Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Мамлекеттик коргоо комитети аскерге барбай жүргөн аскер курагындагы жарандардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү демилгесин көтөрдү.

Даярдалып жаткан жободо көсөтүлгөнгө караганда, аскерге барбай жүргөндөрдүн тизмеси Чек ара кызматына берилип, ал аркылуу аскер кызматынан чет өлкөлөргө жашырынып кеткендер тосмолонот.

Коомчулукта бул долбоор конституциялык укук жана милдеттерге байланышуу түрдүү пикирлерге жем таштады.

Мамлекеттик коргоо комитетинин аскер иштери боюнча адиси, полковник Намысбек Аманалиевдин айтымында, аскерге жарактуу уландарды чек арадан чыгарбоо боюнча долбоор өлкөнүн "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамынын негизинде иштелип чыккан:

- Бул долбоор "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Аталган мыйзам 2000-жылы 17-июлда чыккан. Бул боюнча 2016-жылдын 4-июлунда Коргоо кеңеши атайын чечим кабыл алган. Мында аскерге жарактуу жарандарын өлкө аймагынан тышкары чыгуу укугун убактылуу чектөө керек экенин айтып жатабыз. Мен дагы бир жолу кайталап коеюн, убактылуу чектөө. Тышкы миграция иштери Баш мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат деп белгиленген.

Полковник Аманалиев долбоор ишке кирсе жыл сайын жазгы жана күзгү чакыруудан кийин аскердик милдетин узартпай дайынсыз кеткен жарандардын тизмеси Чек ара кызматына берилип, аталган кызмат жобонун аткарылышын көзөмөлдөй турганын билдирди.

Аскер тармагындагы адистер Коргоо комитети бул чечимди аргасыздан кабыл алып жатканын айтышууда. Генерал-лейтенант Токон Мамытов өлкөдө жыл сайын 70 миң улан аскерге тартылуу курагына келерин, бирок кыргыз армиясына жылына үч миң гана бала кабыл алынарын, кээде ушул санды толтуруу да кыйынга турарын белгиледи:

- Аскер комиссариаты көчөдө жүргөн же ооруп калган балдарды аскерге чакырып планды толтурганга туура келип калат. Ал эми ден соолугу мыкты, психологиялык жактан жетилген, спорттук даярдыгы бар балдарды чакыралы деп барышса, алар чет өлкөлөргө кетип калган болот. Андыктан аскер кызматчылары ушуга баратат. Муну коомчулук туура түшүнүшү керек.

Токон Мамытов ошол эле учурда аскер кызматын өтөөгө милдеттендирүү демилгеси башка көйгөйдү жаратышы мүмкүндүгүн айтат. Анткени кыргыз армиясы жыл сайын мектепти бүткөн 70 миң баланын он пайызын да кабыл алганга мүмкүнчүлүгү жетпейт.

Коргоо комитетинин демилгесин колдогондордун дагы бири - Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов. Саясатчы аскерге жарактуу уландар Баш мыйзамдагы укугу менен бирге милдетин да билиши керектигин айтты:

- Орусияда көптөгөн жарандар бар. Алар армиядан качып жүрүшөт. Кылмыштуулук кылып, кыздарды мазактап, тентектик кылып жүргөн канчалаган балдар бар. Ошолордун көбү аскер кызматынан качып баргандар. Эгер иштебесе, ал жакка эмне себептен барышат? Ал жактан кайра өзүбүздүн кыздарды тоноп атышпайбы. Андыктан ар бир жаран өзүнүн мамлекеттин алдындагы милдетин өтөшү керек деп ойлойм.

Жоокерлердин ата-энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова аскердик милдеттүү кызмат өтөгүсү келбей, чет өлкөгө чыгып кеткен жаштар кайтып келгенде деле аскердик кызматка байланышкан көйгөйдөн кутула албай турганын кеп кылды:

- Анткени көптөгөн кыргыз жарандары учурда мигрант болуп сыртта жүрүшөт. Эртең өлкөгө келгенде аларга кайра эле көйгөй жаралып калат экен. Аскер комиссариатына барганда же катталган эмес, же аскердик милдетин аткарган эмес болуп чыгат. Аскердик милдетин аткарбагандар укук коргоо кызматтарына жана мамлекеттик иштерге иштей албайт деген өзгөртүү киргизилген. Ошону менен кайра эле ар кандай көйгөйлөр келип чыгат.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдирасулова аскер кызматын өтөөгө башка жолдор аркылуу милдеттендирсе болмок деген пикири менен бөлүштү:

- Чет мамлекетке чыгууга тыюу салуу мыйзам менен жөндөлүшү керек. Бул чындыгында адам укугун чектөөгө кирет. Экинчи жагынан, жигиттер аскерге барганга 18 жаштан 25 жашка чейин милдеттүү. Анан аны сөзсүз түрдө 19 жашында чет мамлекетке чыгып кетсе, бул аны армиядан качып кетти деген сөз эмес. Ал 21-22 жашында келип деле армияга бара берет.

Ден соолугу мыкты, психологиялык жактан жетилген, спорттук даярдыгы бар балдарды чакыралы деп барышса, алар чет өлкөлөргө кетип калган болот.

Аскер курагындагы уландар арасында чынында эле аскердик кызмат өтөөгө кайдыгер карагандар арбын. Мунун себебин атын атагасы келбеген аскер курагындагы улан мындайча түшүндүрдү:

- Учурда мен 27 жаштамын, бирок аскердик кызмат өтөгөн эмесмин. Анткени армияга барган тааныштарымдын көбү менен сүйлөшүп көрсөм, алардын айтуусу боюнча ал жерде уставдан сырткаркы көрүнүштөр көп болот экен. Басмырлоо, акча суроо, ур-токмокко алуу көп болот дешет. Анан өзүмдүн ден соолугума карап аскерге барбай эле коеюн дедим.

Кыргызстанда милдеттүү кызмат өтөөгө бир жыл чектелген. Ошондой эле альтернативдүү кызмат өтөө аркылуу да өзүнүн аскердик милдетин аткарса болот. Ал үчүн 25 миң сом төлөп, аскер билетин алгандар келечекте укук коргоо органдарында иштей албайт. Ал эми экинчи категория боюнча кызмат өтөгөндөр 50 миң сом төлөп, бир ай машыгуудан өтөт. Булар келечекте күч түзүмдөрүндө иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

"Арай көз чарай": Студент аскер билетсиз калды. 9.08.2016-жыл

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG