Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Кыргызстан армиясында башка улут өкүлдөрү, чоң чиновниктердин уулдары кызмат кылбайт деген дооматтар көп айтылат. Коргоо министрлигинин өкүлү, подполковник Турдубек Кутуев “Азаттыкка” курган маегинде мындай дооматтарга негиз жоктугун билдирип, бүгүнкү армиянын курамы, аскердик кызматтын жол-жоболору туурасында айтып берди.

Турдубек Кутуев: Кыргыз Республикасында жалпыга бирдей аскердик милдет жана альтернативдик аскердик кызмат жөнүндө мыйзам бар. Ага ылайык Кыргызстанда жашаган бардык жарандар диний ишенимине, улутуна, кызматына, билимине карабастан аскер кызматын өтөөгө тийиш.

“Азаттык”: Ошол эле учурда өлкөдө саны боюнча экинчи орунда турган өзбек жана славян тектүү уландардын арасында да колуна курал кармап, кызмат өтөгөндөр аз деген доомат айтылып жүрбөйбү?

Кутуев: Кыргызстанда, албетте, кыргыз улутундагылар басымдуулук кылат. Кыргыздардан башка, мисалы, өзбек улутундагылар 6 пайызды түзөт. Орус, украин, немис, казак, түрк, тажик, уйгур жарандардын баары эле кызмат өтөйт.

“Азаттык”: Аскерге барбагандар жөнүндө алар альтернативдик кызмат өтөйм деп калышат. Ушул түшүнүктү чечмелеп берсеңиз, кимдер альтернативдик кызмат өтөш керек?

Кутуев: Мындай кызматты курал колдонууга жана куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө акысы жок, каттоодон өткөн диний уюмдардын мүчөлөрү, жаза-кылмыш боюнча мурда соттолгондор, ден соолугуна байланыштуу жарандар аскерге барбай, альтернативдүү кызмат өтөшөт.

“Азаттык”: Анан алар кантип кызмат өтөшөт?

Кутуев: Мыйзам боюнча алар 120 эсептик көрсөткүчтөгү акчаны банк аркылуу төлөөгө тийиш. Башкача айтканда, 12 миң сомду үч жыл ичинде төлөп бүтүшү керек. Альтернативдик кызматтын мөөнөтү үч жыл. Болбосо ошол 12 миң сомду кайсы убакта төлөп бүтсө - бир айдабы, эки айдабы, же бир жылдын ичиндеби - төлөп бүтсө да кызматы бүтөт.

“Азаттык”: Өзбек тектүү улуттун өкүлдөрү 6 пайыз, башка улуттар биригип 12 пайыз деп жатасыз. Баары бир пайыздык көрсөткүчтөр аз экен. Кийин моноэтникалык армияга айланып кетпейби? Анткени Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт эмеспи?

Кутуев: Аскердик бөлүктөрдө улут аралык бөлүнүштөр жокко эсе. Бардыгы тең бирдей эле жоокер катары кызмат кылышат. Анан армияга барабыз деген көп балдардын ичинен комиссиядан өтпөй калгандары болот. Чынын айтканда, бизде аскерге барам деген балдардын патриоттук сезимдери жогору. Аскердик кызматка бардык улуттардын кызыгуусу бар. Өзбек улутундагы жарандар да кызыгат. Мына, бир чакырууда эле өзбек улутундагы 125 киши келди.

“Азаттык”: Аскерге чоң чиновниктердин балдары көп барбайт, көпчүлүк учурда карапайым элдин уулдары барат деген сөздөр айтылып калат. Чын эле ошондойбу?

Кутуев: Биринчиден, чиновник десе эле биз кайсы бир чоң кызматтагы адамдарды түшүнөбүз. Азыр жалгыз эле чиновниктер эмес, жөнөкөй колунда барлар деле балдарын мектепти бүтөөр менен окууга өткөрүшөт. Окуу убагында алар аскердик кызматтан убактылуу бошонушат. Ошол эле убакта аскердик кафедрадан окуп чин алышат же окууну бүткөндөн кийин аскерге барышат.

“Азаттык”: Ошол чиновниктердин балдары беш-алты жыл окуп, окуусун бүткөндөн кийин аскерге келген учурлары болобу?

Кутуев: Андайлар да бар.

“Азаттык”: Бирок окууну бүткөндөн кийин, 25тен өтүп калган жигит аскерге баруудан кооптонот болуш керек. Анткени ал жакта да жазылбаган мыйзамдар бар да?

Кутуев: "Дедовщина" десе эле аны дароо армияга байланыштырышат. Бул боюнча биздин взводдун командирлери, бардыгы катуу көзөмөл жүргүзүшөт. Бирок айтып коюш керек, "дедовщина" керек болсо үй-бүлөдөн, бала бакчадан, мектептен башталат. Балдарга тарбия берүүдө, билим берүүдө коом биргелешип аракет кылуусу керек.

“Азаттык”: Аскерге барып калгандар чыныгы жашоону көрүп келдим деп калышат. Ал кандай чыныгы жашоо?

Кутуев: Чыныгы жашоо дегени, мындайча айтканда, жаныңда ата-энең жок, командирлердин буйругу менен өз алдыңча жашоого туура келет. Баары тартип менен, убактысы менен дегендей. Каалаган учурда туруп, тамак ичип, анан жата берет деген жок. Жумушту да өз убактысы менен жасайсың. Бардык жерде кандайдыр бир ченем болгондуктан, келген жаш балдар түшүнөт да ошону.

“Азаттык”: Аскерге баргандан кийин, жаштарга андан ары жол таап кетүүгө шарттар түзүлгөнбү?

Кутуев: Албетте. Эгер жакшы кызмат кылса, контракттык негизде кызматка калса болот. Аскер кызматын өтөп келип, окуу жайларга өтүп, башка структурага кирсе болот. Сөзсүз ал жерде олтурган киши аскерде болгонун сурайт. Анан жанагы офистерде күзөт кызматында иштеп жаткан азаматтар сөзсүз тартип-тарбияны көрүшү керек да.

“Азаттык”: Мүнөзү жоош балдарга аскерге барганда кыйын эле болсо керек?

Кутуев: Ким болсо да ал жерде баарына бирдей мамиле жасалат да. Албетте, бала өзүнө тың болуш керек. Аскердик кызмат деген бул бала бакча эмес да. Кругозору болуш керек. Колу бир нерсени билиш керек. Баягы кыргызда “өз тамагын таап жей албаган” деп коёт го. Андай болбош керек. Жигиттер өзүнө тың болуш керек. Кийимдери кир турса, буттарын таза алып жүрө албаса, кийимин оң кийе албаса, тамагын оңдоп иче албаса, кантип болсун?

“Азаттык”: Ошол аскер бөлүгүндө улутка карап мамиле кылуу деген көрүнүштөр жокпу? Анткени июнь окуяларынан кийин күзгү чакыруу маалында өзбек тектүү кыргызстандык жарандарга кысым көрсөтүлдү, куугунтуктар болду деген сөздөр тарап кетти да?

Кутуев: Июнь окуясынан кийинки чакырууда деле аскерге өзбек тектүү жаштар кетти. Себеби баары кыргызстандыктар. Бир жерде жашашат. Тилибизде деле көп айырма жок. Мына жазгы чакырууда да бардык улуттагы уландар жөнөшөт. Азыр аскерге барам деп камынып жаткан жигиттерге кааларым: сөзсүз патриот болууга тийишпиз, билимин жогорулатсын, адеп-ахлактык мамилелерин жогорулатсын. Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн бекем турушсун.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG