчүлүк депутаттар өкмөттүн ишин колдошту. “Биримдик” коалициясы өкмөттүн 2011-жылга карата отчету эске алынсын деген чечимге келип, ал эми 100 күндүктүн жыйынтыгын канааттандырарлык деп баалады.

Өкмөт жасаган иштери боюнча ушул эле отчетун бейшемби күнү парламенттин жалпы жыйынында да берет. Анда оппозициялык “Ата Журт” фракциясы бир топ сын-пикирлерди айтары белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG