Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Бишкекте аскер кызматкерлердин укуктары боюнча жыйында кыргыз армиясынын шартынын начардыгы, зордук-зомбулук, мындан улам өз өмүрүнө өзү кол салуу өңдүү көрүнүштөр азайбай жатканы айтылды.

18-февралдагы тегерек үстөлдө Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жана “Кылым шамы” бейөкмөт уюму биргеликте өткөргөн мониторингдин жыйынтыгы жарыяланды. Ошондой эле аскер жетекчилерине жагдайды оңдоо боюнча бир катар сунуштар берилди.

Ушул жылдын башында Ошто чек арада кызмат өтөп жаткан Кубаныч Ногойбаев аттуу жоокер асынып өлдү деген маалымат тараган. Кубаныч аскерге былтыр күзүндө эле кеткен. Эки жарым айдай гана кызмат өтөгөн жоокердин өз өмүрүнө өзү кол салышына туугандары ишенбей турат.

Чүйдүн Аламүдүн районунун тургуну, маркум жоокердин чоң атасы Садырбек Ногойбаев небереси ур-токмоктон өлдү деп айтууда:

- Неберем өзүн-өзү өлтүрбөйт эле. Өзү “аскер кызматчысы болом, кыйынчылыктарга чыдайм" деп, Ошко суранып кеткен. Неберемдин сөөгүн алып келишкенде кайрадан экспертизага жөнөттүк. Денеси көгала экен. Башы томуйган, колдору сыйрылган, урулган.

Ногойбаевдер учурда көз карандысыз медициналык экспертизанын тыянагын күтүп жатышат.

Койташ аскер бөлүгүнүн жоокерлери

Койташ аскер бөлүгүнүн жоокерлери

Былтыр армияда жоокерлердин өлүмү боюнча 12 факт катталган. Анын жетөө өзүн-өзү өлтүргөн деп айтылган. “Кылым шамы” укуктук борборунун өкүлү Гүлшайыр Абдрасулова катталган фактылардын дээрлик 70 пайызына кылмыш ишин козгоодон баш тартыларын, мамлекет жоопкерчиликти албай жатканын белгиледи:

- Жок дегенде ошол өзүн-өзү асып алганга эмне түрттү, себеби кандай болду деп, иликтөө үчүн кылмыш иши козголбой жатат. Болгону 30 пайызына гана кылмыш иши ачылат. Анын 20 пайызы гана сотко жетсе, 10 пайызына гана сот өкүмү чыгып жатат. Калган 70 пайызы эмне үчүн каралбайт? Өлгөн жоокерлердин ата-энелери деле ушул суроону көтөрүшүүдө. "Уулубузду мекенди коргосун деп аскерге жөнөтсөк, эмнеге мага сөөгүн кайтарып берет, бул боюнча эч ким жоопко тартылбайт, же компенсация төлөнбөйт, же жок дегенде мамлекет кызмат өтөп жүргөндө өлдү деп белгилебейт" деп арызданышууда. Мисалы, бизге кайрылган бир ата-эне уулубуз өзүн-өзү өлтүрдү дегенден кийин эки күндөн кийин барсак, керебетин, кийимдерин жыйнап коюшуптур. Менин балам бул дүйнөдө жашабагандай эле болуп калды деп айтып беришти.

Аскер прокурорунун орун басары Максатбек Молдалиев укук коргоочулардын мындай дооматтарын четке какты:

- Армияда бир-эки аскер кызматкери асынып өлсө эле ызы-чуу болуп, трагедия деп интернеттин баарына чыгат. Албетте тынч заманда жоокерлердин ушундай иштерге барып жатышы биздин бетибизге чиркөө. Бирок ошол фактылардын баары эле "дедовщинанын" негизинде болгон жери жок. Ар кандай себептер болуп жатат. Армияга келгенде ата-энеси ажырашып кеткен, же ата-энесинен ажырап калган жагдайды эстеген балдар бар. Өз өмүрүнө кол салган аскер кызматкеринин текшерүү учурунда аныкталган катынан үзүндү окуп берип коеюн: “Апа, кечирип коюңуз, атам өлгөндөн кийин кандай деген оор турмуштарды баштан кечирдик. Сиздердин ишеничиңиздерди мен актай алган жокмун. Мен силерге бир күнү кар болуп келем, бир күнү жамгыр болуп келем, бирок мени көрбөйсүңөр, сезесиңер”. Бул армияга барган 18 жаштагы баланын каты.

Акыйкатчы институту, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жана “Кылым шамы” бейөкмөт уюму мониторингдин алкагында Кыргызстандын бардык аймагынан 70 аскер бөлүктүн абалын иликтеген. Сурамжылоого миңден ашуун жоокер катышкан. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев иликтөөнүн жыйынтыгы өкмөт аскерлерин начар бакканын көрсөттү деди:

Бакыт Аманбаев

Бакыт Аманбаев

- Азыркы өкмөт армияга көңүл бурган жок. Аны унутуп да калды. Чындыгында мамлекеттин коопсуздугу, ал коопсуздукту сактап жаткан аскерлер эң маанилүү да. Айрыкча чек арачыларга жеткиликтүү деңгээлде шарт түзүлүшү керек. Муну бир-эки иш-чара менен эле чечип коюу мүмкүн эмес. Мамлекеттик деңгээлде комплекстүү чаралар көрүлүшү керек. Мамлекеттик жоокерлерге болгон мамилеси оңдолушу керек. Каржылоону жакшыртуу керек. Каржылоо системасы мурдагыдай, союздун тушундагыдай боюнча калып калган.

Армияны каржылоо маселесине “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова да токтолду. Анын билдиришинче, жоокерлердин бир күндүк тамагына, мисалы түрмөдө жаткандарга караганда алда канча аз акча бөлүнүп жатат:

Азиза Абдрасулова

Азиза Абдрасулова

- Азыр 60 сом бөлүнөт. Чынында 60 сом менен эмчектеги баланы да багуу кыйын. Жоокерлердин түйшүгү чоң. Таңкы алтыдан кечке чейин кыймылда болот. Такай кыймылда жүргөн балдар курсактары тойбой, ач калышат. Өз өлкөбүздүн коопсуздугунан акча аябашыбыз керек.

"Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова аскер бөлүктөрүн такай кыдырып жүрөт. Ал жоокерлердин жашоо-шартынын начардыгы тууралуу кеп салды:

- Мисалы, төшөктөр сегиз жылга жетет деп берилет. Ал төшөк эки жылда эле айрылып калат. Төшөктөрдүн сапаты аябай начар. Биздин жоокерлерибиз кемпирлердей болуп ал төшөктү сөгүп, ичиндеги жүнүн тытып, сабап, кайра көктөшөт. Бул деген жоокерлердин иши эмес да. Мына ушундайга барабыз.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Жаныбек Капаров армия оңолот деп ишендирүүдө:

- Алдыбызга койгон тапшырмаларды аткарып, күжүрмөн даярдык жүрүп жатат. Биз азыр башка өлкөлөр менен салыштырып жатышпайбы. Бизди намыстандырган ушул нерсе. Мындай окуялар башка өлкөлөрдө деле болуп жатат. Бирок биз ачыкпыз. Эч нерсени жаап-жашырган жокпуз. Башка өлкөлөрдө бизден да жаман окуялар болуп жатат. Бирок алар жаап-жашырып коюуда. Ушундан улам коомчулук бизде тартип жок, аларда болсо бар деп ойлоп жатат. Бул такыр туура эмес ой.

Аскер кызматкерлердин укуктары боюнча жыйынга саясий жоопкерчилик жүктөлгөн, чечим кабыл алган аскер жетекчилер эмес, алардын орун басарлары эле катышты. Муну укук коргоочулар расмий бийликтердин кыргыз армиясы жана андагы маселелерге жасаган көңүлкош мамилеси деп сыпатташты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG