Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

Жоокердин өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты


Март айында “Катраң” чек ара бекетинде каза тапкан жоокер Назарбек Абдразак уулу боюнча сот өкүмү чыгып, 4 жоокер 10 жылдан эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары алардын командири да 5 жылга соттолгон. Сот жообуна тартылган төрт жоокердин ата-энелери балдарынын күнөөсү жоктугун айтып, сот адилеттигин талап кылышуда.

Президент Роза Отунбаева да кыргыз армиясындагы уруп-сабоо фактылары болуп жаткандыгын белгилеп келатат.

"Сот өкүмүнө макул эмеспиз"

Лейлек районундагы “Катраң” чек ара бекетинде кызмат өтөп жаткан жоокер Назарбек Абдразак уулу ушул жылдан 3-мартында катуу токмоктолуп, тогуз күндөн кийин Ош облустук ооруканасында көз жумган.

Бул иш боюнча 4-ноябрда Ош гарнизондук аскер соту өкүмүн чыгарып, кылмышка шектүү делген 4 жоокерди 10 жылдан эркинен ажыратты. Ал эми алардын командирин 5 жылга соттогон.

10 жылдан эркинен ажыратылган жоокерлер Дурусбек уулу Жанарбек, Кадырбай уулу Миртемир, Нурбек Тажибаев жана Жаңыбай Жумановдун жакындары бул чечим менен макул эместиктерин билдирүүдө.

Жаңыбай Жумановдун тууганы Кылычбек Абдиев:

- Чыныгы күнөөкөрлөр соттолбой, биздин балдар соттолуп кеткенине нааразы болуп жатабыз. Сот жараянында окуяга түздөн түз тиешеси бар заставанын офицерлери, тагырак айтканда, каза болгон баланы ур-токмокко алган Улан Сыдыгалиев беш гана жылга соттолгон. Ал эми биздин төрт бала 10 жылдан эркинен ажыраган.

Алардын айтымында, аталган чек ара бекетиндеги командирлер катардагы жоокерлерди коркутуу менен күнөөнү моюндарына илип коюшкан. Бул сот өкүмү боюнча Аскер сотуна арызданышканын билдиришти.

Жоокердин атасы нааразы

Ал эми каза тапкан жоокер Назарбек Абдразак уулунун атасы Абдразак Ташполотов да Ош гарнизондук сотунун чечимине макул болбой, Аскер сотуна арызданганын айтууда. Ал бөлүмдүн командири Улан Сыдыгалиев бул иште негизги күнөөкөр болуп, жеңил жаза алып калды деген ойдо. Абдразак Ташполотов башка да күнөөлүү адамдар сотто териштирилбей калганына токтолду.

- Менин балам менен чогуу келтек жеген төрт жоокерди да коркутушуптур. "Эгер бөлүктүн командири да аралашкан деп айтсаңар, силерди үйүңөргө жөнөтпөй койобуз" деп, токмоктоп, коркутушкан экен. Сот күнү балдар ушуну айтса да калыс чечим чыгарып беришкен жок.
Жоомарт Сапарбаев
Жоомарт Сапарбаев
Бул иш боюнча беш жылга эркинен ажыратылган Улан Сыдыгалиевдин адвокаты менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты, Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары Жоомарт Сапарбаев депутаттык комиссия бул иште командирдин да, жоокерлердин да күнөөсү бар деген тыянакка келгенин айтууда:

- Биз биринчи кезекте командирди күнөөлүү деп тапканбыз. Анткени ал эки-үч ирет мыйзамды бузуп, ошонун шалаакылыгынан болгон окуя деп эсептегенбиз. Экинчиден, жоокерге кол көтөргөн, уставдык эмес карым-катнашка барган жоокерлерди да күнөөлүү деп тапканбыз.

Март айында жоокер Назарбек Абдразак уулун уруп-сабаганы белгилүү болор замат “Азаттык” ага көңүл буруп, бул кайгылуу окуяны республикага алып чыккан болчу. Ошондон кийин ал парламентте да кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн жана кылмыш иши козголгон.

Ооруп жаткан армия

Кыргызстанда аскерде кызмат өтөп жүрүп келтек жеген жана түрдүү себептерден каза тапкан фактылар жыл сайын катталат.

Үстүбүздөгү жылы 29-июлда Ысык-Көлдөгү “Каркыра” чек ара бекетинде катардагы жоокер Эрлан Маматов да белгисиз себептен көз жууп, аны "өзү муунуп өлгөн" деген тыянак чыгарылган болчу. Бирок жоокердин жакындары буга ишенбей тургандыктарын билдиришкен.

Июнь айынын башында Ошто “дедовщинага” чыдабай Эсен Ибрагимов аттуу жоокер өзүн өзү атып, шаардык ооруканага түшкөнү кабарланган эле.

Президент Роза Отунбаева 18-ноябрда Бишкектин түштүгүндөгү Кой-Таш аскер бөлүгүндө болуп, кыргыз армиясындагы уруп-сабоо фактылары боюнча буларды билдирди:

- Бүгүнкү күндө армия ооруп жаткан оорулар - биздин коомдун ооруп жаткан илдеттери. Мисалы, мектептерде рэкет көйгөйү болсо, армияда "дедовщина" болгону биздин коомдун ушундай абалда экенинен кабар берет. Менин пикиримде мындай абалдан биз бири-бирибизге кол сунуп, биргелешип чыгууга аракет кылышыбыз зарыл. Муну менен катар бул оорулардын бар экенин жашырып-жаап, жабылуу аякка айландырбашыбыз зарыл.

Талдоочулардын пикиринде, жаштардын аскерге баруудан качып жатканынын негизги себептеринин бири да анда уруп-сабоолордун орун алып, тартиптин жоктугу болуп жатат.

"Азаттыктын" архивинен: Аскерден ажал тапкан Назарбек

Лейлек районунун “Катраң” чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн 19 жаштагы Абдразак уулу Назарбекти 3-март күнү 5 чек арачы токмоктоп салган.

Аскердеги ур-токмоктон ажал тапкан Назарбек
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:29 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG